Теквир Сүрөсү, 15-16
Тартылуу күчү жана орбиталык кыймылдар
Теквир Сүрөсүнүн 15-аятындагы «хуннес» сөзү бырышып сиңүүчү, артка кетүүчү, артка кайтуучу сыяктуу маанилерге келет. 16-аятта «ордун ээлөөчүлөргө» деп которулган Арапча сөзү болсо «куннес».
فَلَآ أُقْسِمُ بِٱلْخُنَّسِ ١٥ ٱلْجَوَارِ ٱلْكُنَّسِ ١٦
Жок; сиңип айлануучу (планета)ларга ант ичем, бир агым ичинде ордуна баруучуларга;
Теквир Сүрөсүнүн 15-аятындагы «хуннес» сөзү бырышып сиңүүчү, артка кетүүчү, артка кайтуучу сыяктуу маанилерге келет. 16-аятта «ордун ээлөөчүлөргө» деп которулган Арапча сөзү болсо «куннес». «Канис» сөзүнүн көптүк түрү болгон «куннес» сөзү белгилүү трасса, уяга кирүү, кыймылдагы нерсенин уясы, уясына кирип сактануучулар маанилерине келет. 16-аяттагы «агым» сөзү болсо «жарайан» сөзүнөн чыккан жана агып баруучу маанисине келген «жарийа» сөзүнүн көптүк түрү болгон «жавар». Бул сөздөрдүн маанилерине көңүл бурулганда, планеталардын тартылуу күчтөрү жана орбита айланасындагы кыймылдарына ишарат кылынып жатат деп айтууга болот.

Жогорудагы аяттарда колдонулган бул сөздөр тартылуу күчтөрүнөн келип чыккан орбиталык кыймылдарды толук сүрөттөйт. Булардан «хуннес» сөзү менен планеталардын өз борборлорун көздөй жана күн системасынын борбору болгон күндү көздөй тартылууларына көңүл бурулууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Тартылуу күчү ааламда ансыз деле бар болгон бир күч, бирок бул тартылуу күчүнүн математикалык формулалар менен аныкталышы 17-18-кылымдарда жашаган Исаак Ньютон тарабынан мүмкүн болгон. Кийинки аяттагы «альжавари» сөзү болсо бул тартылуу күчүнө карама-каршы күч болгон борбордон качуу күчүнөн келип чыккан орбиталык кыймылдарга басым жасоодо. Албетте, агып (сүзүп) жүрүүчүлөр маанисине келген «альжавари» сөзүнүн «хуннес» (борборду көздөй тартылуу, кысылуу, сиңүү) жана «куннес» (трасса, уяга кирүү, кыймыл абалындагы нерсенин уясы) сөздөрү менен колдонулушу 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон маанилүү бир илимий чындыкка көңүл бурууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Мындан тышкары, Куранда ант ичилген нерселердин бири болгон бул аяттар бул жагдайдын маанисине көңүл бурган дагы бир аят.


