Рад Сүрөсү, 8
Менструация убагы
Менструация убагы – бул уруктанбаган жумуртка денеден чыгарылган период. Уруктануу ишке ашпагандыктан, мурда даярданган жатын кабы керилип, капиллярлардын үзүлүшү натыйжасында жумуртка сыртка чыгарылат.
Менструация убагы – бул уруктанбаган жумуртка денеден чыгарылган период. Уруктануу ишке ашпагандыктан, мурда даярданган жатын кабы керилип, капиллярлардын үзүлүшү натыйжасында жумуртка сыртка чыгарылат. Бул периоддон соң дене бардык бул процесстерди кайрадан жасоо үчүн даярданып баштайт.
Бул баскычтардын баары белгилүү бир период бою бардык аялдарда тынымсыз кайталанат. Ай сайын жаңы жумуртка клеткалары пайда болот. Бир эле гормондор бирдей периоддордо кайра кайра чыгарылат, аялдын денеси уруктануу болчудай болуп даярданат. Бирок акыркы баскычта сперманын болушуна же болбошуна жараша денедеги даярдыктардын багыты өзгөрөт.
Бул периоддо аялдын жатын боштугунда кандай өзгөрүүлөр болоорун аныктоо болсо бир анатомист же гинеколог жасаган изилдөөлөр менен гана мүмкүн болот. Илимпоздор жакында гана ачкан мындай өзгөрүүлөргө кереметтүү абалда Рад Сүрөсүнүн 8-аятында көңүл бурулган:
ٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَحْمِلُ كُلُّ أُنثَىٰ وَمَا تَغِيضُ ٱلْأَرْحَامُ وَمَا تَزْدَادُ ۖ وَكُلُّ شَىْءٍ عِندَهُۥ بِمِقْدَارٍ ٨
Аллах ар бир ургаачынын эмнеге кош бойлуу экенин жана жатындарынын эмнени кемитип, эмнени кошконун билет. Анын Кабатында бүт нерсе бир өлчөө-эсеп менен.
Менструация убагынын башталышында жатын кабындагы эндометрия катмары 0,5 мм калыңдыкта. Энелик клеткалар тарабынан чыгарылган гормондордун таасири менен бул катмар чоңойот жана 5-6 мм калыңдыкка жетет. Уруктануу болбогондо болсо катмар талкаланат. Жогорудагы аятта көрүлгөндөй, жатын кабында ай сайын кайталануучу мындай көбөйүү жана азайууларга да Куранда көңүл бурулган.


