Рахман Сүрөсү, 33
Космостун ачылышы
Адамдардын космосту изилдеши жана ачышы 1957-жылы 4-октябрда советтик «Спутник» аттуу спутниктин космоско чыгарылышынан соң ылдамдады.
Адамдардын космосту изилдеши жана ачышы 1957-жылы 4-октябрда советтик «Спутник» аттуу спутниктин космоско чыгарылышынан соң ылдамдады. НАСА (Улуттук аба жана космос башкармалыгы) Спутниктин космоско жөнөтүлүшүн «Космос доорунун» башталышы деп кабыл алат. Жердин орбитасынан чыккан алгачкы адам болсо – бул Восток 1 аттуу рокета менен 1961- жылы космоско чыккан советтик космонавт Юрий Гагарин.
Куранда болсо 1400 жыл мурда адамдардын бул тармактагы болочок жетишкендиктерине жана космоско чыгуунун мүмкүн болооруна ишарат кылынууда. Аллах бул темага Куранда төмөнкү аят менен көңүл бурууда:
يَٰمَعْشَرَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ إِنِ ٱسْتَطَعْتُمْ أَن تَنفُذُوا۟ مِنْ أَقْطَارِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ فَٱنفُذُوا۟ ۚ لَا تَنفُذُونَ إِلَّا بِسُلْطَٰنٍۢ ٣٣
Эй жин жана инсан коомдору, эгер асмандардын жана жердин учтарынан ашып-өтүүгө күчүңөр жетсе, ылдам ашкыла; бирок «улуу бир күч (султан)» болбостон аша албайсыңар.
Аятта «жогорку бир күч» деп которулган Арапча «султан» сөзү «далил, күч, кубат, өкүм, мыйзам, жол, авторитет, уруксат, уруксат берүү, жол берүү» сыяктуу маанилерге келет.
Көңүл бурулган болсо, жогорудагы аятта адамдардын асмандардын жана жердин тереңдиктерине эч өтө албашы эмес, жогорку бир күч менен өтө алаарына басым жасалууда. Жана мындай жогорку бир күч менен 20-кылымда колдонулган жогорку технологияга ишарат кылынып жаткан болушу ыктымал. 20-кылымдагы жогорку технология жардамы менен Аллах Куранда билдиргендей бул нерсе ишке ашкан.


