Хадид Сүрөсү, 25
Темирдеги сыр
Темир – Куранда көңүл бурулган элементтердин бири. Курандын «Хадид», б.а. «Темир» аттуу сүрөсүндө мындайча буюрулат:
Темир – Куранда көңүл бурулган элементтердин бири. Курандын «Хадид», б.а. «Темир» аттуу сүрөсүндө мындайча буюрулат:

لَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلَنَا بِٱلْبَيِّنَٰتِ وَأَنزَلْنَا مَعَهُمُ ٱلْكِتَٰبَ وَٱلْمِيزَانَ لِيَقُومَ ٱلنَّاسُ بِٱلْقِسْطِ ۖ وَأَنزَلْنَا ٱلْحَدِيدَ فِيهِ بَأْسٌۭ شَدِيدٌۭ وَمَنَٰفِعُ لِلنَّاسِ وَلِيَعْلَمَ ٱللَّهُ مَن يَنصُرُهُۥ وَرُسُلَهُۥ بِٱلْغَيْبِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِىٌّ عَزِيزٌۭ ٢٥
... Жана анда күчтүү бир катуулук жана адамдар үчүн (ар түрдүү) пайдалар бар темирди да түшүрдүк...
Темир жердеги үчүнчү эң көп тараган элемент жана жердин үстүңкү катмарынын беш пайызын түзөт. Темир элементи жерде мынчалык көп санда болгонуна карабастан, темирдин пайда болушу жерде ишке ашкан эмес. Заманбап астрономиялык ачылыштар жердеги темир металлынын космостогу башка ири жылдыздардан келгенин аныктады.
Хадид Сүрөсүнүн 25-аятында темир үчүн колдонулган «энзелна», б.а. «түшүрүү» сөзүн кыйыр мааниде адамдардын кызматына берилүү маанисинде деп ойлоого да болот. Бирок сөздүн жамгыр жана күн нурлары үчүн колдонулган «асмандан физикалык мааниде түшүрүү» деген чыныгы мааниси алынганда, аяттын жогоруда айтылган бул маанилүү илимий чындыкка ишарат кылганын көрөбүз.
Бир гана жердеги эмес, бүт күн системасындагы темир тышкы космостон келген. Себеби күндүн ысыктыгы темир элементинин пайда болушу үчүн жетиштүү эмес. Күндүн үстүңкү бет температурасы 6000 0C, ядросунун ысыктыгы болсо 20 миллион 0C. Темир күндөн бир топ чоң жылдыздарда, бир канча жүз миллион даражага жеткен ысык температураларда гана пайда боло алат. Нова (жаңы жылдыз) же Супернова (өтө жаңы жылдыз) деп аталган бул жылдыздардагы темирдин саны белгилүү бир деңгээлден өткөндө, жылдыз аны көтөрүп жүрө албай калат жана жарылат. Темирдин космоско таркалышы мына ушул жарылуулар натыйжасында мүмкүн болот.
Илимий бир булакта бул жөнүндө мындай маалыматтар орун алган:
Көбүрөөк жыл болгон Супернова кубулуштарын көрсөткөн далилдер да бар: деңиз түбүндө чогулган темир-60 болжол менен 5 миллион жыл мурда күндөн 90 жарык жылы алыста болгон бир Супернова жарылуусунун далили деп жоромолдонгон. Супернова жарылуусунда пайда болгон темир-60 1,5 миллион жыл бөлүнүү өмүрү болгон радиоактивдүү бир изотоп. Жердин астыңкы катмарларындагы темир-60 изотобу жакынкы космостогу элементтердин нуклеосинтезден өтүп, алгач жер атмосферасына, ал жерден болсо жердин астыңкы катмарларына өтүшү натыйжасында пайда болгон.
Байкалгандай, темир заты жерде пайда болгон эмес, суперновалардан чыгып, дал аятта билдирилгендей «түшүрүлгөн». Бул маалыматтын Куран түшүрүлгөн 7-кылымда илимий тараптан аныкталышынын мүмкүн эмес экени болсо анык. Бирок бул чындык бүт нерсени чексиз илими менен курчаган Аллахтын сөзү болгон Куранда орун алган.
Учурдагы астрономия илими бизге башка элементтердин да жерден башка жерде пайда болгонун көрсөтүүдө. Аяттагы «темирди да түшүрдүк» сүйлөмүндөгү «да» сөзү ушул чындыкка ишарат кылып жатышы мүмкүн. Бирок аятта темирге өзгөчө көңүл бурулушу болсо, 20-кылымдын аягында алынган маалыматтар эске алынганда, абдан ойлонтот. Атактуу микробиолог Майкл Дентон (Micheal Denton) Nature's Destiny (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде темирдин маанисине төмөнкү сөздөрү менен басым жасаган:
Бардык металлдар арасында темирден да маанилүүсү жок. Бир жылдыздын ядросунда темирдин чогулушу супернованын жарылышына түрткү болот жана натыйжада жашоо үчүн керектүү болгон атомдордун бүт ааламга жайылышына шарт түзөт. Темир атомдору жердин алгачкы баскычтарында ядродо пайда кылган тартылуу күчүнөн чыккан жылуулук жердин башындагы химиялык айырмачылыктарына себеп болуп, атмосферанын жана аягында гидросферанын пайда болушун камсыз кылган. Жердин ядросундагы ээриген темир чоң бир магнит кызматын аткарат жана жердин магниттик талаасын пайда кылат. Бул талаа урматында жердин бетин жогорку энергиялуу кыйратуучу космостук радиациядан коргогон Ван Аллен радиация катмарлары пайда болот жана абдан маанилүү болгон озон катмарын космостук нурдун кыйратуусунан коргойт.
