Энам Сүрөсү, 125

Бийиктикке көтөрүлгөн сайын көкүрөктүн кысылышы

Адам жашай алуу үчүн кычкылтек жана аба басымына муктаж. Дем алуубуз болсо абадагы кычкылтектин өпкөлөрүбүздөгү аба чөйчөктөрүнө кириши менен мүмкүн болот.

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Адам жашай алуу үчүн кычкылтек жана аба басымына муктаж. Дем алуубуз болсо абадагы кычкылтектин өпкөлөрүбүздөгү аба чөйчөктөрүнө кириши менен мүмкүн болот. Бирок жогору көтөрүлгөн сайын жердин атмосферасы ичкергендиктен, атмосфера басымы, жана натыйжада кан басымына кирген кычкылтектин саны азайат. Мунун натыйжасында дем алуу оордойт. Өпкөнүн аба чөйчөктөрү кысылып, көкүрөктө муунуп жаткан жана аба жетпеген сыяктуу бир сезим пайда болот.

Бийиктикке көтөрүлгөн сайын көкүрөктүн кысылышы

Эгер кандагы кычкылтек дененин муктаждыгынан аз болсо, денеде бир катар кыйынчылыктар пайда болот. Ашыкча чарчоо, баш оору, баштын айланышы, ашказандын кыйналышы жана ой жүгүртүүнүн начарлашы сыяктуу белгилер пайда болот. Белгилүү бир бийиктикке жеткенде болсо адам үчүн дем алуу мүмкүн эмес абалга келет. Ошондуктан биз мындай бийиктикте жашай алуу үчүн кычкылтек колдоосуна жана атайын кийимдерге муктаж болобуз.

Деңиз деңгээлинен 5000-7500 метр бийиктиктеги бир адам дем алуунун оордугу себебинен эстен танып, комага кириши мүмкүн. Ошондуктан учактарда дем алуу үчүн кычкылтек жабдыгы да бар. Учактар деңиз деңгээлинен 9000-10000 метр бийиктикте учуп баратканда кабинада аба басымын жөнгө салуучу атайын системалар бар.

«Аноксия» деп аталган оору да дене кыртыштарына кычкылтектин жетпей калышынан келип чыгат. Мындай кычкылтек жетишпестиги 3000-4500 метр бийиктикте пайда болот. Кээ бир адамдар мындай чөйрөдө эс-учун жоготушу да мүмкүн, бирок ылдам кычкылтек берилсе, аларды өлүмдөн алып калууга болот.

Төмөндөгү аяттагы окшоштурууда бул физикалык чындыкка –бийиктиктин өсүшү менен бирге көкүрөктө пайда болгон өзгөрүүгө- мындайча ишарат кылынууда:

فَمَن يُرِدِ ٱللَّهُ أَن يَهْدِيَهُۥ يَشْرَحْ صَدْرَهُۥ لِلْإِسْلَٰمِ ۖ وَمَن يُرِدْ أَن يُضِلَّهُۥ يَجْعَلْ صَدْرَهُۥ ضَيِّقًا حَرَجًۭا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِى ٱلسَّمَآءِ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْعَلُ ٱللَّهُ ٱلرِّجْسَ عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ ۝١٢٥

Аллах кимди хидаятка (туура жолго) жеткиргиси келсе, анын көкүрөгүн Исламга ачат; кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткандай тар жана машакаттуу кылат. Аллах ыйман келтирбегендердин үстүнө мына ушундай жамандыкты түшүрөт.
Энам Сүрөсү, 125

Эскертүүлөр

  1. http://www.rwjhamilton.org/Atoz/Encyclopedia/article/0001…; Medical Encyclopedia, Robert Wood Johnson University Hospital Hamilton

Аяттарга шилтемелер

Дагы кереметтер