Рахман Сүрөсү, 7-9
Ааламдагы абдан аяр эсеп
Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (системага) салган, белгилүү бир өлчөм (эсеп) менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)
Эскертүү: бул сүрөт ааламдын түзүлүшүн көрсөтпөйт. Ал жөн гана символдук мааниге ээ жана ааламдагы миллиарддаган галактикалардын ар бири жана алардагы планеталар жашоо болушу үчүн кандай назик тең салмактуулук менен жаратылганын билдирет.
ٱلَّذِى خَلَقَ سَبْعَ سَمَٰوَٰتٍۢ طِبَاقًۭا ۖ مَّا تَرَىٰ فِى خَلْقِ ٱلرَّحْمَٰنِ مِن تَفَٰوُتٍۢ ۖ فَٱرْجِعِ ٱلْبَصَرَ هَلْ تَرَىٰ مِن فُطُورٍۢ ٣ ثُمَّ ٱرْجِعِ ٱلْبَصَرَ كَرَّتَيْنِ يَنقَلِبْ إِلَيْكَ ٱلْبَصَرُ خَاسِئًۭا وَهُوَ حَسِيرٌۭ ٤
Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат.
«Аллахтын жети асманды бири-бири менен бир төп келүүчүлүк ичинде жаратканын көрбөй жатасыңарбы?» (Нух сүрөсү, 15)

Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (системага) салган, белгилүү бир өлчөм (эсеп) менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)
Материалисттик философия «ааламдагы жана табияттагы бардык системалар өзүнөн-өзү иштеген бир машина сыяктуу» жана «алардагы кемчиликсиз тең салмактуулук жана системанын жаратуучусу – бул кокустуктар» деген догманы жактайт. Бирок бүгүнкү күндө материализмдин жана анын калп илимий таянычы болгон дарвинизмдин жараксыз экени илимий тараптан толук далилденди..
20-кылымдагы астрофизика тармагында болсун, биология тармагында болсун көптөгөн илимий ачылыштар ааламдын жана жандуулардын жаратылганын далилдеди. Бир тараптан дарвинизмдин гипотезалары бир-бирден кыйрап отурганда, экинчи тараптан болсо ааламдын жоктон жаратылганын көрсөткөн Биг Бенг теориясы жана заттык дүйнөдө улуу бир долбоор, план жана «кылдат бир жөнгө салуу» (fine tuning) бар экенин көрсөткөн ачылыштар материализмдин догмаларынын негизсиз экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Жандуу нерсенин пайда болушу үчүн керектүү болгон шарттарды караганыбызда бир гана жердин мындай өзгөчө бир чөйрөгө ээ экенин көрөбүз. Жашоого ыңгайлуу болгон бул чөйрөнү камсыздоо үчүн болсо санап бүтүүгө мүмкүн болбогондой көп сандагы шарттар бир эле учурда, тынымсыз ишке ашууда. Ааламда болжол менен 100 миллиард галактика жана ар биринде орточо 100 миллиард жылдыз жана дагы ошончо планета бар экенин эске алсак, анда жерде мынчалык өзгөчө бир чөйрөнүн пайда болушунун маанисин жакшыраак түшүнүүгө болот.
Биг Бенгдин жарылуу ылдамдыгынан атомдордун физикалык тең салмактуулуктарына, төрт негизги күчтүн чоңдуктарынан жылдыздардын алхимиялык процесстерине, күн таркаткан нурдун өзгөчөлүгүнөн суунун суюктук (агуучулук) даражасына, айдын жерге болгон алыстыгынан атмосферадагы газдардын катышына, жердин күнгө болгон алыстыгынан анын огунун орбитасына болгон кыйшайуу деңгээлине, жердин өз огундагы айлануу ылдамдыгынан жер бетиндеги океандардын, тоолордун функцияларына чейинки бардык детальдардын баары биздин өмүр сүрүшүбүзгө абдан кереметтүү тактыкта ыңгайлуу. Учурда илим чөйрөсү ааламдын мындай өзгөчөлүктөрүн «Адамдык принцип» (Anthropic Principle) жана «кылдат бир жөнгө салуу» (Fine Tuning) түшүнүктөрү менен сүрөттөөдө. Бул түшүнүктөр ааламдын максатсыз, өз башынча, кокустан пайда болгон бир зат жыйындысы эмес экенин, тескерисинче адамдын жашоосуна багытталган бир максатка ылайык, абдан кылдат долбоорлонгонун көрсөтөт.
