Бакара Сүрөсү, 29
Атмосферанын кабаттары
Куран аяттарында аалам жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул асмандын жети кабат болуп жаратылганы:
Куран аяттарында аалам жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул асмандын жети кабат болуп жаратылганы:

هُوَ ٱلَّذِى خَلَقَ لَكُم مَّا فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًۭا ثُمَّ ٱسْتَوَىٰٓ إِلَى ٱلسَّمَآءِ فَسَوَّىٰهُنَّ سَبْعَ سَمَٰوَٰتٍۢ ۚ وَهُوَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ ٢٩
Силер үчүн жердегилердин баарын Ал жаратты. Анан асманды максат кылып аларды жети асман кылып Ал жасады. Жана Ал баарын билүүчү.
ثُمَّ ٱسْتَوَىٰٓ إِلَى ٱلسَّمَآءِ وَهِىَ دُخَانٌۭ فَقَالَ لَهَا وَلِلْأَرْضِ ٱئْتِيَا طَوْعًا أَوْ كَرْهًۭا قَالَتَآ أَتَيْنَا طَآئِعِينَ ١١
Анан түтүн абалындагы асманга кайрылды...
Ушундайча аларды эки күн ичинде жети асман кылып толуктады жана ар бир асманга буйругун вахий кылды... (Фуссилет сүрөсү, 12)
Куранда көп аятта колдонулган асман сөзү бүт ааламды айтуу үчүн колдонулган сыяктуу, жердин асманын айтуу үчүн да колдонулат. Сөздүн бул мааниси эске алынганда, жердин асманынын, б.а. атмосферанын 7 кабаттан тураары айтылууда.
Учурда жердин атмосферасынын үстү-үстүнө тизилген ар башка катмарлардан тураары белгилүү болду.1 Химиялык курамы же аба температурасы өлчөө катары кабыл алынып жасалган аныктамаларда жердин атмосферасы 7 катмар деп белгиленген.2 Учурда дагы эле 48 сааттык аба ырайы божомолдорунда колдонулган жана «Limited Fine Mesh Model» (LFMII) деп аталган атмосфера модели боюнча да атмосфера 7 кабат. Заманбап геологиялык аныктамалар боюнча атмосферанын 7 катмары төмөнкүчө саналат:
1- Тропосфера 2- Стратосфера 3- Мезосфера 4- Термосфера 5- Экзосфера 6- Ионосфера 7- Магнитосфера Бул жөнүндөгү дагы бир керемет болсо Фуссилет Сүрөсүнүн 12-аятындагы «Ар бир асманга буйругун вахий кылды» сүйлөмүндө орун алган. Т.а. аятта Аллахтын ар бир катмарды белгилүү бир кызмат менен милдеттендиргени билдирилүүдө. Кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк карала тургандай, жогоруда саналган катмарлардын ар биринин адамдардын жана жер бетиндеги бардык жаныбарлардын пайдасына абдан маанилүү кызматтары бар. Жамгырлардын пайда болушунан зыяндуу нурлардын тосулушуна, радио толкундардын чагылтылышынан метеориттердин зыянсыз абалга келтирилишине чейин ар бир катмардын өзүнө тиешелүү бир функциясы бар.
Төмөнкү аяттар болсо бизге атмосферанын 7 катмарынын көрүнүшү жөнүндө маалымат берүүдө:
«Аллахтын жети асманды бири-бири менен бир төп келүүчүлүк ичинде жаратканын көрбөй жатасыңарбы?» (Нух сүрөсү, 15)

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан... (Мүлк Сүрөсү, 3)
Бул аяттарда «төп келүүчүлүк» деп которулган Арапча «тибакан» сөзү ошол эле учурда «катмар, бир нерсенин ылайыктуу капкагы жана жапкычы» маанилерине да келет, жана жогорку катмардын ылдыйкы катмарга туура келишине басым жасайт. Сөз көптүк мааниде колдонулганда болсо «кабат кабат» маанисине келет. Аятта сүрөттөлгөн кабат кабат абалындагы асман, албетте, атмосфераны толук сүрөттөгөн бир түшүндүрмө.
20-кылымдын технологиясы болмоюнча, эч аныктоого мүмкүн болбогон мындай маалыматтардын 1400 жыл мурда түшүрүлгөн Курани Керимде апачык билдирилиши болсо албетте абдан улуу бир керемет.
Эскертүүлөр
- http://royal.okanagan.bc.ca/mpidwirn/atmosphereandclimate…; Michael Pidwirny, Atmospheric Layers, 1996. ↩
- http://www.tpub.com/weather3/4-27.htm ↩


