Хижр Сүрөсү, 80-84
Хижр калкы
Учурда Самуд коому – Куранда айтылган коомдор арасында алар жөнүндө эң көп маалымат алынгандардын бири. Тарыхый булактар Самуд аттуу бир коомдун чындап жашаганына ишарат кылууда.
Учурда Самуд коому – Куранда айтылган коомдор арасында алар жөнүндө эң көп маалымат алынгандардын бири. Тарыхый булактар Самуд аттуу бир коомдун чындап жашаганына ишарат кылууда. Куранда айтылган Хижр калкы жана Самуд коому түпкүрүндө бир эле коом деп божомолдонууда; себеби Самуд коомунун башка бир аты Асхабы Хижр (Хижр ээлери). Демек «Самуд» сөзү бир элдин аты, ал эми Хижр болсо бул адамдар курган шаарлардын бири болушу мүмкүн. грек географы Плининин сүрөттөлөрү да ушундай. Плини Самуд коому отурукташкан жерлердин Доматха (Domatha) жана Хегра (Hegra) экенин жазган, бул жерлер болсо бүгүнкү күндөгү Хижр шаары.

Самуд коомунан сөз кылган белгилүү эң байыркы булак – бул Вавилон ханы Sargon II'нин бул коомдун үстүнөн болгон жеңиштерин баяндаган Вавилон өлкөсүнүн жазуулары. (Б.з.ч. 8-кылым) Sargon Түндүк Арабистанда болгон бир согушта аларды жеңген эле. Гректер да бул коом жөнүндө айтышат жана Аристотель, Батламюс жана Плининин жазууларында аты «Thamudaei», б.а. «Самуддар» деп эскерилет. Пайгамбарыбыз (сав)дан мурда болжол менен б.з. 400-600-жылдары арасында болсо издери толугу менен жок болгон.
Учурда Иорданиядагы Рум (байыркы грек, византиялык) өрөөнү же башка бир аты болгон Петрада (Petra) бул коомдун таш устачылыгынын эң сонун өрнөктөрүн көрүүгө болот. Куранда да Самуд коомунун таш устачылыгындагы чеберчилиги жөнүндөй мындай деп айтылат:
وَٱذْكُرُوٓا۟ إِذْ جَعَلَكُمْ خُلَفَآءَ مِنۢ بَعْدِ عَادٍۢ وَبَوَّأَكُمْ فِى ٱلْأَرْضِ تَتَّخِذُونَ مِن سُهُولِهَا قُصُورًۭا وَتَنْحِتُونَ ٱلْجِبَالَ بُيُوتًۭا ۖ فَٱذْكُرُوٓا۟ ءَالَآءَ ٱللَّهِ وَلَا تَعْثَوْا۟ فِى ٱلْأَرْضِ مُفْسِدِينَ ٧٤
(Салих коомуна мындай деди: Аллахтын) «Ад (коомунан) кийин силерди орун басарлар кылганын жана силерди жер жүзүнө жайгаштырганын эстегиле. Анын түздүктөрүндө сарайларды куруп, тоолордон үйлөр жонуп жасадыңар. Демек Аллахтын немат-жакшылыктарын эстегиле, жер бетинде бузукулардай болуп баш аламандык чыгарбагыла.
Булактар
- "Hicr", Islam Ansiklopedisi: Islam Alemi, Tarihi, Cografya, Etnografya ve Bibliyografya Lugati (Encyclopedia of Islam: Dictionary of Islamic World, History, Geography, Ethnography, and Bibliography) Vol. 5/1, 475.
- Phillip Hitti, AHistory of the Arabs (London: Macmillan: 1970), 37.


