Энбия Сүрөсү, 33

Орбиталар жана айлануучу аалам

Ааламдагы улуу тең салмактуулуктун эң маанилүү себептеринин бири – бул албетте асман телолорунун белгилүү орбиталар менен жүрүшү.

Куранда610–632
1151+ жылдан кийин
Ачылган1783

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Ааламдагы улуу тең салмактуулуктун эң маанилүү себептеринин бири – бул албетте асман телолорунун белгилүү орбиталар менен жүрүшү. Жылдыздар, планеталар жана спутниктер бир тараптан өз окторунда, экинчи тараптан көз-каранды болгон система менен бирге айланышууда, аалам бир заводдун тиштери сыяктуу кылдат бир система ичинде иштөөдө.

Орбиталар жана айлануучу аалам

Ааламдын биз көрө алган бөлүгүндө 100 миллиарддан көп галактика бар жана кичинекей галактикаларда болжол менен бир миллиард, чоң галактикаларда болсо бир триллиондон көп жылдыз бар. Бул жылдыздардын көпчүлүгүнүн планеталары, бул планеталардын болсо спутниктери бар. Бардык бул асман телолору абдан назик, так эсептер менен аныкталган орбиталарга ээ. Жана миллиондогон жылдан бери баары өз орбитасында башкалары менен теңдешсиз бир төп келүүчүлүк жана система ичинде агып (учуп) жүрөт. Булардан башка дагы көптөгөн куйруктуу жылдыз да өзү үчүн белгиленген орбитада сүзүп жүрөт.

Ааламдагы орбиталар бир гана асман телолоруна тиешелүү эмес. Күн системабыз, ал тургай, башка галактикалар башка борборлор айланасында абдан кыймылда болушат. Жер жана аны менен бирге күн системасы жыл сайын мурдакы ордунан 500 миллион км алыстайт. Асман телолорунун орбиталарынан кичине эле жылып кетишинин системаны кыйрата турганчалык маанилүү натыйжаларга себеп болушу мүмкүн экени эсептелген. Мисалы, жер орбитасында кадимкиден көп же аз 3 миллиметрлик бир жылып кетүүнүн себеп болушу мүмкүн болгон натыйжалары бир булакта мындайча сүрөттөлгөн:

Жер күндүн айланасында айланып жатып, ушундай бир орбита чийет; ар бир 18 миляда түз сызыктан болгону 2,8 мм алыстайт. Жер чийген бул орбита кылчалык да адашпайт; себеби орбитадан 3 миллиметрлик бир алыстоо да чоң кырсыктарга себеп болмок: алыстоо 2,8 ордуна 2,5 миллиметр болгондо, орбита абдан кенен болмок жана баарыбыз тоңуп калмакпыз; алыстоо 3,1 миллиметр болгондо, баарыбыз куурулуп, күйүп өлмөкпүз.

Орбиталар жана айлануучу ааламОрбиталар жана айлануучу аалам

Асман телолорунун дагы бир өзгөчөлүгү болсо – бул орбиталарынан тышкары өз огунда да айланышы. Куранда «Айлануучу асманга ант болсун» (Тарык Сүрөсү, 11) аяты болсо дал ушул чындыкка ишарат кылат. Албетте, Куран түшүрүлгөн доордо адамзат учурдагы сыяктуу космосту миллиондогон киллометр алыстарга чейин байкоо жүргүзө ала турган телескопторго, өнүккөн байкоо технологияларына, заманбап физика жана астрономия маалыматтарына ээ эмес эле. Ошондуктан космостун, аятта билдирилгендей, «кылдат (аяр) жолдор жана орбиталар менен жабдылган» (Зарият Сүрөсү, 7) экенин ал доордо илимий тараптан аныктоо мүмкүн эмес эле. Бирок ал доордо түшүрүлгөн Курани Керимде бул чындык бизге апачык кабар берилген; себеби Куран – бул Аллахтын сөзү.

(Эң туурасын Аллах билет.)

Эскертүүлөр

  1. World Book Encyclopedia, 2003; Boston Üniversitesi'nde Astronomi ve Fizik Professörü Kenneth Brecher'in katkılarıyla.
  2. Bilim ve Teknik, Temmuz 1983.

Аяттарга шилтемелер