Энбия Сүрөсү, 32
Корголгон чатыр
Аятта айтылган асмандын мындай өзгөчөлүгү 20-кылымдагы илимий изилдөөлөр менен далилденди.
Куранда Аллах асмандын абдан маанилүү бир өзгөчөлүгүнө мындайча көңүл бурат:

وَجَعَلْنَا ٱلسَّمَآءَ سَقْفًۭا مَّحْفُوظًۭا ۖ وَهُمْ عَنْ ءَايَٰتِهَا مُعْرِضُونَ ٣٢
Асманды корголгон бир чатыр кылдык; алар болсо мунун аяттарынан жүз бурушууда.
Аятта айтылган асмандын мындай өзгөчөлүгү 20-кылымдагы илимий изилдөөлөр менен далилденди.
Жерди толук курчаган атмосфера жандуулардын өмүр сүрүшү үчүн абдан маанилүү функцияларды аткарат. Жерге жакындаган чоң-кичине көптөгөн метеоритти майдалап жок кылат жана алардын жерге түшүп жандууларга чоң зыян беришине тоскоол болот.
Атмосфера, мындан тышкары, космостон келген жана жандуулар үчүн зыяндуу болгон нурларды фильтрден өткөрөт. Атмосферанын мындай өзгөчөлүгүнүн абдан өзгөчө тарабы – бул атмосферанын бир гана зыянсыз деңгээлдеги нурларды, т.а. көзгө көрүнгөн нур, инфра-кызыл нурлар жана радио толкундарды өткөрүшү. Булардын баары жашоо үчүн керектүү нурлар. Мисалы, атмосфера тарабынан белгилүү санда өтүшүнө уруксат берилген ультра-кырмызы нурлар өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашы жана натыйжада бардык жандыктардын жашоосун улантышы үчүн зор мааниге ээ. Күн тарабынан чыгарылган күчтүү ультра-кырмызы нурлардын көпчүлүгү атмосферанын озон катмарында сүзгүчтөн өтөт жана жер бетине жашоо үчүн керектүү болгон аз бөлүгү гана жетет.
Атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү булар менен эле чектелбейт. Жер космостун орточо -270 даражалык тоңдуруучу суугунан да атмосфера урматында сактанат.
Жерди зыяндуу таасирлерден коргогон бир гана атмосфера эмес. Атмосферадан тышкары «Ван Аллен тилкемдери» деп аталган жана жердин магниттик талаасынан келип чыккан бир катмар да планетабызга келген зыяндуу нурларга карата бир калкан кызматын аткарат. Күндөн жана башка жылдыздардан тынымсыз таркаган бул нурлар адамдар үчүн өлтүрүүчү таасирге ээ. Өзгөчө күндө бат бат болуп турган жана «жаркыроо» деп аталган энергия жарылуулары Ван Аллен тилкемдери болбосо, жердеги бүт жашоону жок кыла ала турган күчкө ээ.
Ван Аллен тилкемдеринин жашообуз үчүн маанисин Др. Хью Росс (Dr. Hugh Ross) мындайча баяндайт:

Жер күн системасындагы планеталар арасынан эң жогорку тыгыздыкка ээ. Бул көп сандагы никель-темир борбору чоң бир магникттик талаага жооп берет. Бул магниттик талаа Ван Аллен радиациядан коргоочу катмарын пайда кылат. Бул катмар жер бетин радиация бомбалоосунан коргойт. Эгер бул коргоочу катмар болбогондо, жерде жашоо болмок эмес. Магниттик талаасы бар жана аскалуу аймактардан турган дагы бир планета – бул Меркурий. Бирок бул магниттик талаанын күчү жердикинен 100 эсе аз. Ван Аллен радиациядан коргоочу катмары жерге гана тиешелүү.
Өткөн жылдарда аныкталган бир жаркыроодо ачыкка чыккан энергиянын Хиросимага ташталганга окшогондон 100 миллиард атом бомбасына тең келээри эсептелген. Жаркыроодон 58 сааттан соң компастын көрсөткүчтөрүндө ашыкча кыймылдар байкалган. Жер атмосферасынын 250 км үстүндө температура абдан өзгөрүп, 2500 0C'ге жогорулаган.
Кыскача айтканда, жердин бетинде аны ороп-курчаган жана тышкы факторлордон коргогон кемчиликсиз бир система иштейт. Мына ушул жерди курчаган асмандын коргоочу калкан өзгөчөлүгүн Аллах бизге көптөгөн кылым мурда Куранда билдирген.