Темирдин атому болбосо, ааламда көмүртекке байланыштуу жашоо мүмкүн болмок эмес; суперновалар болмок эмес, жердин алгачкы баскычтарындагы жылынышы ишке ашмак эмес, атмосфера же гидросфера болмок эмес. Коргоочу магниттик талаа болмок эмес, Ван Аллен радиация катмарлары пайда болмок эмес, озон катмары болмок эмес, (адамдын канында) гемоглобинди пайда кыла турган эч бир металл болмок эмес, кычкылтектин реактивдүүлүгүн басаңдата турган металл пайда болмок эмес жана кычкылданууга таянган бир метаболизма пайда болмок эмес.
Жашоо жана темир менен кандын кызыл түсү менен алыстагы бир жылдыздын өлүмү арасындагы мындай сырдуу жана жакын байланыш металлдардын биология жагынан маанилүү экенин көрсөтүү менен эле тим болбостон, ааламдын биологиялык тараптан маанисине да басым жасайт.
Темир атомунун мааниси бул баяндардан апачык көрүнүүдө. Куранда атайын темирге көңүл бурулушу да бул заттын маанисине басым жасоодо. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда темир колдонулчу жана ар кандай курал-шаймандар жасалчу эле; бирок темирдин адамдын жашоосундагы мааниси жөнүндөгү маалыматтар абдан аз эле. Жердин ядросунда темирдин бар экени, адамдын канында темир бар экени жана темирдин жандуулар үчүн абдан чоң мааниге ээ экендиги 20-кылымга чейин билинбеген чындыктар эле.
Куранда темирдин маанисине көңүл бурган дагы бир сыр бар. Ичинде темир жөнүндө айтылган Хадид Сүрөсүнүн 25-аяты эки математикалык сырды камтыйт: «Аль-Хадид» - Курандын 57-сүрөсү. «Аль-Хадид» сөзүнүн Арап тилиндеги сандык мааниси, т.а. эбжеди эсептелгенде да ушул эле сан чыгат: «57». (Эбжед эсеби жөнүндө «Куранда эбжед эсеби» бөлүмүн караңыз)
Бир гана «хадид» сөзүнүн сандык мааниси 26. 26 саны болсо – бул темирдин атом номери.
Мындан тышкары, 2003-жылдан бери MagForce Nanoterapi деп аталган бир ракты дарылоо ыкмасында темир кычкыл бөлүкчөлөрү колдонулууда. Германиядагы дүйнөгө таанымал Charite ооруканасынан Др. Андреас Жордан (Dr. Andreas Jordan) иштеп чыккан бул ыкма (жогорку температуралуу магниттик суюктук) рак клеткаларын таза клеткаларга зыян бербестен жок кылууда. Мындай дарылоо ыкмасы кыскача төмөнкүдөй:
1- Ичинде темир кычкыл бөлүкчөлөрү бар суюктук атайын бир шприц менен шишиктин ичине жөнөтүлөт. Бул бөлүкчөлөр шишик клеткаларына жайылат. Бул суюктуктун 1 см кубунда темир кычкылдан турган жана эритроциттерден 1000 эсе кичине, миллиондогон бөлүкчөлөр бар жана булар кан-тамырларда оңой гана айлана алышат.
2- Оорулуу андан соң күчтүү магниттик таасири бар бир аппараттын астына жаткырылат.
3- Сырттан жиберилген мындай магниттик агым шишиктин ичиндеги темир бөлүкчөлөрүн кыймылдатып баштайт. Бул процессте темир кычкыл бөлүкчөлөрүн камтыган шишиктеги температура 45 0C'ге чейин көтөрүлөт.
4- Ысыктан өзүн коргой албаган рак клеткалары бир канча мүнөт ичинде алсыздайт же жок болот. Андан соң жасалган химиотерапия аркылуу шишик толугу менен жоголушу мүмкүн.
Бул ыкманын кеңири колдонулушу өлүмгө себеп болушу мүмкүн болгон мындай оорунун айыктырылышында абдан маанилүү бир алдыга жылуу болмокчу. Рак сыяктуу кеңири тараган бир ооруну дарылоодо Куранда айтылгандай «адамдар үчүн (ар кандай) пайдалары бар темирдин» колдонулушу абдан көңүл бурат (Хадид Сүрөсү, 25). Куранда бул аят менен темирдин адамдын ден-соолугуна болгон пайдаларына да ишарат кылынып жаткан болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)
(Эң туурасын Аллах билет.)
Эскертүүлөр
- http://www.wamy.co.uk/announcements3.html; Prof. Zighloul Raghib El-Naggar'ın konuşmasından.
- Dr. Mazhar, U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, 1997, ss. 110-111; http://www.wamy.co.uk/announcements3.html; Prof. Zighloul Raghib El-Naggar'ın konuşmasından.
- http://www.istanbul.edu.tr/fen/astronomy/populer/cevre/ce…; Yard. Doç. Dr. Yüksel Karataş, İstanbul Üniversitesi Fen Fakültesi Astronomi ve Uzay Bilimleri Bölümü, Popüler Bilim (Popular Science Magazine), no. 92, 2001, ss. 38-43, [American Scientist, c. 88, s. 1].
- Michael J. Denton, Nature's Destiny, The Free Press, 1998, s. 198.
- http://www.inm-gmbh.de/cgibin/frame/frameloader.pl?sprach…;url=http://www.inm-gmbh.de/htdocs/technologien/highlights/hig…
- "Nanotechnology successfully helps cancer therapies", IIC Fast Track, Nanotech News from Eastern Germany, Industrial Investment Council, Ekim 2003;www.iic.de/uploads/media/NANO_FT_Nov2003_01.pdf


