Анкебут Сүрөсү, 14
Нух суу баскыны
Аз. Нух Аллахтын аяттарынан алыстап, Ага шериктер кошкон коомун бир гана Аллахка ибадат кылышы жана адашуучулуктан кайтуулары үчүн эскертүү максатында жөнөтүлгөн эле. Аз.
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِۦ فَلَبِثَ فِيهِمْ أَلْفَ سَنَةٍ إِلَّا خَمْسِينَ عَامًۭا فَأَخَذَهُمُ ٱلطُّوفَانُ وَهُمْ ظَٰلِمُونَ ١٤
Ант болсун, Биз Нухту өз коомуна жөнөттүк, ал болсо (алардын) арасында элүү жылы кем миң жыл жашады. Аягында алар зулумдугун улантып жатышканда, топон суу аларды каптады.
Аз. Нух Аллахтын аяттарынан алыстап, Ага шериктер кошкон коомун бир гана Аллахка ибадат кылышы жана адашуучулуктан кайтуулары үчүн эскертүү максатында жөнөтүлгөн эле. Аз. Нух коомуна Аллахтын динине моюн сунгула деп көп жолу насаат айтып, аларды Аллахтын азабы жөнүндө көп жолу эскертсе да, алар Аз. Нухту жалганчы аташкан жана шерик кошууну улантышкан. Натыйжада Аллах Аз. Нухка каапырлардын сууга чөгүп азапталаарын жана ыйман келтиргендердин кутулаарын кабар берген. Куранда Нух коомунун кыйратылышы жана ыйман келтиргендердин кутулушу бир аятта мындайча баяндалган:

فَكَذَّبُوهُ فَأَنجَيْنَٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ فِى ٱلْفُلْكِ وَأَغْرَقْنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَآ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمًا عَمِينَ ٦٤
Аны жалганга чыгарышты. Биз болсо аны жана анын жанындагы кемедегилерди куткардык, аяттарыбызды жалган дегендерди болсо сууга чөктүрдүк. Себеби алар сокур бир коом эле.
Бул азаптын убактысы келгенде, жердеги суу булактары күчтүү жамгырларга кошулуп, абдан чоң бир ташкынга себеп болгон. (Эң туурасын Аллах билет.) Куранда Аллахтын Аз. Нухка кыйроодон мурда мындай вахий бергени айтылат:
فَأَوْحَيْنَآ إِلَيْهِ أَنِ ٱصْنَعِ ٱلْفُلْكَ بِأَعْيُنِنَا وَوَحْيِنَا فَإِذَا جَآءَ أَمْرُنَا وَفَارَ ٱلتَّنُّورُ ۙ فَٱسْلُكْ فِيهَا مِن كُلٍّۢ زَوْجَيْنِ ٱثْنَيْنِ وَأَهْلَكَ إِلَّا مَن سَبَقَ عَلَيْهِ ٱلْقَوْلُ مِنْهُمْ ۖ وَلَا تُخَٰطِبْنِى فِى ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ ۖ إِنَّهُم مُّغْرَقُونَ ٢٧
Ошентип Биз ага: «Көз алдыбызда жана вахийибиз менен кеме жаса. Анан Биздин буйругубуз келип, тандыр кызыганда, ага ар бир жуп менен бирге, араларынан алардын зыянына сөз өткөн (өкүм кылынган)дардан башка үй-бүлөңдү да сал. Зулумдук кылгандар жөнүндө Мага кайрылба, себеби алар чөктүрүлүшөт» деп вахий кылдык.
