Бакара Сүрөсү, 22

Асмандын там кылынышы

Бул аятта асман сүрөттөлүп жатканда Арапча «ессемае бинаен» сөзү колдонулууда. Бул сөз купол, чатыр маанилери менен бирге Арап көчмөндөрү тарабынан колдонулган чатырга окшош бир жапкычты да сүрөттөйт.

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلْأَرْضَ فِرَٰشًۭا وَٱلسَّمَآءَ بِنَآءًۭ وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَخْرَجَ بِهِۦ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ رِزْقًۭا لَّكُمْ ۖ فَلَا تَجْعَلُوا۟ لِلَّهِ أَندَادًۭا وَأَنتُمْ تَعْلَمُونَ ۝٢٢

Ал силер үчүн жер бетин бир төшөк, асманды бир там кылды. Жана асмандан жамгыр жаадырып, аны менен силер үчүн (ар түрдүү) түшүмдөрдөн ырыскы чыгарды. Демек (булардын баарын) билип туруп Аллахка шериктер кошпогула.
Бакара Сүрөсү, 22

Бул аятта асман сүрөттөлүп жатканда Арапча «ессемае бинаен» сөзү колдонулууда. Бул сөз купол, чатыр маанилери менен бирге Арап көчмөндөрү тарабынан колдонулган чатырга окшош бир жапкычты да сүрөттөйт.1 Жана бул чатырга окшош түзүлүш менен басым жасалган жагдай – бул сырткы факторлордон бир коргоонун коюлгандыгы.

Асмандын там кылынышы

Биз көбүнчө байкабасак да, башка планеталардагы сыяктуу жерге да көп санда метеорит түшүп турат. Башка планеталарга түшкөндө, ири кратерлер (оюктар) ачкан бул метеориттердин жерге зыян бербешинин себеби – бул жерди курчаган атмосферанын түшүп келе жаткан метеориттерге карата абдан каршы турушу. Метеорит бул туруштукка көп чыдай албайт жана сүрүлүүдөн улам күйүп массасынын көп бөлүгүн жоготот. Ошентип ири кырсыктарга жол ачышы мүмкүн болгон коркунуч атмосфера урматында тосулган болот. Аллах жогоруда айтылган атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү жөнүндөгү аяттардан тышкары, төмөнкү аятта да бул өзгөчө жаратылууга көңүл бурууда:

أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِى ٱلْأَرْضِ وَٱلْفُلْكَ تَجْرِى فِى ٱلْبَحْرِ بِأَمْرِهِۦ وَيُمْسِكُ ٱلسَّمَآءَ أَن تَقَعَ عَلَى ٱلْأَرْضِ إِلَّا بِإِذْنِهِۦٓ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِٱلنَّاسِ لَرَءُوفٌۭ رَّحِيمٌۭ ۝٦٥

Аллахтын жердегилерди жана деңизде Анын буйругу менен сүзүп жүрүүчү кемелерди силердин пайдаланууңарга бергенин көргөн жоксуңбу. Жана (Өз) уруксаты болмоюнча, асманды жердин үстүнө түшүүдөн сактайт. Шексиз, Аллах адамдарга карата боорукер, абдан мээримдүү.
Хаж Сүрөсү, 65

Мурдакы бөлүмдө да айтылган атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү жерди космостон, т.а. сырткы факторлордон коргоодо. Жогорудагы аяттарда асман үчүн колдонулган там сөзү менен да толугу менен асмандын Пайгамбарыбыз (сав) доорунда билиниши мүмкүн болбогон ушул тарабына көңүл бурулууда. Бул маалыматтардын алдыңкы технология менен жабдылган космос унаалары, ири телескоптор жок кезде, 1400 жыл мурда Курани Керимде билдирилген болушу Курандын чексиз илим ээси Раббибиздин вахийи экенин көрсөтөт.

Эскертүүлөр

  1. http://webhome.idirect.com/~alila/Writings/Physics.htm ↩

Аяттарга шилтемелер