Маиде Сүрөсү, 96

Баалуу бир азык: балык

Жүрөк ооруларына чалдыккан жана ушул себептен өлүмгө кабылган адамдардын орточо жашынын күн өткөн сайын төмөндөшү жүрөктүн чың болушуна маани берүүнү жогорулатты.

7 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

أُحِلَّ لَكُمْ صَيْدُ ٱلْبَحْرِ وَطَعَامُهُۥ مَتَٰعًۭا لَّكُمْ وَلِلسَّيَّارَةِ ۖ وَحُرِّمَ عَلَيْكُمْ صَيْدُ ٱلْبَرِّ مَا دُمْتُمْ حُرُمًۭا ۗ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ٱلَّذِىٓ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ ۝٩٦

Деңиз аңчылыгы жана аны жеш силерге жана (жер бетинде) жашагандарга бир пайда катары адал кылынды...
Маиде Сүрөсү, 96

Жүрөк ооруларына чалдыккан жана ушул себептен өлүмгө кабылган адамдардын орточо жашынын күн өткөн сайын төмөндөшү жүрөктүн чың болушуна маани берүүнү жогорулатты. Медицинада жүрөк ооруларын дарылоо боюнча көптөгөн жаңы өнүгүүлөр болсо да, адистердин негизги сунушу – бул ооруга чалдыгуудан мурун алдын алуучу чаралардын жакшылап көрүлүшү болууда. Адистер жүрөктүн чың иштешинде жана оорулардын алдын алууда маанилүү бир азыкты сунушташууда: балык.

Баалуу бир азык: балык

Балыктын маанилүү бир азык болушунун себеби – бул анын бир тараптан адамдын денеси үчүн керектүү заттарды камсыздашы, экинчи тараптан болсо денени ар кандай оору рисктеринен мүмкүн болушунча алыс кармай турган курамга ээ болушу. Мисалы, курамындагы омега-3 кислотасы менен ден-соолук үчүн бир калкандай кызмат аткарган балык дайыма керектелип турса, жүрөк оорулары рискинин азайаары жана иммундук системанын күчтөнөөрү аныкталган.

Илим тарабынан пайдалары жаңы гана далилденген балыктын баалуу бир азык экендиги мындан болжол менен 1400 жыл мурда түшүрүлгөн Куранда да билдирилүүдө. Улуу Аллах Куранда деңиз продукттарын «Деңизди да силердин буйругуңарга Ал берген, андан жаңы эт жейсиңер... (Нахл Сүрөсү, 14), Деңиз аңчылыгы жана аны жеш силерге жана (жер бетинде) жашагандарга бир пайда катары адал кылынды... (Маида Сүрөсү, 96) аяттары менен кабар берүүдө. Ошондой эле, Кехф Сүрөсүндө да балыкка атайын көңүл бурулган. Бул сүрөдө Аз. Муса жана жаш жардамчысынын узак бир сапарга чыкканы жана жанына азык катары балык алганы айтылган:

فَلَمَّا بَلَغَا مَجْمَعَ بَيْنِهِمَا نَسِيَا حُوتَهُمَا فَٱتَّخَذَ سَبِيلَهُۥ فِى ٱلْبَحْرِ سَرَبًۭا ۝٦١ فَلَمَّا جَاوَزَا قَالَ لِفَتَىٰهُ ءَاتِنَا غَدَآءَنَا لَقَدْ لَقِينَا مِن سَفَرِنَا هَٰذَا نَصَبًۭا ۝٦٢ قَالَ أَرَءَيْتَ إِذْ أَوَيْنَآ إِلَى ٱلصَّخْرَةِ فَإِنِّى نَسِيتُ ٱلْحُوتَ وَمَآ أَنسَىٰنِيهُ إِلَّا ٱلشَّيْطَٰنُ أَنْ أَذْكُرَهُۥ ۚ وَٱتَّخَذَ سَبِيلَهُۥ فِى ٱلْبَحْرِ عَجَبًۭا ۝٦٣

Ошентип экөө эки (деңиз) кошулган жерге жеткенде балыктарын унутуп коюшту; (балык) деңизде бир агымды көздөй өз жолуна түштү. (Жетиши керек болгон жерге келип) Өтүшкөндө (Муса) жаш жардамчысына: «Тамагыбызды бизге алып кел, ант болсун, бул сапарыбыздан чынында чарчадык.» деди. (Жаш жардамчысы:) «Көрдүңбү, аскага киргенибизде мен балыкты унуттум...
Кехф Сүрөсү, 61-63