Аз. Нухтун кемесине түшкөндөрдөн башка –Аз. Нухтун жакын жердеги бир тоого чыгып кутулам деп ойлогон «уулу» да кошо- бүт коом сууга чөккөн. Топондон кийин суулар тартылганда, кеме Куранда билдирилиши боюнча, Жудиге –т.а. бийик бир жерге- токтогон:
وَقِيلَ يَٰٓأَرْضُ ٱبْلَعِى مَآءَكِ وَيَٰسَمَآءُ أَقْلِعِى وَغِيضَ ٱلْمَآءُ وَقُضِىَ ٱلْأَمْرُ وَٱسْتَوَتْ عَلَى ٱلْجُودِىِّ ۖ وَقِيلَ بُعْدًۭا لِّلْقَوْمِ ٱلظَّٰلِمِينَ ٤٤
Эй жер, сууңду жут жана эй асман сен болсо карма» деп айтылды. Суу тартылды, иш бүтүрүлдү, (кеме болсо) Жуди үстүндө токтоду жана заалымдар коомуна болсо: «Алыс болушсун» деп айтылды.
Аллах түшүргөн жана эч кошумча-алымчаланып бузулбаган жалгыз ыйык китеп болгон Куранда Топон суу окуясы Тооротто жана башка маданияттарда айтылган топон суу баяндарынан абдан айырмаланып берилген. Кошумчаланып бузулган Тооротто бул топон бүт жер жүзүн каптаган деп айтылат. Ал эми Куранда болсо топондун бүт жер жүзүн каптагандыгы жөнүндө бир да сөз жок. Тескерисинче ал жөнүндөгү аяттардан топондун аймактык болгонун жана бүт дүйнө жүзүнүн эмес, бир гана Нухту жалганга чыгарган коомдун жазаландырылганын түшүнүүгө болот. Кыйратылгандар Аз. Нухтун чакырыгынан баш тарткан жана баш көтөрүүдө кежирленген коом. Бул жөнүндө мындай аяттар бар:
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِۦٓ إِنِّى لَكُمْ نَذِيرٌۭ مُّبِينٌ ٢٥ أَن لَّا تَعْبُدُوٓا۟ إِلَّا ٱللَّهَ ۖ إِنِّىٓ أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ أَلِيمٍۢ ٢٦
Ант болсун, Биз Нухту коомуна жөнөттүк. (Аларга) «Мен силер үчүн бир гана апачык эскертип-коркутуучумун. Аллахтан башкага кулчулук кылбагыла. Мен силерге (келе турган) кайгылуу бир күндүн азабынан коркомун» деди.
فَكَذَّبُوهُ فَأَنجَيْنَٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ فِى ٱلْفُلْكِ وَأَغْرَقْنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَآ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمًا عَمِينَ ٦٤
Аны жалганга чыгарышты. Биз болсо аны жана кемедеги анын жанындагыларды куткардык, аяттарыбызды жалган дегендерди болсо сууга чөктүрдүк. Себеби алар сокур бир коом эле.
فَأَنجَيْنَٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ بِرَحْمَةٍۢ مِّنَّا وَقَطَعْنَا دَابِرَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا ۖ وَمَا كَانُوا۟ مُؤْمِنِينَ ٧٢
Ошентип аны жана анын жанындагыларды Кабатыбыздан (болгон) бир ырайым менен куткардык. Аяттарыбызды жалган деп ойлоп, ишенбегендердин болсо тамырын куруттук.
Байкалгандай, Куранда бүт дүйнө жүзүнүн эмес, бир гана Нух коомунун кыйратылганы айтылууда. Бузулган Тоорот жана Инжилдеги баяндардын оңдолгон чыныгы жүзүнүн баяндалышы да Курандын толугу менен Аллах Кабатынан жөнөтүлгөн бир Китеп экенин далилдөөдө.
Топон болгон жер деп ойлогон археологиялык аймакта жасалган казуу иштери да топондун бүт дүйнөнү каптаган бир окуя эмес, Месопотамиянын бир бөлүгүн каптаган ири бир табигый кырсык экенин көрсөтүүдө.
