Рахман Сүрөсү, 33

Жердин жана космостун көлөмдөрү

Бул аятта учтары деп которулган сөздүн Арапчасы «актар». «Актар» Арапчада көлөм (диаметр) маанисине келген «кутур» сөзүнүн көптүк түрү, жана асмандардын жана жердин көптөгөн көлөмдөрү (диаметрлери) бар экенин билдирүүдө.

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

يَٰمَعْشَرَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ إِنِ ٱسْتَطَعْتُمْ أَن تَنفُذُوا۟ مِنْ أَقْطَارِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ فَٱنفُذُوا۟ ۚ لَا تَنفُذُونَ إِلَّا بِسُلْطَٰنٍۢ ۝٣٣

Эй жин жана инсан коомдору, эгер асмандардын жана жердин учтарынан ашып-өтүүгө күчүңөр жетсе, ылдам ашкыла; бирок «улуу бир күч (султан)» болбостон аша албайсыңар.
Рахман Сүрөсү, 33

Бул аятта учтары деп которулган сөздүн Арапчасы «актар». «Актар» Арапчада көлөм (диаметр) маанисине келген «кутур» сөзүнүн көптүк түрү, жана асмандардын жана жердин көптөгөн көлөмдөрү (диаметрлери) бар экенин билдирүүдө. Арапчада сөздүн колдонушуна жараша жекелик түрдө же көптүк түрдө (экиден көппү) же жуптук формада колдонулганын түшүнүүгө болот. Ошондуктан сөздүн бул жердеги колдонуу формасы аркылуу –экиден көп экенин билдирген көптүк форма аркылуу- дагы бир кереметтүү маалымат билдирилүүдө.

Жердин жана космостун көлөмдөрү

Белгилүү болгондой, үч өлчөмдүү нерсе бир калыптуу тоголок формага ээ болсо гана бир көлөм (диаметр) жөнүндө сөз кылууга болот. Көлөмдөр сөзү болсо бир калыптуу болбогон бир тоголок формага гана тиешелүү болушу мүмкүн. Аятта тандалган бул сөз –көлөмдөр- жердин геоид формасына ишарат кылышы жагынан маанилүү. Аятта дагы бир көңүл бурула турган нерсе – бул көлөмдөр жөнүндө сөз болуп жатканда жер бети жана асмандардан өз-өзүнчө сөз кылынышы.

Албетте, Эйнштейндин Жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча аалам кеңейүүдө; бирок бул галактикалар жана башка космос телолору космосто айланага таркап жатат деген мааниге келбейт. Бул космос кеңейип жатат жана бул учурда галактикалар арасындагы аралык алыстап баратат дегенди билдирет.

Рахман Сүрөсүнүн 33-аятындагы «асмандардын көлөмдөрү» сөзү да космостун айлана сымал формасына ишарат кылууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Космостун ар кайсы жерлеринен космостун көлөмдөрү ар түрдүү чыгат, ошондой эле тынымсыз кеңейген космостун көлөмдөрү да тынымсыз өзгөрүп турат. Бул жагынан караганда аятта «көлөм» сөзүнүн көптүк түрдө колдонулушу абдан терең маанилүү жана Курандын бүт нерсенин илимине ээ болгон Раббибиздин вахийи экендигинин көрсөткүчтөрүнүн бири.

Аяттарга шилтемелер