Кехф Сүрөсүндө алыс бир сапар учурунда чарчаган соң азык катары атайын балыктын тандалган болушу абдан терең маанилүү. Ошондуктан бул окуядагы терең сырлардын бири катары балыктын пайдаларына, азыктык жагына ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)

Чынында эле балыктын азыктык өзгөчөлүктөрүн изилдегенибизде кызыктуу маалыматтарды көрөбүз. Раббибиздин бизге чоң бир нематы болгон балыктар өзгөчө протеин, D витамини жана чыгарма элементтер (денеде абдан аз санда кездешүүчү, бирок дене үчүн абдан маанилүү кээ бир элементтер) жагынан кемчиликсиз бир азык. Курамындагы фосфор, сульфиддик кошулма, ванадий сыяктуу минералдар урматында болсо чоңойууну жана кыртыштардын жакшырышын камсыздашат. Тиш мүлктөрү жана тиш түзүлүшүнүн чың болушуна жардам берет, теринин өңүн сулуу кылат, чачтардын чың болушун камсыздайт, бактериялык инфекциялар менен күрөшүүдө көмөкчү болот. Ошондой эле, кандагы холестеролду жөнгө салуучу таасирлери менен жүрөк кризисинин алдын алууда маанилүү ролго ээ. Крахмал жана майлардын майдаланып денеде колдонулушуна жардам беришет. Натыйжада күч-кубаттуураак болууну камсыздайт. Ошондой эле, мээнин жакшы иштешине таасир берет. Курамындагы D витамини жана башка минералдар жетиштүү деңгээлде денеге алынбаганда болсо, рахит (сөөк алсыздыгы), тиш мүлкү оорулары, зоб, гипертиреоз сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, учурда медицина балыктын курамындагы омега-3 май кислоталарынын ден-соолукка болгон абдан маанилүү ролун аныкташты. Ал тургай, бул майлар зарыл май кислоталары (EFA: essential fatty acid) деп кабыл алынган.

Балык майындагы омега-3түн пайдалары

Балык майында ден-соолугубуз үчүн өзгөчө абдан маанилүү болгон 2 башка «тойбогон» май кислотасы бар: EPA (eicosapentaenoic acid) жана DHA (docosahexaenoic acid). EPA жана DHA көптүк тойбогон майлар катары белгилүү жана маанилүү омега-3 май кислоталарына ээ. Адамдын денеси омега-3 жана омега-6 май кислоталарын өндүрө албайт, ошондуктан сырттан азыктар менен алышы керек.

Балык майынын –омега-3 май кислоталарын камтыгандыктан- адамдын ден-соолугуна пайдалары жөнүндө көптөгөн далилдер бар. Омега-3 май кислоталары өсүмдүк майларында бар болгонуна карабастан, адамдын ден-соолугун коргоодо абдан аз натыйжалуу. Ал эми деңиз планктондору омега-3 май кислотасын EPA жана DHA'га айлантууда абдан натыйжалуу. Балыктар бул планктондорду жегенде, EPA жана DHA'га бай болуп калышат. Ошондуктан балык дене үчүн абдан маанилүү болгон бул май кислоталарына эң бай азыктардын бири.

Балыктагы май кислоталарынын өмүргө пайдалары

Балыктагы май кислоталарынын негизги өзгөчөлүгү болсо – бул энергия өндүрүүгө салым кошушу. Бул май кислоталары денеде кычкылтекке кошулуп, электрондун которулушун ишке ашырат жана денедеги бир катар химиялык процесстер үчүн энергия беришет. Ошондуктан балык майына бай тамактануунун чарчоону жоготооруна, мээнин иштешин жана кыймыл жөндөмүн жакшыртаарына далилдер бар. Омега-3 адамдын энергия деңгээлин жана концентрация жөндөмүн да артырууда. Балыктын «мээ азыгы» деп аталышынын илимий негизи бар, себеби мээдеги майдын негизги компоненти – бул омега-3 май кислоталарындагы DHA.

Жүрөк жана кан-тамырдын чың болушунда балыктын мааниси

Балыктагы омега-3 май кислотасы кандагы холестеролду, триглисеридди жана кан басымын төмөндөтүп, жүрөктүн ден-соолугун коргоочу таасири менен белгилүү.1 Триглисерид бир май түрү жана курамындагы көп сандагы май жана аз протеин жагынан LDL'ге (жаман холестеролго) окшош. Триглисериддин жогору болушу өзгөчө холестерол жогору болгондо, жүрөк оорусу рискин артырат. Ошондой эле, балык майлары бир жүрөк кризисинен кийинки анормалдуу жүрөк ритмдеринин жашоого кооп туудурган рисктерин да азайтууда.

