Небе Сүрөсү, 12-13
Күн, ай жана жылдыздын түзүлүшүндөгү айырма
Белгилүү болгондой, күн – бул күн системасындагы жалгыз нур булагы. Технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен астрономдор айдын бир нурдун булагы эмес экенин, бир гана күндөн келген нурду чагылтаарын аныкташты.
وَبَنَيْنَا فَوْقَكُمْ سَبْعًۭا شِدَادًۭا ١٢ وَجَعَلْنَا سِرَاجًۭا وَهَّاجًۭا ١٣
Силердин үстүңөрдө абдан бекем жети-асман курдук. Абдан жаркыраган бир шам (Күн) жасадык.
Белгилүү болгондой, күн – бул күн системасындагы жалгыз нур булагы. Технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен астрономдор айдын бир нурдун булагы эмес экенин, бир гана күндөн келген нурду чагылтаарын аныкташты. Жогорудагы аятта айтылган «шам» сөзү да – Арапчада ысыктык жана жарык булагы болгон күндү эң сонун сүрөттөгөн «сираж» сөзү.

Аллах Куранда ай, күн жана жылдыздар сыяктуу асман планеталары жөнүндө сөз кылганда, ар башка сөздөрдү колдонууда. Булардан күн жана айдын түзүлүштөрү арасындагы айырма Куранда мындайча айтылган:
وَجَعَلَ ٱلْقَمَرَ فِيهِنَّ نُورًۭا وَجَعَلَ ٱلشَّمْسَ سِرَاجًۭا ١٦
Жана Айды булардын арасында бир нур кылып, Күндү болсо (жарык кылуучу жана ысытуучу) бир шам кылган.
Бул аятта ай үчүн жарык (Арапча «нур»), күн үчүн шам чырак (Арапча «сираж») сөздөрү колдонулган. Бул сөздөрдөн ай үчүн колдонулган сөз жарыкты чагылткан, жаркыраган, кыймылсыз бир массаны сүрөттөйт. Күн үчүн колдонулган сөз болсо тынымсыз күйүп турган, ысыктык жана жарыктын булагы, асмандагы бир түзүлүш маанисине келет.
Ал эми «жылдыз» сөзү Арапчада «пайда болгон, көрүнгөн» маанилерине келген «нежеме» тамырынан чыккан. Мындан тышкары, жылдыз төмөндөгү аяттагы сыяктуу нуру менен караңгылыктарды жаруучу, жаркыроочу, өзүн-өзү сарптоочу жана күйүүчү маанилерине ишарат кылган «сакиб» сөзү менен да сыпатталган:
ٱلنَّجْمُ ٱلثَّاقِبُ ٣
(Караңгыны) Тешүүчү (жаруучу) жылдыз.
Учурда айдын өзүнөн нур чыгарбашы, күндөн келген нурду чагылтаары белгилүү. Күн жана жылдыздардын болсо өз нурларын чыгараарын билебиз. Куранда бул чындыктар адамдардын асман телолору жөнүндө маалыматы абдан чектелүү бир доордо, т.а. мындан 14 кылым мурда билдирилген.


