Немл Сүрөсү, 33

Саба калкы жана Арим сели

Саба калкы Түштүк Арабистанда жашап өткөн төрт чоң цивилизациянын бири. Саба коомун баяндаган тарыхый булактар бул коомдун Финикиялыктар сыяктуу соода иштери менен көп алектенген бир мамлекет экенин айтышат.

5 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Саба калкы Түштүк Арабистанда жашап өткөн төрт чоң цивилизациянын бири. Саба коомун баяндаган тарыхый булактар бул коомдун Финикиялыктар сыяктуу соода иштери менен көп алектенген бир мамлекет экенин айтышат. Сабалыктар тарыхта маданий бир коом катары белгилүү. Саба өкүмдарларынын жазууларында «оңдоо», «арноо», «куруу» сыяктуу сөздөр көп кездешет. Бул коомдун эң маанилүү эмгектеринин бири болгон Мариб дамбасы болсо алар жеткен технология деңгээлинин маанилүү көрсөткүчтөрүнөн.

Саба калкы жана Арим сели

Саба мамлекети аймактын эң күчтүү аскер күчтөрүнүн бирине ээ эле. Аскердик күчү урматында империалисттик бир саясат жүргүзө алчу. Өнүккөн маданияты жана аскердик күчү менен Саба мамлекети өз учурунда толугу менен ошол аймактын бир «супер күчү» эле. Саба мамлекетинин мындай күчтүү аскердик күчү жөнүндө Куранда да айтылат. Саба ордосунун башчыларынын Куранда орун алган бир сөзү бул ордонун өзүнө канчалык ишенгенин көрсөтөт. Башчылар (командирлер) Сабанын аял башкаруучусуна (Маликасына) мындай дешет:

قَالُوا۟ نَحْنُ أُو۟لُوا۟ قُوَّةٍۢ وَأُو۟لُوا۟ بَأْسٍۢ شَدِيدٍۢ وَٱلْأَمْرُ إِلَيْكِ فَٱنظُرِى مَاذَا تَأْمُرِينَ ۝٣٣

... «Биз кубаттуубуз жана күчтүү аскерлербиз. Иштин бүтүмү сенин колуңда, эми сен карап көр, эмне буйрук кылсаң (биз аткарабыз).
Немл Сүрөсү, 33

Саба калкы ал доорго салыштырганда абдан алдыңкы бир технология менен курган Мариб дамбасы менен чоң бир сугат мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бул ыкма менен алган көп түшүмдүү жерлери жана соода жолдорун башкарышы аларга бай жана бардар бир жашоо тартуулаган. Бирок бүт бул жакшылыктар үчүн Ага шүгүр кылышы керек болгон Аллахтан –Куранда билдирилиши боюнча- «жүз бурушкан». Болгондо да аларга жасалган эскертүүлөргө да кулак салышпады. Мындай жаман ахлагы себебинен Аллах Кабатынан бир азапка ылайыктуу болушту жана дамбалары кыйрады; «Арим сели» бардык жерлерин жер менен жексен кылды.

Саба мамлекетинин борбору – жайгашкан аймактын артыкчылыгы себебинен абдан байыган Мариб эле. Борбор аймактагы Адхана дарыясына абдан жакын болгон. Бул дарыя Жебел Балакка кирген жер дамба курууга абдан ыңгайлуу эле; мындан пайдаланган Сабалыктар али цивилизацияларын куруп жатканда эле бул жерге бир дамба курушкан жана сугаруу ишин жасап башташкан. Бул дамба урматында жогорку жашоо деңгээлине жетишкен. Борбор Мариб ал доордун эң өнүккөн шаарларынын бири эле. Аймакты кыдырган жана бул өлкөнү абдан мактаган грек жазуучусу Плини (Pliny) бул жердин канчалык жашыл бир аймак экенин айткан.

