Мерйем Сүрөсү, 23-26
Куранда көңүл бурулган курма жана анын пайдалары
Курма – бул Куранда көп аяттарда айтылган бейиш нематтары арасында «теңдешсиз-курма»
Курма – бул Куранда көп аяттарда айтылган бейиш нематтары арасында «теңдешсиз-курма»

(Рахман Сүрөсү, 68) сүйлөмү менен сыпатталган бир мөмө. Аллах Куранда билдирген бул мөмө анализ кылынганда, көптөгөн маанилүү өзгөчөлүгү ортого чыгууда. Белгилүү болгон эң байыркы өсүмдүк түрлөрүнөн болгон курма учурда сонун даамынан тышкары азыктык өзгөчөлүгү себебинен да бир азык катары көңүлдөргө жагууда. Күн сайын аныкталып жаткан пайдалары курманы азык катары да, дары катары да колдонулган бир азык абалына алып келди. Курманын мындай өзгөчөлүктөрүнө Мерйем Сүрөсүндө көңүл бурулган.
Анан толгоо аны бир курма дарагына алып келди. «Кана эми мындан мурда өлгөнүмдө, (жана) унутулуп калганымда» деди. Ылдый жактан (бир үн) ага: «Кайгырба, Раббиң сенин ылдый (тараб)ыңда бир суу агызып койду.» деп кайрылды. Курма бутагын өзүңдү көздөй силксең, жаңы жетилген курма түшөт.» Эми жеп-ичип, кубан... (Марйам Сүрөсү, 23-26)
Аллахтын Аз. Марйамга «курма жешин» билдиришинин көптөгөн терең сырлары бар. Аллах Аз. Марйамдын төрөтүн жеңилдетүү үчүн сунган нематтардын бири болгон курманын өзгөчө кош бойлуу жана төрөгөн аялдар үчүн мааниси жана пайдалары учурда илимде белгилүү. Курма 60-65% менен эң көп шекерге ээ мөмөлөрдүн бири. Докторлор кош бойлуу аялдарга төрөгөн күнү шекери бар тамактар берилиши керек деп айтышат. Мунун максаты эненин алсыз болуп калган денесине энергия жана жандуулук берүү, ошондой эле жаңы төрөлгөн наристеге керектүү болгон сүттүн пайда болушу үчүн сүт гормондорун стимулдоо жана эне сүтүн көбөйтүү.
Мындан тышкары, төрөт учурундагы кан жоготуу дененин шекеринин төмөндөшүнө себеп болот. Курма денеге кайрадан шекердин киришин камсыздайт жана кан басымынын төмөндөшүнө тоскоол болот. Калория баалуулугу абдан жогору болгондуктан, оорудан алсыздаган же чарчаган адамдар үчүн өзгөчө абдан пайдалуу.
Бул маалыматтар Аллахтын Аз. Марйамга бир тараптан ага энергия жана күч-кубат бере турган, экинчи тараптан наристенин жалгыз азыгы болгон сүттүн пайда болушун камсыздай турган «курмадан» жешин билдиришиндеги терең сырларды ортого койууда. Мисалы, курма адам денесинин ден-соолукта жана күчтүү болушу үчүн абдан маанилүү болгон 10дон ашуун элементти камтыйт. Ушул себептен учурда илимпоздор адамдын бир гана курма жана суу менен көп жылдар бою жашай алаарын айтышууда.1 Бул темада таанылган адистердин бири болгон Доусон (V. H. W. Dowson) болсо бир курма жана бир чыны сүттүн бир адамдын күнүмдүк азык муктаждыгын камсыздоого жетээрин айтууда.