Америка медицина биримдиги тарабынан жасалган бир изилдөөдө жумасына 5 порция балык жеген аялдарда жүрөк кризисине чалдыгуу деңгээлинин 1/3ге азайганы аныкталган. Мунун себеби балык майындагы омега-3 май кислоталарынын кандын азыраак коюлушуна себеп болушунда деп кабыл алышууда. Кандын тамырлардагы кадимки ылдамдыгы саатына 60 км жана кандын жетиштүү деңгээлде суюк болушу, тыгыздыгынын, көлөмүнүн, ылдамдыгынын нормалдуу деңгээлде болушу абдан маанилүү. Каныбыз үчүн эң чоң коркунуч –каноо сыяктуу керектүү учурлардан тышкары учурларда- бул кандын коюлуп агуусунун начарлашы. Балык майлары кандагы тромбоциттердин (денеде каноо болгондо канды коюлаткан кан бөлүкчөлөрү) бири-бирине жабышышына тоскоол болуп, кандын коюлушун азайтууда мааниси чоң. Антпесе кандын коюлушу тамырлардын тарайышына себеп болот. Бул болсо эң башта жүрөк, мээ, көз жана бөйрөктөрдүн жана башка денедеги көптөгөн органдардын кан менен жетиштүү азыктана албашына, жай иштешине жана акырындап функцияларын жоготушуна себеп болот. Мисалы, артериялар коюлуу себебинен толугу менен тосулуп калганда, тамыр турган жерге жараша жүрөк кризиси, мунжулук же башка оорулар пайда болушу мүмкүн.

Омега-3 май кислоталары эритроциттердин ичиндеги кычкылтек ташуучу гемоглобин молекуласынын өндүрүшүндө жана клетка кабыкчасынан өтүүчү азыктарды текшерүүдө да маанилүү рол ойнойт жана денеге зыяндуу майлардын зыянына тоскоол болот. Изилдөөлөр балыктагы омега-3 май кислоталарынын жүрөк кризиси рискин азайтаарын аныктады.

Жаңы төрөлгөн наристелердин чоңойушундагы мааниси

Омега-3 май кислоталары адамдын мээси жана торчосунун маанилүү бир компоненти болгондуктан, өзгөчө жаңы төрөлгөн наристерлердин муктаждыгына байланыштуу, өткөн он жылда маанилүү изилдөөлөргө тема болду. Омега-3түн наристенин эне курсагындагы өрчүшү жана жаңы төрөлгөн наристенин чоңойушундагы маанилүүлүгүн тастыктаган көптөгөн далилдер бар. Омега-3 өзгөчө кош бойлуулук периоду боюнча жана наристелик кездин баштарында мээ жана нервдердин нормалдуу өрчүшү үчүн абдан маанилүү. Эне сүтү болсо табигый жана кемчиликсиз бир омега-3 кампасы болгондуктан, илимпоздор эне сүтүнүн маанисине өзгөчө басым жасашууда.

Тарамышка пайдасы:

Баалуу бир азык: балык

Ревматизмдик артрит оорусунда (ревматизмге байланыштуу тарамыш инфекциясы) эң маанилүү риск – бул тарамыштарда пайда болгон бузулуунун калыптандырууга болбой турган бир зыянга жол ачышы. Омега-3 май кислотасына бай тамактануунун артриттин пайда болушуна тоскоол болоору, шишиген жана назик тарамыштардагы ооруларды да жеңилдетээри далилденген.2 Мээ жана нерв системасынын нормалдуу иштешине болгон пайдалары Омега-3 май кислотасынын мээ жана нерв системасынын жакшы иштешине таасир берээри көптөгөн изилдөөдө аныкталган. Мындан тышкары, балык майынын депрессия жана шизофрения белгилерин жеңилдете алаары, алзеймер (аlzheimer) оорусунун (эс-тутум жоготушуна себеп болуучу, күнүмдүк кыймылдарга тоскоол болуучу бир мээ оорусу) алдын алаары көрсөтүлгөн. Мисалы, депрессияга кабылган жана 12 жума бою 1 грамм омега-3 май кислотасы керектеген адамдарда тынчсыздануу, капалануу жана уйку көйгөйлөрү сыяктуу белгилердин азайганы далилденген.3 Инфекциялык ооруларга пайдасы, иммундук системаны күчтөндүрүшү Омега-3 май кислоталары ошол эле учурда инфекциянын алдын алуучу кызмат аткарышат.4 Ошондуктан;

