Энам Сүрөсү, 95
Атом энергиясы жана ядролук бөлүнүү (fission)
Энъам Сүрөсүнүн 95-аятында «данек» (элхабби) жана «урук» (эннева) сөздөрү менен атомдун жарылышы, бөлүнүшү менен байланыштуу бир абалга ишарат кылынган болушу мүмкүн.
۞ إِنَّ ٱللَّهَ فَالِقُ ٱلْحَبِّ وَٱلنَّوَىٰ ۖ يُخْرِجُ ٱلْحَىَّ مِنَ ٱلْمَيِّتِ وَمُخْرِجُ ٱلْمَيِّتِ مِنَ ٱلْحَىِّ ۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ ٩٥
Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүүдөн чыгарат, өлүүнү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр?
Энъам Сүрөсүнүн 95-аятында «данек» (элхабби) жана «урук» (эннева) сөздөрү менен атомдун жарылышы, бөлүнүшү менен байланыштуу бир абалга ишарат кылынган болушу мүмкүн. «Эннева» сөзүнүн сөздүктөгү маанилери арасында урук, борбор, ядро бар. Ошондой эле, аятта сүрөттөлгөн тирүүнүн өлүктөн чыгарылышын «өлүк болгон энергиядан Аллахтын затты жаратышы» катары жоромолдоого болот. Өлүктүн тирүүдөн чыгышы болсо заттын (материянын) атому кыймылдуу болгондуктан (тирүү), заттан энергиянын (өлүк) чыгышы болушу ыктымал. (Эң туурасын Аллах билет.) Себеби тирүү деп которулган «элхаййе» жандуу маанисинен тышкары активдүү, энергиялуу маанилерине да келет. Өлүк деп которулган «элмеййити» сөзү болсо жансыз маанисин берүү менен бирге энергияны айтып жаткан болушу ыктымал.

Энергияга илимпоздор тарабынан жумуш жасоо кубаттуулугу деп аныктама берилүүдө. Зат болсо жер бетиндеги жана ааламдын ичиндеги нерселерди түзгөн материал жана электрондук микроскоп менен көрүүгө мүмкүн болгон кыймыл абалындагы атом жана молекулалардан турат. Альберт Эйнштейн 20-кылымдын башында энергия жана заттын атом деңгээлинде бири-бири менен байланышта экенин айтып, затты энергияга айлантууга болоорун айткан. Бул жогоруда сүрөттөлгөн тирүүдөн өлүктүн чыгышы, т.а. атом деңгээлинде кыймылдуу заттан энергиянын алынышы болушу ыктымал. Ошондой эле, «чыгарат» деп которулган «йухрижу» сөзү сыртка чыгаруу, чачуу, сыртты көздөй чыгаруу, жайуу (мисалы электрдик толкундарды) маанилерине келет. Ошондуктан аяттагы сөздөр атомдон алынган энергия ыкмасын сүрөттөп жатышы мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)
Белгилүү болгондой, учурда атомдун ядросун жарып бөлүктөргө бөлүүгө болот. Эйнштейндин теорияларына таянган илимпоздор 1940-жылдары ядролук бөлүнүү жолу менен заттан энергия ала алышкан. Атомдордун бөлүнүшү же жарылышы менен ишке ашкан бул процесс «ядролук бөлүнүү» (fission) деп аталат. Энъам Сүрөсүнүн 95-аятында «фалику» сөзү менен айтылган «жаруу» этиши болсо «бөлүнүү» сөзүнүн сөздүк мааниси болгон (атом ядросун) жарып майдалоо процессин сүрөттөп жатышы мүмкүн. Бул процесс ишке ашырылганда кереметтүү көп өлчөмдө энергия сыртка чыгат.
Энъам Сүрөсүнүн 95-аятындагы сөздөр маанилери жагынан абдан терең мааниге ээ. Бул аятта сүрөттөлгөн кубулуштар атом энергиясын алуу жолу болгон атомдун ядросун майдалоо процессине абдан окшошот. Ошондуктан бул аятта 20-кылымдын технологиясы менен мүмкүн болгон ядролук бөлүнүү ыкмасына ишарат кылынып жатышы ыктымал. (Эң туурасын Аллах билет.)
Булактар
- "Energy and Matter," Fundamentals of Physical Geography ; www.physicalgeography.net/fundamentals/6a .html


