Бакара Сүрөсү, 255

Алты күндө жаратылуу

Куран менен заманбап илимдин арасындагы төп келүүчүлүктүн бир мисалы – бул ааламдын жашы: космос изилдөөчүлөрү ааламдын жашын 16-17 миллиард жыл деп эсептешти. Куранда болсо бүт ааламдын 6 күндө жаратылганы айтылууда.

3 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

إِنَّ رَبَّكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ فِى سِتَّةِ أَيَّامٍۢ ثُمَّ ٱسْتَوَىٰ عَلَى ٱلْعَرْشِ يُغْشِى ٱلَّيْلَ ٱلنَّهَارَ يَطْلُبُهُۥ حَثِيثًۭا وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ وَٱلنُّجُومَ مُسَخَّرَٰتٍۭ بِأَمْرِهِۦٓ ۗ أَلَا لَهُ ٱلْخَلْقُ وَٱلْأَمْرُ ۗ تَبَارَكَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلْعَٰلَمِينَ ۝٥٤

Чынында силердин Раббиңер алты күндө асмандарды жана жерди жараткан, анан аршка истива кылган Аллах...
Араф Сүрөсү, 54

Куран менен заманбап илимдин арасындагы төп келүүчүлүктүн бир мисалы – бул ааламдын жашы: космос изилдөөчүлөрү ааламдын жашын 16-17 миллиард жыл деп эсептешти. Куранда болсо бүт ааламдын 6 күндө жаратылганы айтылууда. Бир караганда ар башкадай көрүнгөн бул убакыт тилкелери арасында чынында абдан таң калыштуу бир дал келүүчүлүк бар. Чынында ааламдын жашы менен байланыштуу колубуздагы бул эки сандын экөөсү тең туура. Т.а. аалам Куранда билдирилгендей 6 күндө жаратылган жана бул убакыт периоду биздин убакытты кабылдообуз боюнча 16-17 миллиард жылга туура келүүдө.

Алты күндө жаратылуу

1915-жылы Эйнштейн убакыттын салыштырмалуу экенин, чөйрөгө, саякат кылган адамдын ылдамдыгына жана ошол учурдагы гравитациялык күчкө жараша убакыттын өтүү коэффициентинин да өзгөрөөрүн айткан. Убакыттын өтүү коэффициентиндеги мындай айырмачылыктар эске алынганда, Курандын жети аятында билдирилген ааламдын жаратылуу мөөнөтүнүн илимпоздордун божомолдоруна абдан жакын экенин көрөбүз. Куранда билдирилген 6 күндүк убакытты 6 доор (период) деп кабыл алсак да болот. Себеби убакыттын салыштырмалуулугу эске алынганда, «күн» учурдагы шарттарда гана жердеги 24 сааттык бир убакыт периодун түшүндүрүүдө. Бирок ааламдын башка бир жеринде, башка бир убакта жана шартта «күн» бир топ узун убакытты камтыган бир период болот. Бул аяттардагы (Сажда Сүрөсү, 4; Йунус Сүрөсү, 3; Худ Сүрөсү, 7; Фуркан Сүрөсү, 59; Хадид Сүрөсү, 4; Каф Сүрөсү, 38; Араф Сүрөсү, 54) 6 күн (ситтети эййамин) сөзүндөгү «эййамин» сөзү «күндөр» маанисинен тышкары, «доор, период, көз ирмем, мөөнөт» маанилерине да келет.

Ааламдын алгачкы убактарында убакыт учурда биз көнгөн өтүү ылдамдыгынан бир топ эсе ылдам өткөн. Мунун себеби мындай: Биг Бенг учурунда аалам абдан кичинекей бир чекитке батырылган эле. Бул чоң жарылуу учурунан бүгүнкү күнгө чейин ааламдын кеңейиши жана ааламдын көлөмүнүн керилиши ааламдын чектерин миллиарддаган жарык жылы алыстарга жылдырды. Натыйжада Биг Бенгден бүгүнкү күнгө чейин космостун кеңейип жатышы ааламдын саатында абдан маанилүү натыйжаларга себеп болду.

Биг Бенг учурундагы энергия ааламдык сааттын убакыттын өтүү ылдамдыгын миллион жолу миллион (1012) эсе жайлаткан. Аалам жаратылганда, ааламдык убакыттын өтүү коэффициенти, бүгүнкү эсеп менен, миллион жолу миллион эсе чоң эле, т.а. убакыт бат өтүп жаткан эле. Ошондуктан биз жерде миллион жолу миллион мүнөт жашаган убакытта ааламдык саат үчүн болгону бир мүнөт өткөн болот.

6 күндүк убакыт периоду убакыттын салыштырмалуулугу эске алынып эсептелгенде, 6 миллион жолу миллион (триллион) күнгө туура келет. Себеби ааламдык саат жердеги сааттын өтүү ылдамдыгынан миллион жолу миллион эсе ылдам өтүүдө. 6 триллион күн болсо 16,427 миллиард жылга туура келет. Бул сан учурда ааламдын болжолдуу жаш интервалына туура келет.

6 000 000 000 000 күн / 365,25 = 16 427 104 723 жыл Башка тараптан карасак, жаратылуунун 6 күнүнүн ар бири, биздин убакыт кабылдообуз боюнча, бири-биринен айырмалуу убакыттарга туура келет. Мунун себеби – бул убакыттын өтүү коэффициентинин ааламдын кеңейишине жараша барган сайын азайышы. Биг Бенгден бери ааламдын чоңдугу эки эсеге чоңойгон сайын убакыттын өтүү коэффициенти эки эсеге төмөндөп отурган. Аалам чоңойгон сайын ааламдын эки эселенүү ылдамдыгы да барган сайын жайлаган. Мындай кеңейүү чоңдугу Физикалык космологиянын негиздери аттуу окуу китептеринде түшүндүрүлгөн, дүйнөнүн бүт тарабында белгилүү болгон бир чындык. Жаратылуунун ар бир күнүн дүйнөдөгү убакыт менен эсептегенибизде төмөнкүдөй абалды көрөбүз:

* Убакыт башталган учурдан баштап каралганда, жаратылуунун 1-күнү (1-доор) 24 саат болгон. Бирок бул убакыт биздин жердеги убакыт кабылдообуз боюнча 8 миллиард жылга барабар.

* Жаратылуунун 2-күнү (2-доор) 24 саат болгон. Бирок бул биздин кабылдоолорубуз боюнча мурунку күндүк жарымына барабар, т.а. 4 миллиард жыл.

* 3-күн (3-доор) болсо мурдакы күндөн, т.а. 2-күндүн жарымындай болгон. Т.а. 2 миллиард жыл.

* 4-күн (4-доор) 1 миллиард жыл.

* 5-күн (5-доор) 500 миллион жыл.

* жана 6-күн (6-доор) 250 миллион жыл болгон.

* Натыйжада: Жаратылуунун 6 күнү, б.а. 6 доору жердеги убакыт менен эсептелип, кошулганда жалпысы 15 миллиард 750 миллион жыл болот. Бул сан ааламдын жашы боюнча жасалган учурдагы болжолдуу эсептерге абдан жакын.

Бул жыйынтык 21-кылымдын илими аныктаган чындыктар. Илим 1400 жыл мурда Куранда кабар берилген бир чындыкты дагы бир жолу тастыктоодо. Куран менен илим арасындагы мындай төп келүүчүлүк Курандын бүт нерсени билген жана жараткан Аллахтын вахийи экендигинин кереметтүү далилдеринин бири.

Булактар

  1. Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, p. 19

Аяттарга шилтемелер