Ревматизмдик артрит (ревматизмге байланыштуу байламта инфекциясы), Остеоартрит (акырындап байламталардын функциясын бузуучу бир оору), Язвалык колит (ичеги инфекциясына байланыштуу жаралар) жана Lupus (териде жара пайда болушуна себеп болуучу тери оорусу) ооруларынын баарында колдонууга болот.

Мындан тышкары, миелинди (нерв клеткаларын курчаган кабыкчаны) коргоочу өзгөчөлүгү бар. Ушул себептен;

Глаукома (көздүн ичиндеги кан басымынын жогорулашы натыйжасында сокурдукка себеп болчу оору), Көп жактуу склероз (мээ жана жүлүндө кыртыштын катуулашы натыйжасында пайда болгон өлүмгө себеп болчу оору), Остеопороз (сөөк кыртышында структуралык алсыздоого себеп болуучу оору) жана Шекер ооруларын дарылоодо колдонулат.

Ошондой эле;

Мигрен ооруларында, Анорексияда (өлүмгө себеп болчу тамактануу бузуктугу), Күйүктү дарылоодо Тери менен байланыштуу ооруларды дарылоодо да жардамчы болоору айтылууда.

Көп санда омега-3 май кислотасына ээ болгон балык менен азыктанган Гренландия эскимолору жана япондор сыяктуу элдер жүрөк, кан-тамыр ооруларына, астма жана псориаз сыяктуу ооруларга азыраак чалдыгаарын көрсөткөн абдан көп маалыматтар бар. Балык, ушул себептен, дарылоочу бир азык катары да сунушталат. Омега-3 май кислоталары жүрөктүн чың болушу үчүн далилденген пайдалары менен учурда тамактануу адистери кеңеш кылган негизги заттардын бири.

Бул жерде жалпысынан айтылып өткөн балыктын пайдаларына күн сайын жаңылары кошулууда. Болгондо да балыктын пайдаларын аныктоо көптөгөн илимпоздун, алдыңкы технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен жабдылган изилдөө борборлорунун колдонулушу менен гана мүмкүн болду. Мынчалык баалуу бир азык булагына Куранда ишарат кылынышы жана Кехф Сүрөсүндө өзгөчө чарчоону басуучу бир азык катары билдирилиши да албетте абдан терең мааниге ээ. Балыктан алынган бардык пайдалар Раббибиз бизге берген чоң бир немат-жакшылык. Бүт азыктардагы сыяктуу балыктардагы кемчиликсиз түзүлүштү да биз үчүн жараткан – бул ааламдардын Рабби болгон Аллах.

Эскертүүлөр

  1. B. J. Holub, "Fish oils and cardiovascular disease", CMAJ, 1989, c. 141, no. 1063; W.E. Connor, "The importance of n-3 fatty acids in health and disease", Am J. Clin. Nutr., 2000, c. 71, (1 Suppl):171S-5S; P. Angerer, C. von Schacky, "n-3 Polyunsaturated fatty acids and the cardiovascular system", Curr. Opin. Lipidol, 2000, c. 11, no. 1, ss. 57-63. ↩
  2. http://www.umm.edu/altmed/ConsSupplements/Omega3FattyAcid… E4Mzpnb29keWVhcl9lbWVhX2ludGVybmV0Ok9S3oVvl46l1fxb71Iaai4= ↩
  3. Archives of General Psychiatry, Ekim 2002, c. 59, ss. 913-919 ↩
  4. http://www.omega-3info.com/arthritis.htm ↩
  5. Bilim ve Teknik Dergisi, Eylül 1998, s. 86.
  6. http://www.ventris.org.uk/health_supplements_biocare_s-e5…
  7. http://www.homeschoolmath.net/other_topics/fats-intellige…
  8. http://news.bbc.co.uk/1/hi/health/3837329.stm; BBC News, "'Fish' test for heart attack risk", 26 Haziran 2004
  9. http://news.bbc.co.uk/1/hi/health/3835657.stm; BBC News, "Mother's fish diet boost to baby", 24 Haziran 2004

Аяттарга шилтемелер