Тин Сүрөсү, 1
Сонун бир мөмө: инжир
Тин Сүрөсүнүн биринчи аятында Аллахтын инжирге «ант болсун» деп айтышы бул мөмөнүн пайдалары жагынан абдан терең мааниге ээ.
وَٱلتِّينِ وَٱلزَّيْتُونِ ١
Инжирге жана зайтунга ант болсун
Тин Сүрөсүнүн биринчи аятында Аллахтын инжирге «ант болсун» деп айтышы бул мөмөнүн пайдалары жагынан абдан терең мааниге ээ.

Инжирдин адамдын ден-соолугуна пайдалары:
Инжир ар кандай мөмө же жашылчага караганда эң көп жипчеге ээ. 1 даана эле кургак инжир 2 грамм жипче берет, бул болсо сунушталган күнүмдүк муктаждыктын 20%ын түзөт. Акыркы 10-15 жылда жасалган изилдөөлөр өсүмдүк азыктарындагы жипчелердин тамак сиңирүү системасынын жакшы иштеши үчүн абдан маанилүү экенин аныктады. Азык катары алынган жипченин тамак сиңирүүгө көмөкчү болоору жана кээ бир рак түрлөрүнүн рискин төмөндөтүүдө маанилүү экени белгилүү. Тамактануу адистери жипче алууну жогорулатуунун идеалдуу жолу катары жипчеге бай болгон инжирди жешти сунушташууда.
Жипчелүү азыктар ээрүүчү жана ээрибес болуп экиге бөлүнүшөт. Ээрибес жипчеге бай азыктар денеден чыгарыла турган заттарга суу берип ичегилерден өтүшүн жеңилдетет. Натыйжада тамак сиңирүү системасын ылдамдатып, жакшы иштешин камсыздайт. Ошондой эле, ээрибес жипчелүү азыктардын жоон ичеги рагынан коргоору да аныкталган. Ээрүүчү жипчеге бай азыктардын болсо кандагы холестерол деңгээлин 20%дан ашыкка төмөндөтөөрү аныкталган. Ошондуктан жүрөк ооруларынын рискин төмөндөтүү үчүн абдан маанилүү. Эгер канда көп санда холестерол бар болсо, бул кан-тамырларда чогулат жана кан-тамырлардын катуулашына, тарайышына жол ачат. Холестерол кайсы органдын тамырында чогулса, ошол органга тиешелүү оорулар пайда болот. Мисалы, жүрөктү азыктандырган артерияларда холестерол чогулса, көкүрөк оорусу, жүрөк кризиси сыяктуу көйгөйлөр пайда болот. Бөйрөк тамырларында холестерол чогулушу болсо кан басымынын жогорулашы жана бөйрөк жетишсиздигине себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле, ээрүүчү жипчелерди керектөө ашказанды бошотуп, кан шекерин жөнгө салышы жагынан да маанилүү, себеби кан шекериндеги кокус өзгөрүүлөр өмүрдү коркунучка салчу ооруларга себеп болушу мүмкүн. Чынында эле жипчеге бай азыктанган коомдордун рак жана жүрөк оорулары сыяктуу ооруларга аз чалдыгаары аныкталган.
Ээрүүчү жана ээрибес жипчелердин экөөсүнүн тең бирге болушу болсо ден-соолук жагынан бир артыкчылык: эки жипче түрүнүн тең бирге болушунун рактын алдын алууда жалгыз болгонго караганда натыйжалуураак экени аныкталган. Инжирде эки жипче түрүнүн –ээрүүчү жана ээрибес жипчелердин- бирге болушу аны абдан маанилүү бир азык кылууда.
Жорж Вашингтон университетинин медицина борборунда оорулардан коргонуу институтунун башчысы Др. Оливер Алабастер (Oliver Alabaster) инжир жөнүндө мындай дейт:
... бул жерде чыныгы мааниде пайдалуу жана көп жипчеге ээ бир азыкты кошуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Инжирлерди жана башка көп жипчеге ээ азыктарды көп керектөө... өмүр бою ден-соолукта болушуңуз үчүн маанилүү.
Калифорния инжир кеңешинин (California Fig Advisory Board) ою боюнча, мөмөлөрдө жана жашылчалардагы антиоксиданттардын адамдарды бир топ оорулардан коргоору айтылат. Антиоксиданттар денебиздеги химиялык реакциялардын натыйжасында пайда болгон же сырттан алынган зыяндуу заттарды (эркин радикалдарды) таасирсиз кылышат жана клетканын бузулушуна тоскоол болушат.
