Абесе Сүрөсү, 18-20
Гендердеги программа
Бул аятта «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды» деп которулган «каддере» сөзү Арап тилинде «кадере» этиш уңгусунан чыгууда жана «жөнгө салуу, ченеп бычуу, пландоо, программалоо, келечекти көрүү, Аллахтын бир нерсени (тагдырда)…
مِنْ أَىِّ شَىْءٍ خَلَقَهُۥ ١٨ مِن نُّطْفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ ١٩ ثُمَّ ٱلسَّبِيلَ يَسَّرَهُۥ ٢٠
(Аллах) Аны эмнеден жаратты? Бир тамчы суудан жаратып, аны «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды.» Кийин ага жолду жеңилдештирди.
Бул аятта «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды» деп которулган «каддере» сөзү Арап тилинде «кадере» этиш уңгусунан чыгууда жана «жөнгө салуу, ченеп бычуу, пландоо, программалоо, келечекти көрүү, Аллахтын бир нерсени (тагдырда) жазышы» маанилерине келүүдө.

Белгилүү болгондой, атанын сперма клеткасы эненин жумуртка клеткасын уруктаганда төрөлө турган наристенин бардык генетикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн атанын жана эненин гендери биригет. Бул миңдеген гендин ар биринин өзүнчө бир функциясы бар. Чач жана көздүн өңүн, боюнун узундугун, бетинин формасын, скелет түзүлүшүн; ички органдардагы, мээ, нервдер жана булчуңдардагы сансыз детальдарды гендер аныктайт. Бардык физикалык өзгөчөлүктөрдөн тышкары, клеткаларда жана денеде ишке ашкан миңдеген ар кандай окуя жана системанын башкарылышы да гендерде жазылган. Мисалы, адамдын кан басымынын төмөн, жогору же нормада болушу да гендердеги маалыматтардан көз-каранды.
Сперма менен жумуртка кошулганда, пайда болгон алгачкы клетка менен бирге адамдын жашоосунун аягына чейин ар бир клеткасында кодун алып жүрө турган ДНК молекуласынын да алгачкы копиясы пайда болгон болот. ДНК – бул клетканын ядросунда абдан аяр корголгон абдан чоң бир молекула жана бул молекула жогоруда айтылган гендерди өзүнө камтыган, адам денесинин бир маалымат базасы. Урукталган жумуртка деп атаган алгачкы клеткабыз мындан соң ДНКдагы жазылуу программага жараша көбөйөт жана бир адамга айлануу үчүн денедеги кыртыштарды, органдарды түзүп баштайт. Мына ушул комплекстүү түзүлүштүн координациясы ДНК молекуласы – көмүртек, фосфор, азот, суутек жана кычкылтек сыяктуу атомдордон турган бир молекула-тарабынан камсыздалат.
ДНКдагы жазылуу маалыматтын көлөмү болсо илимпоздорду абдан таң калтырган көлөмгө ээ. Адамдын жалгыз бир ДНК молекуласында толук бир миллион энциклопедия барагын же болбосо болжол менен 1000 китепти толтура турган көлөмдөгү маалымат бар. Башкача айтканда, ар бир клетканын ядросунда адамдын денесинин функцияларын башкарууга жарай турган бир миллион беттик бир энциклопедияга бата турган көлөмдөгү маалымат коддолгон. Бир салыштыруу жасасак, дүйнөнүн эң ири энциклопедияларынын бири болгон 23 томдук Encyclopedia Britannica'нын да жалпы 25 миң бети гана бар. Микроскопиялык клетканын ичиндеги андан бир топ кичинекей бир ядродогу бир молекулада миллиондогон маалымат камтыган дүйнөнүн эң чоң энциклопедиясынан 40 эсе чоң бир маалымат кампасы сакталуу турат. Бул болсо болжол менен 1000 томдук, дүйнөдө башка теңдеши жок, абдан чоң бир энциклопедия дегенди билдирет.
ДНКнын түзүлүшүнүн 1953-жылы Фрэнсис Крик (Francis Crick) тарабынан ачылганын эске алсак, эмбриологдор 19-кылымдын аягына чейин талаша албаган «генетикалык пландоо» түшүнүгүнө Куранда 1400 жыл мурдатан ишарат кылынышы – албетте, Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринен.
Булактар
- Schwartz, "Cosmic 'big crunch' could trigger an early demise of our universe", Stanford Report, du 25 septembre 2002.


