Вакыа Сүрөсү, 75-76

Кара тешиктер

20-кылымда ааламдагы асман телолору жөнүндө көптөгөн жаңы ачылыштар жасалды. Бүгүнкү күндө жаңы гана аныкталган мындай телолордун бири – бул кара тешиктер.

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

20-кылымда ааламдагы асман телолору жөнүндө көптөгөн жаңы ачылыштар жасалды. Бүгүнкү күндө жаңы гана аныкталган мындай телолордун бири – бул кара тешиктер. Кара тешиктер энергиясы түгөнгөн бир жылдыздын өзүнүн ичин көздөй кысылышы жана эң аягында жылдыздын ордуна чексиз тыгыздык жана нөл көлөмгө ээ абдан чоң бир тартылуу талаасынын пайда болушу натыйжасында пайда болууда. Кара тешикти үстүңкү беттик тартылуу күчү абдан күчтүү болгондуктан жана жарык анын ичинен кача албагандыктан, эң ири телескоптор менен да көрө албайбыз. Бирок өз ичине чөккөн жылдыз турган ордунун айланасына болгон таасири менен гана билинет. Аллах Вакыа Сүрөсүндө жылдыздардын ордуларына ант ичүү менен бул темага мындайча көңүл бурган:

Кара тешиктер

۞ فَلَآ أُقْسِمُ بِمَوَٰقِعِ ٱلنُّجُومِ ۝٧٥ وَإِنَّهُۥ لَقَسَمٌۭ لَّوْ تَعْلَمُونَ عَظِيمٌ ۝٧٦

Жок, жылдыздардын орундарына ант ичем. Шексиз, бул эгер билсеңер, чынында улуу бир ант.
Вакыа Сүрөсү, 75-76

«Кара тешик» түшүнүгү алгачкы жолу 1767-жылы англиялык илимпоз Жон Митчелл (John Michell) тарабынан айтылып, «кара тешик» термини алгачкы жолу америкалык физик Жон Арчибальд Уилер (John Archibald Wheeler) тарабынан 1969-жылы колдонулган. Мурдалары бардык жылдыздарды көрө алабыз деп гипотеза жасалса, акыркы жылдары космосто биз нурларын көрө албаган жылдыздардын да бар экени аныкталган. Себеби энергиясын түгөткөн жылдыздардын нурлары да жоголууда.

Кара тешик – бул бир массанын жарык чыга албай тургандай кичинекей бир жерде чогулушу. Күчтүү тартылуу күчү фотондорду жана эң ыкчам бөлүкчөлөрдү да бул аймакта кармап калат. Күндөн 3 эсе чоң массага ээ болгон кадимки бир жылдыздын күйүшү жана жарылышы натыйжасында пайда болгон кара тешиктин көлөмү болгону 20 км болот. Кара тешиктер «кара», т.а. түздөн-түз көрүүгө болбойт. Өздөрүн кыйыр түрдө, башка асман телолорун өзүнө тарткан тартылуу күчү аркылуу таанытышат. Төмөнкү аятта да кыямат күнү тасвири менен бирге, бир тараптан кара тешиктер жөнүндөгү мындай илимий ачылышка да ишарат болушу мүмкүн:

فَإِذَا ٱلنُّجُومُ طُمِسَتْ ۝٨

Жылдыздар «жабылып (нурлары) өчүрүлгөндө»,
Мүрселат Сүрөсү, 8

Мындан тышкары, чоң массага ээ жылдыздар космосто бүгүлүүгө себеп болушат. Бирок кара тешиктер космосто бүгүлүүгө гана себеп болушпайт, ошол эле учурда астрофизиктер айткандай, космосту тешип өтүшөт. Бул өчкөн жылдыздардын кара тешиктер деп аталышынын себеби да ушул. Тарык Сүрөсүнүн үчүнчү аятында болсо «тешүүчү жылдыз» жөнүндө сөз болот:

وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ ۝١ وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ ۝٢ ٱلنَّجْمُ ٱلثَّاقِبُ ۝٣

Асманга жана Тарыкка ант болсун, Тарыктын эмне экенин сага эмне кабар берет? (Караңгыны) Тешкен жылдыз.
Тарык Сүрөсү, 1-3

Аяттын Арапчасында «тешик» маанисине келген «сакб» уңгусунан «тешик ачуучу, тешүүчү жана тешип өтүүчү» маанилерине келген «эссакибу» сөзү колдонулууда. Кара тешиктерди сүрөттөгөн илимий эмгектерде болсо «тешик ачуу, тешүү» маанилерине келген англисче «puncture» сөзү колдонулууда. Кара тешиктердин өзгөчөлүгүн сүрөттөө үчүн Куранда колдонулган бул сөз абдан терең маанилүү. Аятта жылдыздар жөнүндөгү бул маалыматка да көңүл бурулган болушу – Курандын Аллахтын сөзү экенин далилдеген дагы бир маанилүү маалымат.

Аяттарга шилтемелер