Скрентон (Scranton) университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө кургак инжирдин антиоксидантка бай фенол кошулмасына башка мөмөлөргө караганда көбүрөөк ээ экени айтылган. Фенол микроорганизмдерди өлтүрүүчү –антисептик- бир зат катары колдонулууда. Скрентон университетиндеги анализдер боюнча, инжирдеги фенол көлөмү башка мөмөлөргө салыштырмалуу бир топ жогору.
Нью-Жерсидеги Рутгерс университети тарабынан жасалган изилдөөдө болсо кургак инжирдеги омега-3, омега-6 май кислоталары (EFA: Essential fatty acids: дене үчүн зарыл майлар) менен фитостерол (өсүмдүктөрдөгү май сымал зат) урматында холестеролду төмөндөтүүчү таасири жагынан да маанилүү экени аныкталган.

Белгилүү болгондой, омега-3 жана омега-6 май кислоталары денеде өндүрүлбөйт жана тамак-аш аркылуу алуу керек болот. Ошондой эле, бул майлар өзгөчө жүрөк, мээ жана нерв системасынын жакшы иштеши үчүн абдан чоң мааниге ээ. Фитостерол болсо жаныбар азыктарындагы жүрөк жана кан-тамырдын чың болушу жагынан кооптуу болгон холестеролдун жолун тосуп, канга аралашпастан денеден чыгышын камсыз кылат.
Калифорния инжир кеңеши тарабынан «дээрлик табияттын эң кемчиликсиз мөмөсү» деп сөз кылынган инжир адамзат билген эң байыркы мөмөлөрдүн бири болгонуна карабастан, тамак-аш өндүрүүчүлөр тарабынан кайрадан ачылууда. Себеби азыктык баалуулугунун жогору болушу, ден-соолукка пайдалары бул мөмөнү өзгөчө маанилүү кылууда.
Инжир дээрлик ар бир диетанын бир бөлүгү боло алат: инжир табиятынан май, натрий жана холестеролу жок жана жипче саны көп болгондуктан, салмагын азайтууга аракет кылган адамдар үчүн да ылайыктуу бир азык. Ошондой эле, инжир белгилүү болгон бардык мөмөлөргө караганда эң көп минералга ээ. 40 грамм инжир 244 мг калий (күнүмдүк муктаждыктын 7%ы), 53 мг кальций (күнүмдүк муктаждыктын 6%ы) жана 1,2 мг темирге (күнүмдүк муктаждыктын 6%ы) ээ.1 Инжирде кальций деңгээли абдан жогору; мөмөлөр арасынан кальцийге бай болуу жагынан апельсинден соң экинчи орунда турат. Бир чыны кургак инжир бир чыны сүт менен бирдей санда кальций берет.
Инжирди көпкө уланган оорулардан соң бат айыгууга көмөкчү болуучу, күч-кубат берүүчү бир дары катары кабыл алууга болот. Физикалык жана мээнин кыйналышын жок кылат жана денеге энергия жана күч берет. Инжирдин эң маанилүү азыктык элементи – бул бүт мөмөнүн 51-74%ын түзгөн шекер, жана бүт мөмөлөр арасында эң көп шекерге ээ. Ошондой эле, инжир астма, жөтөл жана суук тийүү сыяктуу учурларда да дары катары сунушталууда.
Бул жерде бираз гана бөлүгүнө токтолгон инжирдин пайдалары Аллахтын адамдарга болгон мээриминин бир көрсөткүчү. Раббибиз ырахат менен желчү бул мөмөнүн ичинде адамдын муктаждыгы болгон заттарды, анын ден-соолугуна ыңгайлуу бир тең салмактуулук менен, атайын пакеттелгендей абалда пайдаланууга берүүдө. Аллахтын бул өзгөчө нематты Куранда зикир кылышы да инжирдин адамдар үчүн маанисине ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) Инжирдин азыктык баалуулугунун, адамдын ден-соолугуна болгон маанисинин алдыңкы медицина жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен гана аныктала алышы – албетте, Курандын бүт нерсени билүүчү Аллахтын сөзү экендигинин көрсөткүчтөрүнүн бири.
Эскертүүлөр
- http://www.californiafigs.com/industry/page2.html ↩
- http://www.californiafigs.com/nutrition/
- http://www.californiafigs.com/nutrition/
- http://www.californiafigs.com/nutrition/
- Dr. Joe A. Vinson, "The Functional Food Properties of Figs", Cereal Foods World, Şubat 1999, c. 44, no. 2.
- Dr. Joe A. Vinson, "The Functional Food Properties of Figs", Cereal Foods World, Şubat 1999, c. 44, no. 2.
- http://www.californiafigs.com/industry/page2.html


