Хижр Сүрөсү, 85
Асмандар менен жердин арасындагылардын жаратылуусу
Куранда асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын жаратылуусу жөнүндө көптөгөн аят бар:
Куранда асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын жаратылуусу жөнүндө көптөгөн аят бар:

وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَآ إِلَّا بِٱلْحَقِّ ۗ وَإِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَءَاتِيَةٌۭ ۖ فَٱصْفَحِ ٱلصَّفْحَ ٱلْجَمِيلَ ٨٥
Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды акыйкат менен гана жараттык. Эч шексиз, ал саат жакындап келатат; демек (аларга карата) жакшы мамиле кыл.
لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَمَا تَحْتَ ٱلثَّرَىٰ ٦
Асмандарда, жерде, бул экөөсүнүн арасындагылар жана нымдуу топурактын астындагылардын баары Ага тиешелүү.
وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَآءَ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَٰعِبِينَ ١٦
Биз асманды, жерди жана (ал) экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жаратпадык.
Илимпоздор башында ысык бир газ массасынын чогулганын, андан соң бул массанын бөлүктөргө бөлүнүп, галактикалык заттарды, андан кийин жылдыздарды жана планеталарды пайда кылганын айтышууда. Б.а. жер жана ошондой эле бардык жылдыздар бириккен абалдагы газ массасынан бөлүнгөн бөлүктөр. Бул бөлүктөрдүн кээ бирлери күндөрдү, планеталарды түзүп, натыйжада көптөгөн күн системалары жана галактикалар пайда болгон. Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, аалам «ратк» (бирге, чогуу) абалдан «фатк» болгон (бөлүктөргө бөлүнгөн). Куранда ааламдын пайда болушу илимий түшүндүрмөлөрдү тастыктаган эң ылайыктуу сөздөр менен баяндалууда.
Ар бир бөлүнүү болгон сайын, космосто жаңы пайда болгон негизги планеталардан башка бир канча бөлүкчө сыртта калган. Бул ашыкча бөлүкчөлөрдүн илимий аталышы «жылдыздар арасындагы галактикалык зат». Жылдыздар арасы заттын 60%ы суутек, 38%ы гелий жана 2%ы болсо башка элементтерден турат. Жылдыздар арасы заттын 99%ы газ, 1%ы болсо оор элементтердин 0,0001- 0,001 чоңдуктагы чаңчаларынан турат.
Илимпоздор бул заттарды астрофизикадагы өлчөөлөр жагынан абдан маанилүү дешет. Бул заттар чаң, түтүн же газ деп атоого боло турганчалык жука. Бирок бул заттардын баары эске алынганда, космостогу галактикалардын жыйындысынан чоң бир масса пайда болот. Жылдыздар арасы мындай галактикалык заттардын бар экени алгачкы жолу 1920-жылы аныкталганына карабастан, жогорудагы аяттарда «экөөсүнүн арасындагылар, экөөсү арасындагы нерселер» деп которулган «ма бейнехума» сөзү аркылуу Куранда бул бөлүкчөлөрдүн бар экенине кылымдар мурда көңүл бурулган.
Эскертүүлөр
- Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 53.
- Meyers Lexikon in drei Bänden Bibliographisches Institut & F.A. Brockhaus AG, Mannheim 1995, Digitale Ausgabe LexiRom.