Мындан тышкары, Куранда кеменин топондон соң «Жудиге» токтогону айтылууда. «Жуди» сөзү кээде белгилүү бир тоонун аты катары алынат, чынында болсо бул сөз Арапчада «бийик бир жер, дөбө» маанисине келет. «Жуди» сөзүнүн бул маанисинен суулардын белгилүү бир деңгээлге гана жеткени, кургактыкты толук басып калбаганы көрүнүп турат. Б.а. топондун бурмаланган Тооротто жана башка уламыштарда баяндалгандай, бүт жер жүзүн жана жер бетиндеги бардык тоолорду көмбөгөнүн, белгилүү бир аймакты гана каптаганын Курандан түшүнө алабыз.
Топондун археологиялык далилдери
Бир цивилизация кокустан жок болгондо –бул бир табигый кырсык, күтүлбөгөн бир көч же бир согуш натыйжасында болушу мүмкүн- бул цивилизацияга тиешелүү издер абдан жакшы сакталып калат. Адамдардын жашаган үйлөрү жана күнүмдүк жашоодо колдонгон буюмдары кыска мөөнөт ичинде жердин астына көмүлүп калат. Натыйжада алар көп убакыт бою адамдын колу тийбестен сакталат жана жер бетине чыгарылганда өтмүштөгү жашоо жөнүндө маанилүү маалыматтарды берет.
Нух топону жөнүндө көптөгөн далилдин учурда аныкталышы да мына ушунун урматында болду. Болжол менен б.з.ч. 3000-жылдары ишке ашкан деп кабыл алынган топон суу бүт цивилизацияны бир заматта жок кылган жана мунун ордуна толугу менен башка бир цивилизациянын курулушуна себеп болгон. Ошентип топондун апачык далилдери биздер сабак алышыбыз үчүн миңдеген жыл бою сакталып калган.
Месопотамия өрөөнүн каптаган топонду изилдөө үчүн жасалган бир топ казуу иштери бар. Аймакта жасалган казууларда негизги төрт шаарда чоң бир топон натыйжасында болушу мүмкүн болгон сел кырсыгынын издери аныкталган. Бул шаарлар Месопотамия өрөөнүнүн маанилүү шаарлары Ур, Урук, Киш жана Шуруппак. Бул шаарларда жүргүзүлгөн казуу иштери булардын баарынын болжолдуу б.з.ч. 3000-жылдардагы бир селге кабылышканын көрсөтүүдө.
Учурда Тел-Эль Мухайер деп аталган Ур шаарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган маданият калдыктарынын эң байыркысы б.з.ч. 7000-жылдарга чейин барууда. Адамдар алгачкы цивилизация курган жерлердин бири болгон Ур шаары тарых бою көптөгөн маданияттын биринин артынан экинчиси жашап өткөн бир отурукташуу аймагы болгон.
Ур шаарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган археологиялык табылгалар ал жердеги маданияттын абдан чоң бир сел кырсыгынын натыйжасында токтогонун, кийинчерээк убакыт өткөн соң кайра жаңы цивилизациялардын пайда болуп баштаганын көрсөтүүдө. Леонард Вулли (Leonard Woolley) British Museum жана Pennsylvania университети тарабынан ортоктошуп жасалган бир казуу иштерине башчылык кылган. Вулли мырзанын казуулары Багдад менен Басра корфезу арасындагы чөлдүн ортолорунда болгон. Reader's Digest журналында Вуллинин казуулары мындайча баяндалган:
«Казуу жүргүзүлгөн аймакта тереңге түшкөн сайын абдан маанилүү бир табылга аныкталган; бул Ур шаарынын хандар мүрзөсү эле. Изилдөөчүлөр Шумер хандары жана атактуулары көмүлгөн бул мүрзөдө көптөгөн уламышталган искусство чыгармаларына кездешкен. Шлемдер, кылычтар, музыкалык аспаптар, алтындан жана кымбат баалуу таштардан жасалган искусство буюмдары...
Жумушчулар топуракка айланган кирпичтердин ичинен бир метрдей тереңге түшүштү жана чопо идиштерди чыгарып башташты. «Жана кийин кокустан бүт нерсе токтоду.» Вулли мындай деп жазган эле. «Эми чопо идиштер да, күл да жок эле, бир гана суу алып келген таза ылай.»
