Ясин Сүрөсү, 36
Жаратылыштагы жуптар
Эркектик-ургаачылык «жуп» түшүнүгүн түшүндүрөт, бирок аяттагы «билбеген канча нерселерден» сүйлөмүнүн мааниси терең. Бүгүнкү күндө аят ишарат кылган маанилердин бирин көрүүдөбүз.
سُبْحَٰنَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلْأَزْوَٰجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنۢبِتُ ٱلْأَرْضُ وَمِنْ أَنفُسِهِمْ وَمِمَّا لَا يَعْلَمُونَ ٣٦
Жерден өсүп жаткандардан, алардын напсилеринен (алардын өзүнөн) жана али билбеген канчалаган нерселерден бардык жуптарды жараткан (Аллах абдан) Улуу.
Эркектик-ургаачылык «жуп» түшүнүгүн түшүндүрөт, бирок аяттагы «билбеген канча нерселерден» сүйлөмүнүн мааниси терең. Бүгүнкү күндө аят ишарат кылган маанилердин бирин көрүүдөбүз. Заттын жуптар абалында жаратылганын аныктаган англиялык илимпоз Поль Дирак (Paul Dirac) 1933-жылы Физика боюнча Нобель сыйлыгын алган. «Parité» деп аталган бул ачылыш заттын анти-зат деп аталган бир жубунун бар экенин аныктаган. Анти-зат затка тескери өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, затка тескери болгон анти-заттын электрондору плюс, протондору болсо минус заряддуу. Бул чындык илимий бир булакта мындайча орун алган:

... Ар бир бөлүкчөнүн тескери заряддуу бир анти-бөлүкчөсү бар. Кайдыгерлик (тең салмактуулук) байланышы бизге бул жуптардын бар болушу жана жок болушунун бүт жерде жана дайыма бир убакта ишке ашканын көрсөтүүдө.
Жаратылыштагы жуптардын дагы бир мисалы – бул өсүмдүктөр. Ботаниктер өсүмдүктөрдө жыныстык айырма бар экенин 100 жыл мурун гана аныктай алышты. Бирок Куранда өсүмдүктөрдүн жуптар абалында жаратылганы 1400 жыл мурда төмөнкү аяттар менен апачык билдирилген:
خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيْرِ عَمَدٍۢ تَرَوْنَهَا ۖ وَأَلْقَىٰ فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِكُمْ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٍۢ ۚ وَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍۢ كَرِيمٍ ١٠
Ал асмандарды түркүксүз жараткан, муну көрүп турасыңар. Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду кылды жана ал жерде ар бир жандыкты көбөйтүп жайды. Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк өстүрдүк.
ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلْأَرْضَ مَهْدًۭا وَسَلَكَ لَكُمْ فِيهَا سُبُلًۭا وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَخْرَجْنَا بِهِۦٓ أَزْوَٰجًۭا مِّن نَّبَاتٍۢ شَتَّىٰ ٥٣
(Раббим) жер бетин силер үчүн бир бешик кылды, анда силер үчүн жолдор төшөдү жана асмандан суу түшүрдү; муну менен ар түрдүү өсүмдүктөн жуптарды чыгардык.
Ошол сыяктуу мөмөлөр да ургаачы жана эркек болуп эки башка түзүлүшкө ээ. Куранда бул маалымат Рад Сүрөсүнүн 3-аятында айтылууда:
وَهُوَ ٱلَّذِى مَدَّ ٱلْأَرْضَ وَجَعَلَ فِيهَا رَوَٰسِىَ وَأَنْهَٰرًۭا ۖ وَمِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ جَعَلَ فِيهَا زَوْجَيْنِ ٱثْنَيْنِ ۖ يُغْشِى ٱلَّيْلَ ٱلنَّهَارَ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ ٣
Ал жерди жайды, ал жерде туруктуу тоолор жана дарыяларды жаратты, ал жерде ар түрдүү мөмөдөн эки жуп (эркек-ургаачы) жаратты. Түндү күндүздүн үстүнө оройт. Албетте, мында ой жүгүрткөн бир коом үчүн аяттар бар.
Аятта «жуп» деп которулган «зевжейни» сөзү Арап тилинде «түгөй» маанисинде колдонулган «зевж» сөзүнөн келип чыгат. Белгилүү болгондой, жетилген өсүмдүктөрдүн түшүмдөрүнүн акыркы абалы – бул мөмөлөрү. Мөмөдөн мурунку баскыч болсо – бул гүл. Гүлдөрдүн болсо эркектик жана ургаачылык органдары бар. Гүлгө чаңча ташылып, төлдөтүү ишке ашканда (эркек менен ургаачы көбөйүү клеткалары кошулганда), мөмө байлап баштайт. Убакыттын өтүшү менен мөмө жетилет жана урук төгүп баштайт. Бул чындык, т.а. мөмөлөрдө ар башка жыныстарга тиешелүү өзгөчөлүктөр бар экени, Куранда ишарат кылынган дагы бир илимий чындык.
Эскертүүлөр
- http://www.2think.org/nothingness.shtml; Nothingness: The Science of Empty Space, Henning Genz, s. 205.


