Али Имран Сүрөсү, 137

Ирем шаары

1990-жылдардын башында дүйнөнүн атактуу гезиттери абдан маанилүү бир археологиялык табылгага «Кереметтүү Арап шаары табылды», «Уламышта айтылып келген Арап шаары табылды», «Кумдардын атлантикасы Убар» темалары менен орун беришти.

3 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

1990-жылдардын башында дүйнөнүн атактуу гезиттери абдан маанилүү бир археологиялык табылгага «Кереметтүү Арап шаары табылды», «Уламышта айтылып келген Арап шаары табылды», «Кумдардын атлантикасы Убар» темалары менен орун беришти. Бул кызыктуу археологиялык табылганы андан да маанилүү кылган нерсе – бул анын атынын Куранда эскерилгени эле. Ал күнгө чейин Куранда айтылган Ад коому бир уламыш же эч качан табылбайт деп ойлогон көп адамдар бул жаңы табылганы көрүп айран таң калышты. Куранда сөз кылынган бул шаарды тапкан киши – бул үйрөнчүк бир археолог Николас Клэпп (Nicholas Clapp) эле.

Ирем шаары

Бир Арап тарыхы адиси жана документалдуу тасма тартуучу Николас Клэпп Арап тарыхын изилдөө учурунда 1932-жылы англис изилдөөчү Бертрам Томас (Bertram Thomas) тарабынан жазылган Arabia Felix аттуу бир китепти көрүп калган. «Бактылуу Арабистан» маанисине келген «Arabia Felix» Римдиктер Арап жарым аралынын түштүгүндө жайгашкан жана учурда Йемен жана Оманды камтыган аймакка берген аты эле. Гректер болсо бул аймакты көк жерлери жана мелүүн климаты себеп болгон артыкчылыктардан улам «Куттуу Арабистан» маанисине келген «Eudaimon Arabia» деп аташкан эле. Ортоңку доордогу Арап аалымдары болсо бул жерлерди «Бактылуу Йемен» маанисине келген «Эль Йемен эс-Саийд» деп аташкан. Бул аттардын баары «Бактылуу Йемен» маанисине келген. Себеби байыркы доорлордо бул аймак Индия жана Түндүк Арабистан арасында жүргүзүлгөн даам кошуучу өсүмдүктөр (специи) соодасынын борбору эле. Мындан тышкары, аймакта жашаган коомдор «кехрибар» деп аталган сейрек кездешчү жана ал учурларда алтындай баалуу болгон карагай шербетин өндүрүшчү.

Китебинде бул маалыматтарга терең орун берген англис изилдөөчү Бертрам Томас Ад коому жашаган Убар шаарынын калдыктары жайгашкан аймакка бир изилдөө саякатын жасаган. Саякат учурунда чөлдө жашаган көчмөндөр Омандын жээкке жакын бир жеринде жайгашкан бул аймакта байыркы бир жалгыз аяк жолду көрсөтүшкөн жана бул жалгыз аяк жолдун Убар аттуу абдан байыркы бир шаарга тиешелүү экенин айтып беришкен.

Убарда жасалган казууларда Куранда айтылгандай көптөгөн искусство эмгектери жана жогорку маданият чыгармалары табылды. Англис изилдөөчү Убардын бар экенин далилдөө үчүн эки жолду колдонгон. Алгач көчмөндөр тарабынан бар экени айтылган жалгыз аяк жолдун издерин тапты. НАСАга кайрылып, бул аймактын сүрөттөрүн спутник менен тартылып алынышын суранды. Андан соң болсо Калифорниянын Хантингтон (Huntington) китепканасындагы байыркы жазууларды жана карталарды анализдеп баштады. Кыска бир изилдөөдөн соң Египет-грек географы Батламюс (Batlamyus) тарабынан б.з. 200-жылы тартылган бир карта табылды. Картада аймакта жайгашкан байыркы бир шаардын орду жана бул шаарга түздөн-түз барчу жолдордун сызыгы көрсөтүлгөн эле. Ал ортодо НАСА тарткан сүрөттөрдө жерден куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон, бирок асмандан бир толук абалда көрүүгө мүмкүн болгон кээ бир жолдордун издери аныкталган эле. Байыркы картада көрсөтүлгөн жолдор да, спутниктен тартылган сүрөттөрдө көрүнгөн жолдор да бири-бирине дал келген эле. Бул жолдордун бүткөн жери болсо илгери бир шаар болгону аныкталган кеңири бир аймак эле.

Ушундайча көчмөндөр сөз менен айтып берген икаялардагы уламыштуу шаардын орду табылган. Казуу учурунда кумдардын ичинен байыркы бир шаардын калдыктары чыгып баштаган. Ошондуктан бул кайып шаар «Кумдардын атлантикасы Убар» деп аталды.

Ирем шаары

Бул байыркы шаардын Куранда айтылган Ад коомунун шаары экенин далилдеген негизги далил болсо – бул шаардын калдыктары эле. Калдыктар алгач табылгандан баштап бул кыйраган шаардын Куранда айтылган Ад коому жана Иремдин мунаралары экени түшүнүлгөн эле. Себеби казууларда алып чыгылган курулуштар арасында Куранда көңүл бурулган бийик мунаралар бар эле. Казууну жүргүзгөн изилдөө тобунан Др. Юрис Заринс (Dr. Juris Zarins) да бул шаарды башка археологиялык табылгалардан айырмалаган нерсенин бийик мунаралар экенин жана ошондуктан бул шаардын Куранда айтылган Ад коомунун шаары Ирем экенин айткан эле. Куранда Ирем жөнүндө мындай сөз болот:

أَلَمْ تَرَ كَيْفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِعَادٍ ۝٦ إِرَمَ ذَاتِ ٱلْعِمَادِ ۝٧ ٱلَّتِى لَمْ يُخْلَقْ مِثْلُهَا فِى ٱلْبِلَٰدِ ۝٨

Раббиңдин Ад (коомун) эмне кылганын көргөн жоксуңбу? «Бийик мунаралар» ээси Иремди? Шаарлар арасында ага окшогон жаратылган эмес эле.
Фежр Сүрөсү, 6-8

Көргөнүңүздөй, Куранда өтмүш жөнүндө берилген маалыматтардын тарыхый маалыматтарга мынчалык дал келиши Курандын Аллахтын Сөзү экендигинин дагы бир далили.

Булактар

  1. Thomas H. Maugh II, "Ubar, Fabled Lost City, Found by LATeam," The Los Angeles Times , February 5, 1992.
  2. Kamal Salibi, AHistory of Arabia (Caravan Books: 1980).
  3. Bertram Thomas, Arabia Felix: Across the "Empty Quarter" of Arabia , (New York: Schrieber’s Sons: 1932), 161.
  4. Charlene Crabb, "Frankincense", Discover , January 1993.

Аяттарга шилтемелер