Хаж Сүрөсү, 47

Убакыттын салыштырмалуулугу

Убакыттын салыштырмалуулугу учурда далилденген бир чындыкка айланды. Бирок бул чындык өткөн кылымдын баштарында Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы менен ортого коюлган.

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Убакыттын салыштырмалуулугу учурда далилденген бир чындыкка айланды. Бирок бул чындык өткөн кылымдын баштарында Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы менен ортого коюлган. Ал доорго чейин адамдар убакыттын салыштырмалуу бир түшүнүк экенин, чөйрөгө жараша өзгөрүшү мүмкүн экенин билишчү эмес. Бирок атактуу илимпоз Альберт Эйнштейн салыштырмалуулук теориясы менен бул чындыкты апачык далилдеди. Убакыттын масса жана ылдамдыктан көз-каранды бир түшүнүк экенин ортого койду. Андан мурда эч ким бул жагдай жөнүндө ачык сөз кылган эмес эле.

Убакыттын салыштырмалуулугу

Жалгыз бир жерде, т.а. Куранда убакыттын салыштырмалуу экенин көрсөткөн маалыматтар берилген эле. Бул жөнүндөгү кээ бир аяттар төмөнкүдөй:

Убакыттын салыштырмалуулугу

وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِٱلْعَذَابِ وَلَن يُخْلِفَ ٱللَّهُ وَعْدَهُۥ ۚ وَإِنَّ يَوْمًا عِندَ رَبِّكَ كَأَلْفِ سَنَةٍۢ مِّمَّا تَعُدُّونَ ۝٤٧

... Чынында, сенин Раббиңдин Кабатында бир күн силер санап жаткандан миң жыл сыяктуу.
Хаж Сүрөсү, 47

يُدَبِّرُ ٱلْأَمْرَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ إِلَى ٱلْأَرْضِ ثُمَّ يَعْرُجُ إِلَيْهِ فِى يَوْمٍۢ كَانَ مِقْدَارُهُۥٓ أَلْفَ سَنَةٍۢ مِّمَّا تَعُدُّونَ ۝٥

Асмандан жерге чейин бардык ишти Ал курчап жөнгө салат. Анан (иштер) силер санап жаткан миң жылдай узун бир күндө Ага көтөрүлөт.
Сежде Сүрөсү, 5

تَعْرُجُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيْهِ فِى يَوْمٍۢ كَانَ مِقْدَارُهُۥ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍۢ ۝٤

Периштелер жана Рух (Жебрейил) Ага узундугу элүү миң жыл болгон бир күндө чыга алышууда.
Меариж Сүрөсү, 4

610-жылы түшүрүлүп баштаган Куранда убакыттын салыштырмалуулугунун мынчалык апачык айтылышы – анын Аллахтан келген бир китеп экендигинин дагы бир далили.

Аяттарга шилтемелер