Вулли казуусун улантты, эки жарым метрдей таза чопо катмарынан өтүп тереңге түшүлдү жана андан соң кокустан жумушчулар ...ал доордун адамдары тарабынан жасалган наждак ташынан шаймандарды жана идиш сыныктарын табышты. Ылай жакшылап тазаланганда, астында калган маданият көрүндү. Бул көрүнүш аймакта чоң бир суу баскыны болгонун көрсөтүп турган эле. Мындан тышкары, микроскопиялык анализ таза чоподон калың бир катмардын байыркы Шумер цивилизациясын жок кыла турганчалык ири бир топон суу тарабынан бул жерге чогулганын көрсөтүп турду. Гылгамыш дастаны менен Нухтун баяны Месопотамия чөлүндө казылган бир кудукта орток бир булакта бириккен эле.
Ошондой эле, Макс Маллоуэн (Max Mallowan) казууну алып барган Леонард Вуллинин ой-пикирлерин мындайча баян кылган:
Вулли кыска бир убакыт ичинде пайда болгон мынчалык чоң бир чопо массасынын чоң бир сел балээсинин натыйжасы гана болушу мүмкүн экенин айтып; Шумер Уру менен Аль-Убаиддин бойолгон идиштер колдонгон калкы тарабынан курулган шаарды бөлгөн сел катмарын уламышта айтылган топон суунун калдыктары деп атады.

Бул маалыматтар топон суу таасир берген жерлердин биринин Ур шаары экенин көрсөткөн эле. Немец археолог Вернер Келлер (Werner Keller) болсо бул казуунун маанисин мындайча айткан: «Месопотамияда жасалган археологиялык казууларда балчыктуу бир катмардын астынан шаар калдыктарынын чыгышы ал жерде бир сел болгонун далилдеди.»
Топон суунун издерине ээ дагы бир Месопотамия шаары болсо учурда Тель Эль-Ухаймер деп аталган, Шумерлердин Киш шаары. Байыркы Шумер булактарында бул шаар «Ири топон суудан соң башкарууга келген алгачкы династиянын борбору» деп сыпатталган.
Учурда Тель Эль-Фара деп аталган Түштүк Месопотамиядагы Шуруппак шаары да топон суунун апачык издерине ээ. Бул шаардагы археологиялык изилдөөлөр 1920-1930-жылдары арасында Пенсильвания университетинен Эрик Шмидт (Erich Schmidt) тарабынан жасалды. Казуу иштеринде б.з.ч. 3000-2000-жылдар арасында жашаган бир цивилизациянын пайда болушу жана өнүгүшү ар кайсы катмарларда оңой гана байкалып турган эле. Оюп жазылган маалыматтардан бул аймакта б.з.ч. 3000-жылдарда маданий жактан абдан өнүккөн бир калктын жашаганы көрүнүп турган.
Эң маанилүүсү бул шаарда да болжол менен б.з.ч. 3000-2900-жылдары чоң бир сел кырсыгы болгону аныкталган. Шмидттин эмгектерин баяндаган Маллоуэн мындай дейт:
«Шмидт 4-5 метр тереңдикте чопо жана кум аралашкан сары топурактан бир катмарга жетти (бул катмар сел менен пайда болгон эле). Бул катмар дөңсөөгө караганда түздүк деңгээлине жакын бир деңгээлде орун алган жана дөңсөөнүн бүт тарабында көрүнүп турган эле...» Жемдет Наср доорун байыркы хандык доорунан бөлгөн чопо менен кум аралашмасы катмарын Шмидт «толугу менен дарыядан келген бир кум» деп айтып, Нух топону менен байланыштырды.
Кыскача айтканда, Шуруппак шаарында жасалган казуу иштеринде да болжол менен б.з.ч. 3000-2900-жылдарына туура келген бир селдин калдыктары аныкталган. Башка шаарлар менен бирге Шуруппак шаарынын да топон суудан таасирленген болушу толук ыктымал.
