Юсуф Сүрөсү, 92-94
Жыттын берилиши
Учурда илимпоздор фотондор сыяктуу атомдорду жана жыт молекулаларын да жакынкы болочокто бир жерден бир жерге жөнөтүүгө мүмкүн болот дешүүдө. Йусуф Сүрөсүнүн 94-аятында Аз. Йусуфтун атасы уулунун жытын сезгенин айтууда.
قَالَ لَا تَثْرِيبَ عَلَيْكُمُ ٱلْيَوْمَ ۖ يَغْفِرُ ٱللَّهُ لَكُمْ ۖ وَهُوَ أَرْحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ ٩٢ ٱذْهَبُوا۟ بِقَمِيصِى هَٰذَا فَأَلْقُوهُ عَلَىٰ وَجْهِ أَبِى يَأْتِ بَصِيرًۭا وَأْتُونِى بِأَهْلِكُمْ أَجْمَعِينَ ٩٣ وَلَمَّا فَصَلَتِ ٱلْعِيرُ قَالَ أَبُوهُمْ إِنِّى لَأَجِدُ رِيحَ يُوسُفَ ۖ لَوْلَآ أَن تُفَنِّدُونِ ٩٤
Айтты: «Бүгүн силерге карата сурак, айыптоо жок. Силерди Аллах кечирсин. Ал мээримдүүлөрдүн (эң) мээримдүүсү. Бул көйнөгүм менен баргыла да, атамдын жүзүнө сүрткүлө. Көзү (кайра) көрүп калат. Бүт үй-бүлөңөрдү да мага алып келгиле.» Кербен (Египеттен) чыгып баштаганда, аталары: «Эгер мени акылдан азган дебесеңер, ишенгиле, Йусуфтун жытын (мурдумда) алып жатам» деди.
Учурда илимпоздор фотондор сыяктуу атомдорду жана жыт молекулаларын да жакынкы болочокто бир жерден бир жерге жөнөтүүгө мүмкүн болот дешүүдө. Йусуф Сүрөсүнүн 94-аятында Аз. Йусуфтун атасы уулунун жытын сезгенин айтууда. Илимпоздор жакынкы келечекте үч өлчөмдүү сүрөттөлүштү же сүрөттү жөнөткөн сыяктуу жытты жөнөтүү да технологиялык жактан мүмкүн болот дешүүдө. Ошондуктан бул аят учурда аракет кылынып жаткан жытты жиберүүчү алдыңкы технологияга ишарат кылышы ыктымал.

Себеби жыт сезүү –башка сезүү органдарыбыз сыяктуу эле- мээбизде пайда болот. Бир лимондун кабыгынан чыккан химиялык молекулалар мурундагы жыт кабылдагычтарды стимулдайт. Бул жерден электрдик импульс жоромолдонушу үчүн мээге жөнөтүлөт. Ошондуктан бул жытка тиешелүү импульс башка жол менен пайда кылынганда да ошондой эле жытты сезүүгө болот. «Электрдик мурун» деп аталган технология да мунун мүмкүн экенин көрсөткөн эмгектердин бири.
Адамдагы жыт сезүү системасы он миңден ашуун жытты оңой гана айырмалай алууга мүмкүндүк берет. Белгилүү бир химия билимин алган адистер бир атырдагы жүзгө жакын жыттын булагын аныктай алышат. Адамдын мурдундагы мындай улуу жаратылуу көптөгөн илимпозду ушуга окшогон жабдыктарды долбоорлоого стимулдоодо. Дүйнөнүн ар кандай изилдөө-өнүктүрүү борборлорунда адамдагы мындай жыт алуу системасынын копияларын өндүрүүгө аракет жасалууда. Мурун өрнөк алынуу менен иштеп чыгылган бул моделдерге «электрондук мурун» деген ат ыйгарылууда.
Адамдын мурдундагы протеиндерден турган рецепторлордун ордуна электрондук копияларда бир катар химиялык кабылдагыч колдонулат. Бул кабылдагычтардын ар бири ар башка жытты кабылдай турган абалда жасалат; тандай алуу мүмкүнчүлүгү өскөн сайын өндүрүү татаалдайт жана баалары өсөт. Сенсорлор айланадан топтогон сигналдар электрондук системалар аркылуу экилик коддорго айландырылат жана бир компьютерге жөнөтүлөт. Электрондук системалар жыт сезүүгө жооптуу нерв клеткаларынын, компьютер болсо адамдын мээсинин бир копиясы деп элестетүүгө болот. Компьютер ага келген маалыматтарды анализдөөгө программаланат жана мунун жардамында ага келген экилик код системасынан турган сигналдарды жоромолдойт.
Ушундай ыкма менен иштеп чыгылган электрондук мурундар тамак-аш, парфюмерия, медицина жана химия өнөр-жайы сыяктуу ар кайсы тармактарда колдонулууда. Университеттер жана эл аралык уюмдар мындай долбоорлорго абдан колдоо көрсөтүшүүдө. Ошого карабастан, Warwick университетинен Жулиан Гарднер (Julian Gardner) айткандай, электрондук мурун технологиясы али башталгыч этапта гана.
NASA'да эмгектенген илимпоздор болсо космостук изилдөөлөр үчүн абдан сезгич жасалма мурун иштеп чыгышууда. Бул аппарат дээрлик ар түрдүү химиялык кошулманы айырмалай ала турган, адамдын мурдунан кылдатыраак өлчөөлөрдү жасай алат. Бул ыкма менен космостук станциядагы зыяндуу заттарды аныктоо мүмкүн болуп, акылдуу бир коопсуздук системасынын бөлүгү катары иштейт. Мына ушул технология үн, сүрөттөлүш сыяктуу эле жытты бир жерден бир жерге жиберүүнүн да жакынкы келечекте мүмкүн болушу ыктымал экенин көрсөтүүдө.
Эскертүүлөр
- Elise Hancock, "A Primer on Smell", Johns Hopkins Magazine, Eylül 1996.
- Mia Schmiedeskamp, "Plenty to Sniff At", Scientific American, Mart 2001; http://www.sciam.com/2001/0301issue/0301techbus1.html.
- http://science.nasa.gov/headlines/y2004/ 06oct_enose.htm?list1037616; "Electronic Nose", 6 Ekim 2004


