Энбия Сүрөсү, 30
«Асмандар менен жердин» бири-биринен бөлүнүшү
Куранда асмандардын жаратылышы жөнүндө маалымат берилген башка бир аят болсо төмөнкүдөй:
Куранда асмандардын жаратылышы жөнүндө маалымат берилген башка бир аят болсо төмөнкүдөй:

أَوَلَمْ يَرَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَنَّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ كَانَتَا رَتْقًۭا فَفَتَقْنَٰهُمَا ۖ وَجَعَلْنَا مِنَ ٱلْمَآءِ كُلَّ شَىْءٍ حَىٍّ ۖ أَفَلَا يُؤْمِنُونَ ٣٠
Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)?
Аяттын «бири-бирине бириккен» деп которулган «ратк» сөзү Арапча сөздүктөрдө «бири-бирине бириккен, бөлүнбөй турган абалда, аралашкан» маанилерине келет. Б.а. толук бир бүтүндү түзгөн эки затты сүрөттөө үчүн бул сөз колдонулат. Аяттагы «бөлдүк» деген сөз болсо Арапча «фатк» этиши; бул этиш жабышкан, бир абалдагы бир нерсени жарып, майдалап тышкы чыгышы маанисине келет. Мисалы, уруктун бүчүрлөнүп, топурактан сыртка чыгышы Арапчада ушул этиш менен айтылат.
Эми аятты кайра карайлы. Аятта асмандар менен жердин бирге, т.а. «ратк» абалында экени айтылууда. Андан соң бул экөө «фатк» этиши менен бөлүнүшүүдө. Т.а. бири экинчисин жарып, сыртка чыгууда. Чынында эле Биг Бенгдин алгачкы баскычын элестеткенибизде, ааламдын бүт затынын жалгыз бир чекитте чогулганын көрөбүз. Башкача айтканда, бүт нерсе, ал тургай али жаратыла элек болгон «асмандар жана жер» да бул чекиттин ичинде, бири-бири менен аралаш, бөлүнбөс абалда болушкан. Андан соң бул чекит күчтүү бир жарылуу менен жарылып бөлүнүүдө.


