Инсан Сүрөсү, 30
Тагдыр чындыгы
Калифорния университетинин нейрофизиологу Проф. Бенжамин Либет (Benjamin Libet) 1973- жылы жасаган эксперименттеринин жыйынтыгында биздин тандоолорубуздун алдын-ала аныкталаарын, аң-сезимдин болсо бүт нерсе болуп бүткөн соң жарым…
وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ٣٠
Аллах кааламайынча, силер каалай албайсыңар. Чынында Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман.
Калифорния университетинин нейрофизиологу Проф. Бенжамин Либет (Benjamin Libet) 1973- жылы жасаган эксперименттеринин жыйынтыгында биздин тандоолорубуздун алдын-ала аныкталаарын, аң-сезимдин болсо бүт нерсе болуп бүткөн соң жарым секундадан кийин кабылдаарын аныктаган. Бул абал башка нейрофизиологдор тарабынан да «өтмүштө жашап жатабыз жана аң-сезим бүт нерсе болуп бүткөндөн жарым секундадан кийин көрсөткөн бир «монитор» сыяктуу» деп жоромолдонууда.

Ошондуктан биз кабылдаган жашоо, көз-ирмемдерибиздин эч бири чыныгы, өз убактысында эмес, чыныгы окуялардан жарым секундадай кеч калууда. Бенжамин Либет изилдөөлөрүн мээ операцияларынын наркоз берилбестен, т.а. оорулуунун аң-сезими толугу менен ордунда кезинде жасала алышынан пайдаланып ишке ашырган. Либет эксперимент жасалып жаткандардын мээлерине төмөн электрдик заряддар менен сигнал жиберип, колдоруна тийүү сезимин пайда кылганда, эксперимент жасалып жаткандар бул «тийүүнү» болжол менен жарым секунда мурда сезгенин айтышкан. Бенжамин Либет мындай өлчөөлөрү натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: демейде бардык кабылдоолор мээге жөнөтүлүүдө. Бул жерде аң-сезимдин түпкүрүндө (подсознание) бааланып, жоромолдонуп жатканда, адам (аң-сезим) эч нерседен кабары болбойт. Аң-сезимибизде болгон, т.а. биз байкаган маалыматтар болсо бир топ кечигүүдөн соң кортекске (аң-сезим жайгашкан аймакка) жөнөтүлүүдө.
Бул жыйынтык кыскача мындай мааниге келет: бир булчуңду кыймылдатуу чечими бул чечимди аңдап-байкоодон мурда ишке ашат. Дайыма нейрологиялык же кабылдоо процесси менен биздин ал процессти көрсөткөн ой-пикир, сезим, кабылдоо же кыймыл-аракетти аңдап-кабылдашыбыз арасында бир кечигүү бар. Б.а. биз бир чечим алынган соң гана ал чечимди байкап, кабылдайбыз.
Проф. Бенжамин Либеттин эксперименттеринде мындай кечигүү 350-500 миллисекунда арасында болгон, бирок эң маанилүүсү бул сандардагы айырма эмес. Себеби Либеттин ою боюнча, мындай кечигүү болгон эле болсо, бул чоң же кичинекей болсун, бир саат же бир микросекунда болсун айырмасы жок, биздин заттык дүйнө деп кабылдаган ушул көз ирмемдеги жашообуз дайыма өтмүштө болууда. Бул ар бир ойдун, сезимдин, кабылдоонун же кыймылдын биз али биле электе ишке ашканын көрсөтөт, бул болсо келечектин толугу менен биздин колубузда эмес экенин далилдейт.

Проф. Бенжамин Либет башка кээ бир эксперименттеринде манжаларын каалаганда кыймылдатуу тандоосун эксперимент жасалып жаткандарга калтырган. Манжаларын кыймылдатуу учуру мээлеринен байкоо жасалган адамдардын бул чечимди кабыл алуудан мурда тиешелүү мээ клеткаларынын кыймылга келгени байкалган. Башкача айтканда, адамга «кыл» буйругу келүүдө, кыймылды жасоо үчүн мээ даярданууда; адам болсо 0,5 секундадан кийин гана муну аңдап-байкоодо. Бир кыймылды жасоо чечимин алып, анан жасап жаткан жок, ал үчүн мурдатан аныкталган кыймылдарды жасоодо. Бирок мээ убакытты жөнгө салып, адамдын чынында ушул көз ирмемди өтмүштө башымдан өткөрдүм деген сезимин жок кылууда. Демек, ушул учур дегенде чынында өтмүштө аныкталган бир окуяны жашап жатабыз. Байкалгандай, бул изилдөөлөр Инсан Сүрөсүнүн 30-аятында билдирилгендей, бүт нерсенин Аллахтын каалоосу менен ишке ашаарын тастыктап жатат.
Эскертүүлөр
- Benjamin Libet, "Unconscious cerebral initiative and the role of conscious will in voluntary action", The Behavioral and Brain Sciences, 1985, ss. 529-566.
- http://www.genetikbilimi.com/genbilim/bilincbeyninkuklasi… 50. http://faculty.virginia.edu/consciousness/new_page_8.htm#… 0possibility%20of%20alternative%20action
- http://www.genetikbilimi.com/genbilim/bilincbeyninkuklasi… 50. http://faculty.virginia.edu/consciousness/new_page_8.htm#… 0possibility%20of%20alternative%20action