Топондон таасирленгенине байланыштуу колдо далилдер бар болгон акыркы отурукташкан аймак – бул Шуруппактын түштүгүнөн орун алган жана учурда Тель Эль-Варка деп аталган Урук шаары. Бул шаарда да берки шаарлар сыяктуу бир сел катмары табылган. Бул сел катмары да б.з.ч. 3000-2900-жылдар деп айтылууда.
Белгилүү болгондой, Дижле жана Эфрат дарыялары Месопотамияны узунунан кесип өтөт. Демек окуя учурунда бул эки дарыя жана чоң-кичине бардык суу булактары ашып, булар жамгыр сууларына кошулуп, ири бир суу баскынын пайда кылганы көрүнүп турат. Куранда бул окуя мындайча баяндалган:
فَفَتَحْنَآ أَبْوَٰبَ ٱلسَّمَآءِ بِمَآءٍۢ مُّنْهَمِرٍۢ ١١ وَفَجَّرْنَا ٱلْأَرْضَ عُيُونًۭا فَٱلْتَقَى ٱلْمَآءُ عَلَىٰٓ أَمْرٍۢ قَدْ قُدِرَ ١٢ وَحَمَلْنَٰهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلْوَٰحٍۢ وَدُسُرٍۢ ١٣
Биз чыныдан куюлгандай аккан бир суу менен асмандын эшиктерин ачтык. Жерди болсо күчтөнгөн булактар абалында атырылттык. Ошентип суу буйрук кылынган бир жумуш үчүн бирикти. Жана аны болсо тактайлар жана мыктар (менен курулган кеме) үстүндө ташыдык.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында алынган ишараттар анализденгенде, топон суунун бүт Месопотамия өрөөнүн каптаганы көрүнүп турат. Топон суунун издерин алып жүргөн Ур, Урук, Шуруппак жана Киш шаарларынын жайгашышын анализ кылганыбызда булардын бир сызыкта жайгашканын көрөбүз. Мындан тышкары, б.з.ч. 3000-жылдары Месопотамия өрөөнүнүн географиялык түзүлүшү учурдагыдан башкача болгон. Ал доорлордо Эфрат дарыясынын орду бүгүнкү күнкүдөн чыгышыраак тарапта эле; бул агым сызыгы да Ур, Урук, Шуруппак жана Киштен өткөн бир сызыкка (линияга) туура келүүдө. Ошондуктан бул аймакта Эфрат дарыясынын ашып, бул төрт шаарды кыйратканы ортого чыгууда. (Эң туурасын Аллах билет.)
Аллах Нух топонун адамдарга бир насаат жана сабак болсун үчүн ар кайсы коомдорго жөнөткөн пайгамбарлар жана китептер аркылуу билдирген. Бирок ар бир жолу тексттер оригиналынан алыстатылган жана топон баяндарына мистикалык, мифологиялык элементтер кошулуп кеткен. Археологиялык табылгаларга туура келген жана аларды тастыктаган жалгыз булак болсо – бул Куран. Мунун себеби Аллахтын Куранды кыпындай да бир өзгөрүүгө учуратпастан коргогондугу.
Эскертүүлөр
- Fred Warshofsky, "Ur of the Chaldees", Readers Digest, Aralık 1977.
- Max Mallowan, Noah's Flood Reconsidered, Iraq, c. XXVI-2, 1964, s. 70.
- Werner Keller, Und die Bibel hat doch recht (The Bible as History; a Confirmation of the Book of Books), William Morrow, New York, 1956, s. 40.
- "Kiş", Ana Britannica, c. 13, s. 361.
- "Şuruppah", Ana Britannica, c. 20, s. 311.
- Max Mallowan, Early Dynastic Period in Mesapotamia, Cambridge Ancient History 1-2, Cambridge, 1971, s. 238.
- Joseph Campbell, Doğu Mitolojisi, Ankara, 1993, s. 129.
- Bilim ve Ütopya, Temmuz 1996, s. 176.