Жогорудагы аяттарда Аллахтын жаратуусундагы өлчөм жана төп келүүчүлүккө көңүл бурулууда. Фуркан Сүрөсүнүн 2-аятында «өлчөп бычуу, тууралоо, өлчөп жасоо» маанилерине келген «такдийр» сөзү Мүлк Сүрөсүнүн 3-аяты менен Нух Сүрөсүнүн 15-аятында болсо «төп келишкен» маанисине келген «тибака» сөзү колдонулууда. Мындан тышкары, Аллах Мүлк Сүрөсүндө «карама-каршылык, туура келбестик, төп келбестик, тең салмаксыздык» маанилерине келген «тефавутин» сөзү аркылуу төп келбестик издегендин аны таба албашын билдирүүдө.
20-кылымдын аягына жакын колдонулуп баштаган «кылдат бир жөнгө салуу» (fine tuning) сөзү да ушул аяттарда айтылган чындыкты тастыктоодо. Акыркы 20-30 жыл ичинде көптөгөн илимпоздор ааламдын бир кокустуктар жыйындысы эмес экенин, тескерисинче ар бир детальда адамдын жашоосун көздөгөн кереметтүү бир долбоор жана жөнгө салуу бар экенин көрсөтүштү.. Ааламдагы көптөгөн өзгөчөлүк ааламдын жашоо үчүн өзгөчө долбоорлонгонун апачык көрсөтүүдө. Физик Др. Карл Гиберсон (Karl Giberson) бул чындыкты мындайча баяндайт:
Акыркы 40 жылдан бери физика жана космологиядагы өнүгүүлөр илим терминологиясына «долбоор» сөзүн кайра алып келди. 1960-жылдардын башында физиктер адамдын жашоосу үчүн «кылдат жөнгө салуу» жасалган бир ааламдын эшигин толук ачышты. Ааламда жашоонун бар болушунун эч мүмкүн болбогон жана эч кемчиликсиз бир тең салмактуулуктагы физикалык факторлордон көз-каранды экенин аныкташты.
Англиялык астрофизик проф. Жорж Ф. Эллис (George F. Ellis) бул кылдат жөнгө салуу жөнүндө мындай дейт:
(Ааламдагы) мындай комплекстүүлүккө мүмкүндүк берген мыйзамдарда таң калыштуу бир кылдат жөнгө салуу көрүнүп турат. Ааламдагы мындай комплекстүүлүктүн ишке ашышы «керемет» сөзүн колдонууга мажбурлайт.
Биг Бенгдин жарылуу ылдамдыгы:
Ааламдын пайда болуу учуру болгон Биг Бенгде курулган тең салмактуулуктар ааламдын кокустан пайда боло албашынын көрсөткүчтөрүнүн бири. Австралиядагы Adelaide университетинен атактуу, математикалык физика профессору Пол Дейвистин (Paul Davies) ою боюнча Биг Бенгден кийин ишке ашкан кеңейүү ылдамдыгы эгер миллиард көбөйтүү миллиардда бир (1/1018) чоңдукта эле башкача болгондо, аалам жарала алмак эмес.1 Стивен Хокинг (Stephen Hawking) да Убакыттын кыскача тарыхы аттуу эмгегинде ааламдын кеңейүү ылдамдыгындагы мындай кереметтүү тең салмактуулукту мындайча кабыл алат:
Ааламдын кеңейүү ылдамдыгы ушунчалык критикалык болгондуктан, Биг Бенгден кийинки биринчи секундада бул чоңдук эгер жүз миң миллион көбөйтүү миллиондо бирге кичирээк болгондо эле, аалам азыркы абалына келбестен мурун өз ичине чөгүп кетмек.
