Мүлк Сүрөсү, 3-4

Ааламдагы кемчиликсиз тең салмактуулук

Ааламдагы миллиарддаган жылдыз жана галактика кемчиликсиз бир тең салмактуулук ичинде алар үчүн аныкталып коюлган орбиталарында кыймылдашат.

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Эскертүү: бул сүрөт ааламдын түзүлүшүн көрсөтпөйт. Ал жөн гана символдук мааниге ээ жана ааламдагы миллиарддаган галактикалардын ар бири жана алардагы планеталар жашоо болушу үчүн кандай назик тең салмактуулук менен жаратылганын билдирет.

ٱلَّذِى خَلَقَ سَبْعَ سَمَٰوَٰتٍۢ طِبَاقًۭا ۖ مَّا تَرَىٰ فِى خَلْقِ ٱلرَّحْمَٰنِ مِن تَفَٰوُتٍۢ ۖ فَٱرْجِعِ ٱلْبَصَرَ هَلْ تَرَىٰ مِن فُطُورٍۢ ۝٣ ثُمَّ ٱرْجِعِ ٱلْبَصَرَ كَرَّتَيْنِ يَنقَلِبْ إِلَيْكَ ٱلْبَصَرُ خَاسِئًۭا وَهُوَ حَسِيرٌۭ ۝٤

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат.
Мүлк Сүрөсү, 3-4

Ааламдагы миллиарддаган жылдыз жана галактика кемчиликсиз бир тең салмактуулук ичинде алар үчүн аныкталып коюлган орбиталарында кыймылдашат. Жылдыздар, планеталар жана спутниктер бир тараптан өз окторунда, экинчи тараптан болсо өздөрү тиешелүү болгон системалар менен бирге айланышууда. Ал тургай, кээде ичинде 200-300 миллиард жыздызы бар галактикалар бири-биринин ичинен өтүп кетишет. Мындай өтүү учурунда ааламдагы улуу тең салмактуулукту буза турган эч бир сүзүшүү болбойт.

Ааламдагы кемчиликсиз тең салмактуулук

Ааламдагы ылдамдык түшүнүгү дүйнө чоңдуктары менен салыштырганда абдан ири чоңдуктарда. Миллиарддаган, триллиондогон тонна оордуктагы жылдыздар, планеталар жана сандык мааниси бир гана математиктер түшүнө алгандай чоңдуктагы галактикалар жана галактика жыйындылары космос ичинде кереметтүү бир ылдамдык менен кыймылдашат.

Мисалы, жер саатына 1670 км ылдамдык менен өз огунун айланасында айланат. Учурда эң ыкчам октун саатына орточо 1800 км ылдамдыкка ээ экенин эске алсак, жердин ушунчалык чоң болгонуна карабастан, ылдамдыгынын канчалык чоң экенин түшүнүүгө болот.

Жердин күндүн айланасындагы ылдамдыгы болсо октун ылдамдыгынан дээрлик 60 эсеге чоң: саатына 108000 км. (Мынчалык чоң ылдамдык менен кыймылдай алчу бир унаа жасала алганда, жерди 22 мүнөттө айланып чыгууга болоор эле.) Бул чоңдуктар бир гана жерге тиешелүү. Күн системасы болсо мындан да кызык. Бул системанын ылдамдыгы логикабыздын чегине сыйбай тургандай чоң. Ааламда системалар чоңойгон сайын ылдамдык өсөт. Күн системасынын галактика борборунун айланасындагы айлануу ылдамдыгы саатына 720000 км. Болжол менен 200 миллиард жылдызды камтыган «Саманчынын жолу галактикасынын» космостогу ылдамдыгы болсо саатына 950000 км.

Албетте, мынчалык татаал жана ыкчам кыймылдаган бир системанын ичинде чоң кырсыктардын болуу ыктымалдуулугу абдан жогору. Бирок мындай болбойт жана биз бейпилдик ичинде өмүр сүрөбүз. Себеби ааламдагы бүт нерселер Аллах койгон кемчиликсиз тең салмактуулукка ылайык иштөөдө. Мына ушул себептен аятта билдирилгендей, бүт бул система ичинде эч бир «карама-каршылык жана төп келбестик» жок.

Аяттарга шилтемелер