Немл Сүрөсү, 40
Сүрөттөлүштүн берилиши
Аятта «анын жанындагы китептен илими бар бирөө» деп айтылган адам Аз. Сулайманга Саба ханышасынын тактысын «көз ачып жумганча», б.а. абдан кыска убакыт ичинде алып келе алаарын айтууда.
قَالَ ٱلَّذِى عِندَهُۥ عِلْمٌۭ مِّنَ ٱلْكِتَٰبِ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبْلَ أَن يَرْتَدَّ إِلَيْكَ طَرْفُكَ ۚ فَلَمَّا رَءَاهُ مُسْتَقِرًّا عِندَهُۥ قَالَ هَٰذَا مِن فَضْلِ رَبِّى لِيَبْلُوَنِىٓ ءَأَشْكُرُ أَمْ أَكْفُرُ ۖ وَمَن شَكَرَ فَإِنَّمَا يَشْكُرُ لِنَفْسِهِۦ ۖ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ رَبِّى غَنِىٌّۭ كَرِيمٌۭ ٤٠
Анын жанындагы китептен илими бар бирөө: «Мен (көз ачып жумганча) аны сага алып келе алам» деди. Анан (Сулайман) анын өз жанында турганын көргөндө (мындай деди): «Бул Раббимдин берешендигинен, «Мага шүгүр кылабы, же нашүгүрдүк кылабы» деп мени сынап жатканы үчүн (бул кереметтүү окуя ишке ашты)...
Аятта «анын жанындагы китептен илими бар бирөө» деп айтылган адам Аз. Сулайманга Саба ханышасынын тактысын «көз ачып жумганча», б.а. абдан кыска убакыт ичинде алып келе алаарын айтууда. Саба ханышасынын тактысынын алып келиниши учурда колдонулган сүрөттөлүштү берүүнүн жогорку технологиясына ишарат кылышы мүмкүн. Бул жөнүндөгү дагы бир аят болсо төмөнкүдөй:

قَالَ عِفْرِيتٌۭ مِّنَ ٱلْجِنِّ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبْلَ أَن تَقُومَ مِن مَّقَامِكَ ۖ وَإِنِّى عَلَيْهِ لَقَوِىٌّ أَمِينٌۭ ٣٩
Жиндерден ифрит: «Сен ордуңдан тура электе, мен аны сага алып келе алам, мен чынында буга (муну кылууга) ишенимдүү бир күчкө ээмин.» деди.
Учурда текст, сүрөт, тасма сыяктуу ар кандай маалыматтын интернет технологиясы менен бир канча мүнөт, ал тургай бир канча секунда ичинде абдан алыс аралыктарды басып өтүшү мүмкүн болууда. Мисалы, Саба ханышасынын тактысын абдан бат бир жерге жөнөтүлүшүнүн баяны аркылуу мындай бир процесстин (мисалы, бир тактыга тиешелүү үч өлчөмдүү сүрөттөлүштүн же сүрөттүн жөнөтүлүшүнүн) интернет аркылуу көз ачып жумганча мүмкүн болооруна да көңүл бурулуп жаткан болушу мүмкүн.
Учурда илимпоздордун ою боюнча, атом жана молекулаларды, ал тургай чоңураак нерселерди жиберүү жакынкы болочокто мүмкүн болмокчу. «Телепортация» деп аталган бул ыкма менен бир жердеги бир буюмдун (нерсенин) материалдык өзгөчөлүктөрү жок кылынып, бул буюмга тиешелүү бардык детальдар жана атомдук түзүлүшү башка бир жерге жөнөтүлүүдө. Кыскача айтканда, буюмдун бардык материалдык өзгөчөлүктөрү кайрадан куралууда. Бул эмгектер убакыт жана мейкиндик жолоочулукка тоскоол болбойт жана буюмдар (нерселер) кандайдыр бир жерге бир көз ирмемде, чындыгында физикалык бир аралыкты басып өтпөстөн жеткириле алат деген мааниге келет.
1998-жылы Калифорния технология институтунун (Caltech) борборундагы физиктер эки европалык топ менен бирге бир фотонду жөнөтө алышкан. Илимпоздор фотондун атомдук түзүлүшүн окуп, бул маалыматты 1 метрге жеткирип, фотондун бир копиясын пайда кылышкан. Андан мурдараак ишке ашырылган башка бир телепортация экспериментинде болсо Улуттук Австралия университетинен (ANU) Пинг Кой Лам (Ping Koy Lam) жана башка изилдөөчүлөр бир лазер нурун кыска бир аралыкка жөнөтө алышкан.
2002-жылы 17-июльда CNN кабар каналындагы бир кабарда Canberra'дагы Улуттук Австралия университетинин физиктеринен турган бир топтун бир лазердик нурду бөлүктөргө бөлүп, бир канча метр башка жерге «иондоштурганы» айтылды. Топтун башчысы Пинг Кой Ламдын болсо «али затты иондоштура албадык, бирок бул мүмкүн жана атом абалындагы заттарды иондоштуруу келечекте мүмкүн болот» деп айтканы кабарланды.
Данияда Aarhus университетинен Юджин Ползик (Eugene Polzik) жана кесиптештеринин Nature журналында жарык көргөн изилдөө отчеттору боюнча, лазер нурун колдонуп, көп сандагы атомго кванттык физикадан пайдаланып, ийгиликтүү эксперименттерди жасашкан.
Scientific American журналында эмгегин жарыялаган австралиялык физик Антон Цайлингер (Anton Zeilinger) болсо телепортация потенциалы жөнүндөгү анализдеринде бир топ татаал системаларды физика мыйзамдарын тебелебестен ташууга (бир жерге жеткирүүгө) болоорун айткан.
Куранда «Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз...» (Фуссилет Сүрөсү, 53) аяты менен билдирилгендей, бул илимий жетишкендиктер да Куранда ишарат кылынган жана Курандын кереметтүү тараптарын ортого койгон технологиялардын бир бөлүгү болушу мүмкүн.
Эскертүүлөр
- Anil Ananthaswamy, "Teleporting larger objects becomes real possibility", New Scientist, 6 Şubat 2002.
- Dr. David Whitehouse, BBC News Online, 17 Haziran 2002.
- "Atom Experiment Brings Teleportation a Step Closer", Reuters, 26 Eylül 2001; http://www.space.com/businesstechnology/technology/quantu…
- James Schultz, Space News, Teleporting the Quantum Way, 12 Ekim 2000.