Төрт күч:
Учурда заманбап физика кабыл алган «төрт негизги күчтүн» - гравитациялык күч (планеталардын тартылуу күчү), электромагниттик күч, күчтүү ядролук күч жана алсыз ядролук күчтүн- байланышы жана тең салмактуулугу урматында ааламдагы бардык физикалык кыймылдар жана түзүлүштөр пайда болот. Бул күчтөр бири-биринен кереметтүү айырмаларга ээ. Атактуу молекулярдык биолог Майкл Дентон (Michael Denton) бул күчтөр арасындагы назик тең салмактуулукту мындайча түшүндүрүүдө:
Эгер гравитациялык күч бир триллион эсе күчтүү болгондо, анда аалам абдан кичинекей бир жерде болмок жана өмүрү да абдан кыска болмок. Орточо бир жылдыздын массасы азыркыдан бир триллион эсе кичинекей болмок жана өмүрү да бир жылдай эле болмок. Башка тараптан, эгер гравитациялык күч биразга эле алсызыраак болгондо, эч бир жылдыз же галактика эч пайда боло алмак эмес. Башка күчтөр арасындагы тең салмактуулуктар да абдан назик «эсептелген». Эгер күчтүү ядролук күч биразга эле алсыз болгондо, анда ааламдагы жалгыз тең салмактуу элемент суутек болмок. Башка эч бир атом боло алмак эмес. Эгер күчтүү ядролук күч электромагниттик күчкө салыштырмалуу биразга эле күчтүүрөөк болгондо, анда ааламдагы жалгыз тең салмактуу элемент ядросунда эки протону бар бир атом болмок. Мындай учурда ааламда эч суутек болмок эмес, жана жылдыздар жана галактикалар эгер пайда болушса да, азыркы түзүлүштөрүнөн такыр башкача болмок. Кыскасын айтканда, эгер бул негизги күчтөр жана өзгөрүүчүлөр азыр ээ болгон маанилеринин дал өзүндөй мааниге ээ болушпаса, эч бир жылдыз, супернова (supernova), планета жана атом болмок эмес. Жашоо да болмок эмес.
Асман планеталары арасындагы аралыктар:
Асман планеталарынын космостогу жайгашышы жана араларындагы чоң боштуктар жерде жандуулардын жашай алышы үчүн керектүү шарт. Асман планеталары арасындагы аралыктар жердеги жашоону колдой турган абалда көптөгөн ааламдык күч менен ыңгайлуу бир эсеп ичинде жаратылган. Майкл Дентон (Michael Denton) Nature's Destiny (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде суперновалар жана жылдыздар арасындагы аралыктардагы тең салмактуулуктарды мындайча түшүндүрүүдө:
Суперновалар жана негизи бардык жылдыздар арасындагы аралыктар абдан критикалык нерсе. Галактикабыздагы жылдыздардын бири-бирине болгон орточо алыстыгы 30 миллион миля. Эгер бул аралык биразга азыраак болгондо, планеталардын орбиталары туруксуз абалга келмек. Эгер көбүрөөк болгондо, бир супернова тарабынан жайылган зат ушунчалык чачыранды абалга келмек, натыйжада биздикине окшогон планета системалары чоң бир ыктымалдуулук менен эч пайда боло алмак эмес. Эгер аалам жашоого ыңгайлуу бир жер боло турган болсо, анда супернова жарылуулары абдан так бир көлөмдө ишке ашышы керек жана бул жарылуулар менен башка бардык жылдыздар арасындагы аралык абдан так бир алыстыкта болушу зарыл. Бул алыстык учурда ансыз деле бар болгон алыстык.2 Жердин тартылуу күчү:
- Эгер күчтүүрөөк болгондо: жердин атмосферасы абдан көп аммиак жана метан чогултмак, бул болсо жашоого абдан терс таасир бермек.