Курмадагы окситоцин заты да заманбап медицинада төрөттү жеңилдетүүчү бир дары катары колдонулууда. Окситоцин төрөттү жеңилдетүүчү таасири себебинен көп булакта «rapid birth», башкача айтканда, «ыкчам төрөт» деп аталууда. Төрөттөн соң болсо эне сүтүн көбөйтүүчү таасирге ээ. Окситоцин негизи мээде чыгарылган, төрөт ишараттарын баштоочу бир гормон. Төрөт алдындагы дененин бардык даярдыктары ушул гормон урматында башталат. Гормондун таасири эне жатынын түзгөн булчуңдарга жана эне сүтүнүн чыгарылышын камсыздаган булчуң түзүлүшүндөгү клеткаларга тийет. Төрөт учурунда эне жатынынын жакшы кысылышы төрөттүн ишке ашышы үчүн абдан маанилүү. Окситоцин жатынды түзгөн булчуңдардын абдан күчтүү кысылышын камсыздайт. Мындан тышкары, окситоцин жаңы төрөлгөн наристенин азыктанышы үчүн эне сүтүнүн чыгарылышын баштатат. Курманын ушул эле өзгөчөлүгү –окситоцинге ээ болушу- да Курандын Аллахтын вахийи экендигинин маанилүү бир далили. Курманын медициналык жактан пайдаларынын аныкталышы жакында гана мүмкүн болду. Ал эми Куранда болсо болжол менен 1400 жыл мурда Аллахтын Аз. Марйамга кош бойлуулук учурунда курма менен азыктанышын вахий кылганы билдирилүүдө.
Ошондой эле, курмада адамдын денесине көп санда кыймыл жана жылуулук энергиясын берүүчү, денеде майдаланып колдонулушу оңой болгон бир шекер түрү да бар. Болгондо да бул шекер кандын шекерин ыкчам жогорулатуучу глюкоза эмес, мөмө шекери фруктоза. Өзгөчө шекер оорулууларында кан шекеринин ыкчам жогорулашы көп органдарга терс таасир берет, өзгөчө эң көп көз, бөйрөк, жүрөк-тамыр системасы жана нерв системалары жабыр тартат. Көздүн көрбөй калышына чейин алпарчу оорулар, жүрөк кризиси, бөйрөк жетишпестиги сыяктуу көптөгөн олуттуу оорулардын эң маанилүү себептеринин бири – бул кан шекеринин жогору болушу.
Курма көптөгөн ар түрдүү витамин жана минералдарга ээ. Жипче, май жана протеиндер жагынан да абдан бай. Курмада натрий, калий, кальций, магний, темир, күкүрт, фосфор жана хлор да бар. Курма, мындан тышкары, А витамини, бетакаротен, B1, B2, B3 жана B6 витаминдерине да ээ. Курмадагы витамин жана минералдардын кадимки адам денесине болгон жана кош бойлуулук учурундагы пайдаларынын кээ бирлерин мындайча санасак болот:
*Курманын азыктык күчү анын ичиндеги минерал тең салмактуулугуна байланыштуу. Курмада кош бойлуулук учурунда аялдар алышы керек болгон бир В витамини- фолик кислотасы (фолиевая кислота) да бар. Фолик кислотасы (B9) – бул денеде жаңы кан клеткаларын жасоодо, дененин курулуш материалы болгон амино-кислоталарды жасоодо жана клеткаларды жаңылоодо маанилүү кызматтарды аткаруучу бир витамин. Ошондуктан, кош бойлуулук учурунда Фолик кислотасы муктаждыгы бир топко жогорулайт жана күнүмдүк муктаждык эки эсеге көтөрүлөт. Фолик кислотасынын деңгээли жетишсиз болгондо түзүлүшү жагынан кадимкиден чоң, бирок функциялары төмөн эритроцит клеткалары пайда болот жана кандын азайуу белгилери жаралат. Өзгөчө клетканын бөлүнүшүндө жана клетканын генетикалык түзүлүшүнүн калыптанышында маанилүү рол ойногон фолик кислотасы кош бойлуулук учурунда зарылдыгы эки эсе өсүүчү бир зат. Курма болсо фолик кислотасына абдан бай азык.
*Ошондой эле кош бойлуулукта болуучу узун мөөнөттүү жүрөк айлануу жана физикалык реакциялар себебинен калий жетишсиздиги да пайда болот жана калийди бышыктоо керек болот. Курмада көп санда бар болгон калий ушул тараптан абдан маанилүү болгон сыяктуу, денедеги суу тең салмактуулугунун сакталышында да абдан маанилүү. Ошондой эле, калий мээге кычкылтектин барышына да көмөкчү болуп, жакшы ойлонууну камсыздайт. Мындан тышкары, дене суюктуктары үчүн ылайыктуу щелочтук өзгөчөлүктү камсыз кылат. Уулуу дене калдыктарын сыртка чыгарышы үчүн бөйрөктөрдү стимулдайт. Кан басымынын жогорулугун төмөндөтүүгө жардам берет жана теринин жакшы калыптанышын камсыз кылат.
