Немл Сүрөсү, 18
Технологияда кумурска ордосу
Бул аятта «кумурска өрөөнү» деп аталган атайын бир жерге жана өзгөчө кумурскаларга көңүл бурулууда. Аз.
حَتَّىٰٓ إِذَآ أَتَوْا۟ عَلَىٰ وَادِ ٱلنَّمْلِ قَالَتْ نَمْلَةٌۭ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّمْلُ ٱدْخُلُوا۟ مَسَٰكِنَكُمْ لَا يَحْطِمَنَّكُمْ سُلَيْمَٰنُ وَجُنُودُهُۥ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ ١٨
Анан кумурска өрөөнүнө келишкенде, бир ургаачы кумурска: «Эй кумурска коому, уяларыңарга киргиле, Сулайман менен ордолору (аскерлери) байкабастан силерди эзип кетпесин» деди.
Бул аятта «кумурска өрөөнү» деп аталган атайын бир жерге жана өзгөчө кумурскаларга көңүл бурулууда. Аз. Сулаймандын кумурскалардын өз ара маегин угушунда болсо компьютер технологиясында ишке аша турган өнүгүүлөргө карата кээ бир маанилүү ишараттар болушу мүмкүн. Учурда «силикон өрөөнү» термини технология дүйнөсүнүн борборун түшүндүрөт. Аз. Сулайман кыссасында да бир «кумурска өрөөнүнөн» сөз кылынышы абдан терең маанилүү. Аллах бул аят менен келечекте ишке аша турган алдыңкы бир технологияга көңүл буруп жаткан болушу ыктымал.

Ошондой эле, учурда кумурскалар жана кээ бир курт-кумурска түрлөрү жогорку технология тармагында кеңири колдонулууда. Бул жандыктар өрнөк алынуу менен иштеп чыгылган робот долбоорлору коргонуу индустриясынан технология тармагына чейин көп тармакта кызмат кылышы максатталууда. Аятта буларга да ишарат кылынып жатышы мүмкүн.
Мини технологиядагы акыркы жаңылык: робот кумурска ордосу
Кумурскалар өрнөк алынып иштеп чыгылган долбоорлордун эң атактуусу – бул көп өлкөлөрдө бири-биринен көз-карандысыз жүргүзүлүп жаткан «робот кумурска ордосу долбоорлору». Мисалы, Виржиния политехникалык институту (Virginia Polytechnic Institute) жана Виржиния мамлекеттик университети (Virginia State University) тарабынан жүргүзүлгөн бир изилдөө кичинекей, арзан жана жөнөкөй роботторду иштеп чыгууну көздөөдө. Максат – баары бири-бирине окшош көрүнүштөгү бул роботтордон бир робот ордосун түзүү. Долбоордун жооптуулары бул роботтордун колдонууга ыңгайлуу болушунун себебин төмөнкүчө түшүндүрүшүүдө: «Группа болуп кыймыл-аракет кылышы, координация ичинде, бир команда сыяктуу физикалык жумуштарды аткарышы жана ортоктошуп чечим кабыл алышы». Мындай робот ордолорунун бардык механикалык жана электрдик долбоорлору бир кумурска коомунун кыймыл-аракеттери эске алынуу менен долбоорлонгон. Кумурскаларга окшоштугу себептүү булар «кумурска ордосу» роботтору деп аталышат.
«Кумурска ордосу» робот системасы башында бир «материал ташуу системасы» катары долбоорлонгон. Бул сценарий боюнча, бир канча робот ортоктошуп буюмдарды көтөрүп ташууга милдеттендирилмек. Кийинчерээк башка кызматтарды да аткарышсын деген чечим алынды.
Бир макалада бул роботтордун кандай максатта колдонулаары мындайча сүрөттөлгөн:
Ядролук жана кооптуу заттарды тазалоо, металлургия (материал чыгаруу жана куткаруу), мина тазалоо, кабар чогултуу жана күзөт, планеталардын изилдениши жана казуу иштери.
Кумурска робот технологиясы тармагынын адиси Израель А. Вагнер (Israel A. Wagner)

тарабынан Израил парламентине сунулган бир отчетто болсо кумурска робот долбоорлору мындайча сүрөттөлүүдө:
Кумурска-роботтор – бул орток бир максатты ишке ашыруу үчүн долбоорлонгон нерселер. Булар абдан аз энергия колдонушат жана иштеген аймактарында көп издерди калтырышып байланыш курушат. Жумуштардын бул роботтор арасында бөлүнүшү же борбордук башкарууну камсыз кылган жана башка агенттерге буйрук жөнөткөн бир индивид тарабынан ишке ашырылат же болбосо индивиддерге мурдатан баш ийүү шарты менен берилген бир кызматтын жасалышы түрүндө да болушу мүмкүн.
Үчүнчү бир жол болсо жумуш убагында мындай кызматташуунун табигый түрдө, алдын ала чечим алынбастан ортого чыгышы. Буларды колдонуу максаты изилдөө, карта чыгаруу, бир үйдүн түбүн тазалоо, белгисиз бир планетаны изилдөө же бир мина талаасын тазалоо болушу мүмкүн.
Бул мисалдардан да байкалгандай, учурда кумурскалардын коомдук жашоосу көптөгөн долбоордун негизин түзүүдө жана кумурскалар өрнөк алынып жасалган робот технологиялары адамдарга пайда келтирүүдө. Мына ушул себептен Аз. Сулайман кыссасында кумурскаларга жана алар жашаган өрөөнгө көңүл бурулушу абдан маанилүү. Аяттардагы «кумурска» сөзү менен роботтордон турган бир ордого ишарат кылынып жатышы мүмкүн. Аяттарда, мындан тышкары, келечекте робот технологиясында ишке аша турган өнүгүүлөргө, роботтордун адамдардын жашоосунда маанилүү бир кызмат аткараарына, көптөгөн оор жумуштарды адамдардын ордуна жасап алардын жашоосун мындан да комфорттуу кылаарына ишарат кылышы ыктымал. Албетте, эң туурасын Аллах билет.
Булактар
- John S. Bay, "Design of the ’Army Ant’ Cooperative Lifting Robot;" http://armyant.ee.vt.edu/paper/robo_mag.ht ml
- Israel A. Wagner, "My Travels With my A(u)nts: Distributed Ant Robotics;" www.cs.technion.ac.il/~wagner/pub/thesis_a bs_eng.html