- Эгер алсызыраак болгондо: жердин атмосферасы абдан көп суу жоготуп, жашоо болмок эмес.
Күнгө болгон алыстык:
- Эгер алысыраак болгондо: планета абдан муздап, атмосферадагы суу айлануусуна тескери таасир бермек жана планета муз дооруна кирмек.
- Эгер жакыныраак болгондо: планета ысыктан куурулуп, атмосферадагы суу айлануусуна тескери таасир бермек жана жашоо мүмкүн болбой калмак.
Жердин үстүңкү катмарынын калыңдыгы:
- Эгер калыңыраак болгондо: атмосферадан жердин үстүңкү катмарына абдан көп санда кычкылтек берилмек.
- Эгер ичкерээк болгондо: жашоонун мүмкүн болбой калышына себеп боло турганчалык көп санда вулкандык кыймылдар болмок.
Жердин өз огунда айлануу ылдамдыгы:
- Эгер жайыраак болгондо: түн менен күндүздүн арасындагы температура айырмалары абдан чоң болмок.
- Эгер ылдамыраак болгондо: атмосфера шамалдары абдан чоң ылдамдыктарга жетип, бороон жана чапкындар жашоону мүмкүн эмес кылмак.
Жердин магнит талаасы:
- Эгер күчтүүрөөк болгондо: абдан күчтүү электромагниттик бороондор болмок.
- Эгер алсызыраак болгондо: күн шамалы деп аталган жана күндөн чыккан зыяндуу бөлүкчөлөрдөн жер корголбой калмак. Эки учурда тең жерде жашоо мүмкүн болмок эмес.
Альбедо (Albedo) таасири: (жер бети тарабынан жутула албастан артка чагылган күн нуру)
- Эгер күчтүүрөөк болгондо: ылдам муз доору башталмак.
- Эгер алсызыраак болгондо: күкүрттүн таасири ашыкча ысыкка себеп болуп, жер алгач айсбергдердин ээриши натыйжасында суу астында калмак, андан соң күйүп калмак.
Атмосферадагы кычкылтек менен азоттун катышы:

- Эгер көбүрөөк болгондо: жашоо функцияларын ылдамдатуучу тескери таасир болмок.
- Эгер азыраак болгондо: жашоо функцияларын жайлатуучу тескери таасир болмок.
Атмосферадагы көмүр кычкыл газы жана суунун деңгээли:
- Эгер көбүрөөк болгондо: атмосфера абдан бат ысымак.
- Эгер азыраак болгондо: атмосферанын температурасы төмөндөмөк.
Озон катмарынын калыңдыгы: - Эгер көбүрөөк болгондо: жер бетинин температурасы абдан төмөндөмөк.
- Эгер азыраак болгондо: жер жүзү ашыкча ысып, күндөн келген зыяндуу ультра-кырмызы нурларга карата бир коргоо калбай калмак.
Жер титирөө кыймылдары:
- Эгер көбүрөөк болгондо: жандуулар үчүн тынымсыз бир кыйроо болмок.
- Эгер азыраак болгондо: океандын түбүндөгү азыктар сууга аралашмак эмес, океан жана деңиздеги жашоо, натыйжада бүт дүйнө жандыктарына тескери таасир болмок.
Жердин огунун кыйшайган абалы:
Жердин огу орбитасына 23 даражалык бир бурч менен кыйшайып турат. Жыл мезгилдери ушул кыйшайуунун урматында пайда болот. Бул кыйшайуу учурдагы маанисинен көбүрөөк же азыраак болгондо, жыл мезгилдери арасындагы температура айырмасы жогорку даражаларга жетип, жер бетинде жан чыдагыс ысык жаз-жайлар жана ашыкча суук кыштар болмок.