*Курманын ичиндеги темир кызыл-кан клеткаларындагы гемоглобин синтезин контрольдойт жана бул болсо кош бойлуулук учурунда кандын аздыгына тоскоол болот жана наристенин өрчүшү үчүн абдан маанилүү болгон кандагы эритроциттердин тең салмактуулунун ылайыктуу абалга алып келет. Белгилүү болгондой, эритроциттер канда кычкылтек жана көмүр кычкыл газын ташып, клеткалардын жандуулугун улантышында кызмат кылышат. Көп санда темирге ээ болгондуктан, бир адам күнүнө 15 даана курма жеп, денесинин темир муктаждыгын камсыздай алат жана темир жетишсиздигинен келип чыгуучу оорулардан сактанган болот.
*Курмадагы кальций жана фосфат болсо скелет түзүлүшү жана дененин сөөк түзүлүшүнүн тең салмактуулугу үчүн абдан маанилүү элементтер. Курма курамындагы көп сандагы фосфор жана кальций менен денени сөөктүн алсыздыгынан коргойт жана бул оорулардын азайышына көмөкчү болот.
*Илимпоздор курманын стресс жана маанайсыздыкты жоюучу таасирине да көңүл бурушууда. Беркли университетинин адистери жасаган изилдөөлөр нервдерди бекемдөөчү В6 витамининин жана булчуңдардын иштешинде маанилүү ролго ээ магний минералынын курмада көп санда бар экенин аныкташкан. Курма, ошондой эле, ичиндеги магний менен бөйрөктөр үчүн да абдан маанилүү. Бир адам күнүнө 2-3 даана курма жеп денесинин магний муктаждыгын камсыздай алат.
*Ичиндеги В1 витамини менен нерв системасынын чың болушун жеңилдетет. Денедеги углеводдордун энергияга айлантылышына, протеин жана майлардын дененин башка муктаждыктарына колдонулушуна көмөкчү болот. В2 витамини менен болсо дененин энергия чыгарышы жана клеткалардын жаңыланышы үчүн протеин, углевод жана майлардын ээритилишине жардамчы болот.
*Кош бойлуулук учурунда А витаминине да муктаждык өсөт. Курма ичиндеги А витамини урматында көрүү күчү жана иммунитетти жогорулатат, сөөк жана тиштерди бекемдейт. Курма бетакаротенге да абдан бай.2 Бетакаротендин клеткаларга кол салган молекулаларды башкарып, рактын алдын алуучу өзгөчөлүгү бар.
*Мындан тышкары, башка мөмөлөр адатта протеин жагынан жетишсиз, ал эми курма болсо протеинге да ээ.3 Мындай өзгөчөлүгү урматында дененин оору жана инфекциялардан корголушун камсыздайт, клеткаларды жаңылайт жана дене суюктугун тең салмакка салат. Мисалы, эт да пайдалуу бир азык, бирок өзгөчө мындай учурда жаңы бир мөмө болгон курмадай пайда бере албашы мүмкүн. Ал тургай, мындай учурда этти көп жеш дененин ууланышына себеп болушу мүмкүн. Сиңиши оңой болгон, жеңил жашылча-жемиш, мөмө түрүндөгү тамактарды тандоо туура болот.
Курма жөнүндөгү бул маалыматтардын баары Аллахтын чексиз илимин жана адамдарга болгон мээримин көрсөтүүдө. Байкалгандай, заманбап медицина биздин доордо гана аныктай алган курманын, өзгөчө кош бойлуулук учурундагы, пайдаларына Куранда 14 кылым мурда ишарат кылынган.
Эскертүүлөр
- http://www.geocities.com/SoHo/Easel/3809/hurma.htm ↩
- http://www.telmedpak.com/agricultures.asp?a=agriculture&b=date_palm ↩
- http://www.telmedpak.com/agricultures.asp?a=agriculture&b=date_palm ↩
- http://www.sgp-dates.com/date.htm
- http://198.65.147.194/English/Science/2000/7/article5.shtml; http://www.people.virginia.edu/~rjh9u/oxytocin.html; http://eilat.sci.brooklyn.cuny.edu/newnyc/DRUGS/OXYTOCIN.…
- The Independent Newspaper, 9 Temmuz 1995.
- http://www.sgp-dates.com/date.htm


