Нахл Сүрөсү, 68-69

Балдагы шыпаа

Бал, бул аяттарда айтылгандай, «адамдарга шыпаа» болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Илимде алдыңкы катарларда турган өлкөлөрдө балдын адамдын ден-соолугундагы маанисинен улам аары багуу жана аары продукттары эми өз башынча бир изилдөө…

3 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

وَأَوْحَىٰ رَبُّكَ إِلَى ٱلنَّحْلِ أَنِ ٱتَّخِذِى مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًۭا وَمِنَ ٱلشَّجَرِ وَمِمَّا يَعْرِشُونَ ۝٦٨ ثُمَّ كُلِى مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ فَٱسْلُكِى سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًۭا ۚ يَخْرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابٌۭ مُّخْتَلِفٌ أَلْوَٰنُهُۥ فِيهِ شِفَآءٌۭ لِّلنَّاسِ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ ۝٦٩

Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар.
Нахл Сүрөсү, 68-69

Бал, бул аяттарда айтылгандай, «адамдарга шыпаа» болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Илимде алдыңкы катарларда турган өлкөлөрдө балдын адамдын ден-соолугундагы маанисинен улам аары багуу жана аары продукттары эми өз башынча бир изилдөө тармагына айланды. Балдын пайдалары жалпысынан төмөнкүлөр:

Балдагы шыпаа

Оңой сиңирилет: ичиндеги шекерлердин башка бир түрдөгү шекерге (фруктозанын глюкозага) айлануу өзгөчөлүгүнөн улам бал, көп санда кислотага ээ болгонуна карабастан, эң назик ашказандар тарабынан да оңой сиңирилет. Ошондой эле, ичегилердин жана бөйрөктөрдүн жакшыраак иштешине жардам берет.

Канга бат аралашат, ыкчам энергия булагы: бал жылуу суу менен аралаштырылганда 7 мүнөт ичинде канга аралашат. Ичиндеги эркин шекерлерден улам мээнин иштеши жеңилдейт. Бал фруктоза жана глюкоза сыяктуу жөнөкөй шекерлердин табигый бир аралашмасы. Акыркы изилдөөлөр боюнча, шекерлердин мындай өзүнө тиешелүү аралашмасы чарчоонун жазылышында эң натыйжалуу ыкма жана атлетикалык кубатты жогорулатат.

Кандын жасалышына көмөкчү болот: бал кан жасоо үчүн дене муктаж болгон энергиянын маанилүү бир бөлүгүн камсыз кылат. Мындан тышкары, кандын тазаланышына да көмөкчү болот. Кандын айланышын жөнгө салуучу жана жеңилдетүүчү багытта таасири бар. Артериосклероздон коргойт.

Микропко каршы: микропко каршы факторлор белгилүү бактериялардын, ачыткычтын жана көктүн чоңойушуна тоскоол болот. Балдын бактериянын жашашына мүмкүнчүлүк бербеген өзгөчөлүгү «коргоочу таасири» деп аталат. Балдын микроптон коргоо өзгөчөлүгүн камсыздаган көп себептер бар. Булардын арасында микроорганизмдер чоңойуу үчүн муктаж болгон суу көлөмүн чектөөчү көп шекерди камтышы, кислотанын жогору болушу (pH төмөн), бактерияларды чоңойуу үчүн муктаж болгон азоттон тосуучу компонентин саноого болот. Балдагы суутек перекиси (перекись водорода) жана балдын ичиндеги антиоксиданттар болсо бактериянын көбөйүшүнө тоскоол болот.

Антиоксидант: ден-соолукта жашагысы келгендердин баары өзгөчө антиоксидант керектеши керек. Антиоксиданттар – бул клеткаларда нормалдуу метаболизманын калдыктарын тазалоочу кошулмалар. Булар азыктардын бузулушуна жол ачуучу жана көптөгөн айыкпас (хроникалык) ооруларга себеп болуучу кыйратуучу химиялык реакцияларды жайлатуучу элементтер. Адистер антиоксидантка бай азыктар жүрөк ооруларынын жана рак сыяктуу оорулардын алдын ала алат дешет. Балдын ичинде да күчтүү антиоксиданттар бар: рinocembrin, pinobaxin, chrisin жана galagin.

