Себе Сүрөсү, 3

Атомдон майда бөлүкчөлөр

Грек философу Демокрит атактуу атом теориясын сунуштагандан бери адамдар зат атом деп аталган абдан кичинекей, эч бөлүүгө жана жок кылууга мүмкүн болбогон бөлүкчөлөрдөн турат деп ишенип келишкен эле.

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Грек философу Демокрит атактуу атом теориясын сунуштагандан бери адамдар зат атом деп аталган абдан кичинекей, эч бөлүүгө жана жок кылууга мүмкүн болбогон бөлүкчөлөрдөн турат деп ишенип келишкен эле. Бирок илим жана технологиядагы өнүгүүлөр атомдор жөнүндөгү мындай маалыматтарды кыйратты. Бүгүнкү күндө болсо заманбап илим заттын эң кичинекей бирдиги деп эсептелген атомдун да бөлүкчөлөргө бөлүнүшү мүмкүн экенин аныктады. Өткөн кылымда гана аныкталган бул чындык Куранда мындан 1400 жыл мурда адамдарга билдирилген:

Атомдон майда бөлүкчөлөр

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَا تَأْتِينَا ٱلسَّاعَةُ ۖ قُلْ بَلَىٰ وَرَبِّى لَتَأْتِيَنَّكُمْ عَٰلِمِ ٱلْغَيْبِ ۖ لَا يَعْزُبُ عَنْهُ مِثْقَالُ ذَرَّةٍۢ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِى ٱلْأَرْضِ وَلَآ أَصْغَرُ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكْبَرُ إِلَّا فِى كِتَٰبٍۢ مُّبِينٍۢ ۝٣

... Асмандарда жана жерде кыпындай (зерре, атомдой) оордуктагы эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).
Себе Сүрөсү, 3

وَمَا تَكُونُ فِى شَأْنٍۢ وَمَا تَتْلُوا۟ مِنْهُ مِن قُرْءَانٍۢ وَلَا تَعْمَلُونَ مِنْ عَمَلٍ إِلَّا كُنَّا عَلَيْكُمْ شُهُودًا إِذْ تُفِيضُونَ فِيهِ ۚ وَمَا يَعْزُبُ عَن رَّبِّكَ مِن مِّثْقَالِ ذَرَّةٍۢ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا فِى ٱلسَّمَآءِ وَلَآ أَصْغَرَ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكْبَرَ إِلَّا فِى كِتَٰبٍۢ مُّبِينٍ ۝٦١

... Жерде жана асманда кыпындай (зерре, атом салмагында) болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу).
Юнус Сүрөсү, 61

Көңүл бурулган болсо бул аяттарда «зерре» жана мындан да кичинекей бөлүкчөлөр жөнүндө сөз болууда. Арап тилинде колдонулган «зерре» сөзү «адамдар билген эң кичинекей бөлүкчө, чаң, атом» деген маанилерге келет.

Мындан 20 жыл мурдага чейин «атомдорду түзгөн эң кичинекей бөлүкчөлөр – бул протондор жана нейтрондор» деп кабыл алынып келген эле. Бирок жакында гана атомдун ичинде бул бөлүкчөлөрдү түзгөн абдан кичинекей бөлүкчөлөрдүн бар экени аныкталды. Атомдун ичиндеги «кичинекей бөлүкчөлөрдү» жана алардын өзгөчө кыймылдарын изилдөө үчүн «Элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасы» аттуу бир физика тармагы пайда болду. Элементардык бөлүкчөлөр физикасы жүргүзгөн изилдөөлөр төмөнкү чындыкты ачыкка чыгарды: атомду түзгөн протон жана нейтрондор да чынында «кварк» деп аталган андан да төмөнкү бөлүкчөлөрдөн турат. Адамдын акылы аңдап-түшүнө албагандай кичинекей болгон протонду түзгөн кварктардын чоңдугу болсо абдан таң калыштуу: 10-18 (0,000000000000000001) метр.

Бул жерде дагы бир көңүл бурчу жагдай бар: зерре жөнүндөгү аяттарда өзгөчө салмакка көңүл бурулган. Аяттагы «мискале зерретин» (зерре салмагындагы) сүйлөмүндөгү «мискал» сөзү «салмак» маанисинде. Чынында эле атомду бөлүнө ала турган абалга алып келген протон, нейтрон жана электрон сыяктуу бөлүкчөлөрдүн ошол эле учурда атомдун салмагын түзгөн компоненттер экени аныкталган. Бул тараптан караганда, «зерренин» көлөмүнө же башка бир өзгөчөлүгүнө эмес, салмагына көңүл бурулушу – Курандын дагы бир илимий керемети.

Эскертүүлөр

  1. http://i115srv.vu-wien.ac.at/physik/ws95/ w9560dir/w9561d10.htm

Аяттарга шилтемелер