Күндүк чоңдугу:
Күндүн ордунда кичирээк бир жылдыздын болушу жердин ашыкча суушуна, чоң бир жылдыздын болушу болсо жердин ысыктын күйүп-куурулушуна себеп болмок.
Ай менен жердин арасындагы тартылуу таасири:
- Эгер көбүрөөк болгондо: айдын күчтүү тартылуу күчүнүн атмосфера шарттары, жердин өз огундагы айлануу ылдамдыгы жана океандардагы суунун жээкке көтөрүлүп-төмөндөөлөрүнө (прилив) болгон катуу таасирлери болмок.
- Эгер азыраак болгондо: күчтүү климат өзгөрүүлөрүнө себеп болмок.
Ай менен жердин арасындагы аралык:
- Эгер дагы бираз жакыныраак болгондо, ай жерди сүзмөк.
- Эгер алысыраак болгондо, ай космосто жоголуп кетмек.
- Эгер жакыныраак болгондо, айдын жерге таасир берип, себеп болгон суунун көтөрүлүп-төмөндөөлөрү кооптуу деңгээлдерге жетмек. Океандын толкундары материктердин төмөн жерлерин каптамак. Натыйжада пайда болгон сүрүлүү океандардын температурасын жогорулатып, жерде жашоо үчүн керектүү болгон аяр температура тең салмактуулугун жок кылмак.
- Эгер бираз алыста болгондо, океандын көтөрүлүп-төмөндөө кубулуштары азаймак жана бул болсо океандардын кыймылынын азайышына себеп болмок. Кыймылы аз суу океандагы жашоого кооптуулук жаратмак, ошол эле учурда дем алган абабыздагы кычкылтек деңгээлине кооптуулук жаралмак.3 Жердин температурасы жана көмүртек негиздүү жашоо:
Жашоонун негизи болгон көмүртек элементинин болушу белгилүү чектердеги температурадан көз-каранды. Көмүртек – бул аминокислота, нуклеин кислотасы жана протеиндер сыяктуу жашоону түзгөн негизги органикалык молекулалар үчүн керектүү бир зат. Ошондуктан жашоо бир гана көмүртек негиздүү боло алат жана бул үчүн болсо температура эң аз -20 0C, эң көп +120 0C болушу керек. Жердин температурасы дал ушундай аралыктарда.
Бул жерде саналгандар жерде жашоонун пайда болушу жана жандуулуктун уланышы үчүн керектүү, абдан кылдат тең салмактуулуктардын бир канчасы гана. Бир гана бул жерде саналгандар эле ааламдын жана жердин кокустуктар натыйжасында, кокустук окуялардын биринин артынан экинчисинин болушу натыйжасында пайда боло албашын дапдаана көрсөтүү үчүн жетиштүү. 20- кылымда колдонулуп баштаган «кылдат бир жөнгө салуу», «адамдык принцип» түшүнүктөрү Куранда кылымдар мурда билдирилген «төп келүүчүлүк жана өлчөө менен жаратылууну» тастыктап жатат.
Эскертүүлөр
- Paul Davies, Superforce: The Search for a Grand Unified Theory of Nature, 1984, s. 184. ↩
- Michael Denton, Nature's Destiny, The Free Press, New York, 1998, ss. 12-13. ↩
- http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/01-ma10.htm#Ele… Forces ↩
- Carl Sagan, Cosmos, Wings Books, ABD, 1980, ss. 5-7.
- K. Giberson, "The Anthropic Principle", Journal of Interdisciplinary Studies, c. 9, 1997, ss. 63-90, Steven Yates'den cevap, ss. 91-104.
- F. Bertola, U. Curi, The Anthropic Principle: Laws and Environments, Cambridge University Press, 1993, s. 30.
- Stephen Hawking, A Brief History Of Time, Bantam Press, London, 1988, ss. 121-125.
- Michael Denton, Nature's Destiny, The Free Press, New York, 1998, ss. 12-13.


