Энам Сүрөсү, 96
Түнкүсүн кыймылдын азайышы
Бул аяттагы Арапча «секенен» сөзү «тынчтык, эс алууга өтүү убагы, эс алуу убагы» маанилерине келет. Аллах Куранда көңүл бургандай, түн адамдар үчүн эс алуу убагы.
فَالِقُ ٱلْإِصْبَاحِ وَجَعَلَ ٱلَّيْلَ سَكَنًۭا وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ حُسْبَانًۭا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ ٱلْعَزِيزِ ٱلْعَلِيمِ ٩٦
... Түндү бир сүкун (эс алуу), күн жана айды бир эсеп менен кылды...
Бул аяттагы Арапча «секенен» сөзү «тынчтык, эс алууга өтүү убагы, эс алуу убагы» маанилерине келет. Аллах Куранда көңүл бургандай, түн адамдар үчүн эс алуу убагы. Түнкүсүн денеде чыгарылган мелатонин гормону адамды уйкуга даярдайт. Бул гормон адамдын физикалык кыймылын жайлатуучу, уйкусуратып, чарчаңкы кылуучу; маанайын бейпил кылуучу табигый бир тынчтандыргыч. Уйку бою жүрөк согушу жана дем алуу ритми жай абалда болуп, кан басымы төмөндөйт. Эрте менен болсо бул гормондун өндүрүшү токтойт жана дене ойгонууга стимул кылынат.

Уйку ошол эле учурда денедеги булчуңдардын жана башка кыртыштардын оңдолушуна, улгайган же өлгөн клеткалардын жаңыланышына да мүмкүнчүлүк берет. Уйку учурунда энергия коротуу азайгандыктан, түнү бою денеде энергия кампаланат. Мындан тышкары, иммундук система үчүн маанилүү кээ бир химикаттар жана чоңойуу гормону да уйку учурунда чыгарылат.
Ошондуктан адам жетиштүү уктабаганда, мындан иммундук системасы ылдам таасирленет жана дене ооруларга туруксуз абалга келет. Бир адам эки түн уктабаганда концентрациясы оордойт, көңүл бурушу төмөндөп, ката кетириши көбөйөт. Бир адам үч күн уктабаса, галюцинация көрүп баштайт жана логикалуу ойлоно албас абалга келет.1 Түн адамдар сыяктуу эле башка жандыктар үчүн да бир эс алуу учуру. Аллах «түндүн бир тынчтык кылынышы» аяты аркылуу билдирген бул абал куралсыз көз менен мүмкүн болбогон маанилүү бир чындыкка ишарат кылат: жер бетинде күндүз ишке ашкан көп кыймыл-аракеттер түнү бою жайлап, эс алууга өтөт. Мисалы, өсүмдүктөрдө күндүн чыгышы менен бирге жалбыракта тердөө жана ушуга байланышта фотосинтез жогорулап баштайт. Түштөн кийин болсо бул процесс тескери жүрөт; б.а. фотосинтез жайлайт, дем алуу көбөйөт, себеби абанын температурасынын көтөрүлүшү менен бирге тердөө да ылдамдайт. Түнкүсүн болсо температуранын төмөндөшү менен бирге тердөө жайлайт жана өсүмдүк бейпил абалга келет. Эгер түн бир күн гана болбой койсо, өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү өлүп калмак. Демек түн адамдар сыяктуу эле өсүмдүктөр үчүн да эс алуу жана күчтөнүү маанисине келет.
Түндөлөрү молекулярдык деңгээлде да кыймылдуулук азайат. Күндүздөрү күн тараткан радиация жердин атмосферасындагы атом жана молекулаларды кыймылга келтирип, алардын жогорураак энергия деңгээлине жетишине себеп болот. Караңгы болгондо болсо, атом жана молекулалар төмөнүрөөк энергия деңгээлине түшүшөт жана радиация чыгарып башташат.
Куранда Энъам Сүрөсүнүн 96-аяты менен жогоруда биз сөз кылган ушундай илимий маалыматтарга ишарат кылынып жаткан болушу ыктымал жана бул да Курандын сансыз кереметтеринин бири. (Эң туурасын Аллах билет.)
Эскертүүлөр
- http://fitness.howstuffworks.com/sleep.htm?printable=1 ↩
- http://www.bodyandfitness.com/Beauty/Anti-Aging/melatonin…
- www.stenlake.com.au/ShowDocument.asp?DocumentId=53
- http://wildcat.arizona.edu//papers/90/ 22/05_1_m.html
- http://aggiehorticulture.tamu.edu/greenhouse/ornamentals/…
- http://beta.physicsweb.org/article/news/5/1/10