Булардын арасынан pinocembrin бир гана балда кездешүүчү бир антиоксидант.1 Витамин жана минерал кампасы: бал фруктоза жана глюкоза сыяктуу шекерлер менен бирге магний, калий, кальций, натрий хлор, күкүрт, темир жана фосфор сыяктуу минералдарга ээ. Нектар жана чаңча булактарынын сыпатына жараша өзгөрүү менен бирге балда B1, B2, C, B6, B5 жана B3 витаминдери бар. Мындан тышкары, жез, иод, темир жана цинк да аз санда бар.

Жараларды дарылоодо колдонулат:

- жараларды дарылоодо колдонулганда, балдын абадан ным тартуу өзгөчөлүгү айыгууну ылдамдатып, жара изинин калышынын алдын алат. Себеби бал жаранын бетин каптаган жаңы терини түзгөн эпителий клеткалардын чоңойушун ылдамдатат. Ошондуктан чоң жараларда да бал колдонулганда, кыртыш жамоо муктаждыгы жоголот.

Балдагы шыпаа

- бал айыгуу процессине тиешелүү кыртыштарды кайрадан чоңойушу үчүн стимулдайт. Жаңы капиллярлардын калыптанышын ылдамдатып, теринин тереңирээктеги байланыш кыртышынын ордун ээлеген фибробласттардын чоңойушун стимулдайт жана айыгуунун күчүн жогорулатуучу коллаген жипчелеринин өндүрүшүн ылдамдатат.

- балдын жаранын айланасындагы шишикти азайтуучу «урунууга (воспаление) каршы» бир таасири бар. Бул кан айланууну жогорулатат; натыйжада айыгуу процесси ылдамдайт жана оору сезүү азайат.

- бал жаранын астындагы кыртыштарга жабышпайт; ошондуктан жаңы пайда болгон кыртыштар айрылбайт жана оорубайт.

- радиациялык дарылоо жасалган рак оорулууларынын денелеринде пайда болгон жара жана язваларды дарылоодо ийгиликтүү колдонулууда.

- мындан тышкары, балдын, мурда да айтылгандай, антимикроптук таасиринен улам, бал инфекциянын пайда болушунун алдын алуучу бир коргоо пайда кылат. Бар болгон инфекцияларды да жаралардан ылдам тазалайт. Бактериялардын антибиотикке каршы чыдамдуулук өзгөчөлүктөрүнө да таасирдүү. Антисептиктер жана антибиотиктерге окшоп жарадагы кыртыштарга тескери таасир бербейт.2 Бул маалыматтардан да байкалгандай, бал – бул «шыпаа» тарабы абдан күчтүү бир азык. Албетте, бул да чексиз күч-кудурет ээси Аллах түшүргөн Курандын кереметтеринин бири. Төмөнкү таблицада балдын азыктык баалуулугу көрсөтүлгөн.

Эскертүүлөр

  1. http://www.nutritionfarm.com/health_news/1998/antioxidant…; Journal of Apicultural Research, 1998, c. 37, ss. 221-225; http://www.sciencenews.org/sn_arc98/9_12_98/Bob1.htm ↩
  2. http://www.sdearthtimes.com/et0100/et0100s17.html ↩
  3. http://www.newswise.com/articles/2000/8/HEALER. NHB.html; National Honey Board, 1 Ağustos 2000.
  4. http://news.bbc.co.uk/2/hi/health/3787867.stm; Angie Knox, "Harnessing honey's healing power", 8 Haziran 2004
  5. http://www.draperbee.com/info/honey_news.htm

Аяттарга шилтемелер