Марибдеги бул дамбанын бийиктиги 16 метр, туурасы 60 метр жана узундугу болсо 620 метр болгон. Эсептөөлөр боюнча дамба аркылуу сугарыла алган жалпы аянт 9600 гектар эле, мунун 5300 гектары түштүк, калганы болсо түндүк өрөөнгө тиешелүү эле. Бул эки өрөөн Саба жазууларында кээде «Мариб жана эки өрөөн» деп эскерилчү. Курандагы «оңдон жана солдон эки бакча» сөзүнүн бул эки өрөөндөгү көз жоосун алган бак жана бакчаларга ишарат кылып жатышы толук ыктымал. Бул дамба жана сугат жабдыктары урматында аймак Йемендин эң жакшы сугарылган жана эң өндүрүмдүү аймагы катары атактуу болгон. Француз Ж. Галеви (J. Holevy) жана австралиялык Глазер (Glaser) Мариб тармагынын абдан байыркы доорлордон бери бар болгонун жазылуу далилдер менен далилдешти. Химер диалекти менен жазылган жазууларда бул дамбанын өлкө жерлерин өндүрүмдүү кылганы жазылган эле.

Б.з. 542-жылы бузулган дамба Куранда айтылган «Арим селине» жол ачкан жана чоң кыйроого себеп болгон. Саба калкы жүздөгөн жылдар бою өстүрүп келген бактары, бакчалары жана эгин талаалары толугу менен жок болгон. Дамба бузулган соң Саба коомунун да бат артка кеткени байкалган; дамбанын бузулушу менен башталган бул процесстин натыйжасында Саба мамлекети да жок болгон.

Жогоруда айтылган тарыхый чындыктарга таянып Куран аяттарын анализ кылганыбызда абдан даана бир дал келүү бар экенин көрөбүз. Археологиялык табылгалар жана тарыхый чындыктар Куранда айтылгандарга ишарат кылууда. Аятта кабар берилгендей, аларга жөнөтүлгөн пайгамбарлардын эскертүүлөрүнө кулак салбаган жана Раббибиздин жакшылыктарын «көрбөгөн» калк акыр аягында бир сел балээси менен жазаландырылышкан. Куранда Саба мамлекетине жөнөтүлгөн сел балээси мындайча сүрөттөлөт:

لَقَدْ كَانَ لِسَبَإٍۢ فِى مَسْكَنِهِمْ ءَايَةٌۭ ۖ جَنَّتَانِ عَن يَمِينٍۢ وَشِمَالٍۢ ۖ كُلُوا۟ مِن رِّزْقِ رَبِّكُمْ وَٱشْكُرُوا۟ لَهُۥ ۚ بَلْدَةٌۭ طَيِّبَةٌۭ وَرَبٌّ غَفُورٌۭ ۝١٥ فَأَعْرَضُوا۟ فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ سَيْلَ ٱلْعَرِمِ وَبَدَّلْنَٰهُم بِجَنَّتَيْهِمْ جَنَّتَيْنِ ذَوَاتَىْ أُكُلٍ خَمْطٍۢ وَأَثْلٍۢ وَشَىْءٍۢ مِّن سِدْرٍۢ قَلِيلٍۢ ۝١٦ ذَٰلِكَ جَزَيْنَٰهُم بِمَا كَفَرُوا۟ ۖ وَهَلْ نُجَٰزِىٓ إِلَّا ٱلْكَفُورَ ۝١٧

Ант болсун, Саба (калкы) жашаган жерлерде да бир аят бар. (Үйлөрү) Оңдон жана солдон эки бакчалуу эле. (Аларга мындай деген элек:) «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла. Сонун бир шаар жана кечиримдүү бир Рабб(иңер бар).» Бирок алар жүз бурушту, ошентип Биз да аларга Арим селин жөнөттүк. Жана алардын эки бакчасын мөмөсү ачуу, бадалдуу жана бираз тикенектүү дарагы бар эки бакчага айланттык. Ошентип нашүгүрдүк кылганы үчүн аларды жазаландырдык. Биз (немат-жакшылыкка) нашүгүрдүк кылгандан башкасын жазаламак белек.
Себе Сүрөсү, 15-17

Куранда Саба коомуна жөнөтүлгөн азаптан «Сейл-үл Арим», б.а. «Арим сели» деп сөз кылынууда. Курандагы бул сөз ошол эле учурда бул селдин пайда болуу формасын да көрсөтүүдө. Себеби «Арим» сөзүнүн мааниси дамба же дубал (тосмо). «Сейл-үл Арим» сөзү болсо тосмонун жыгылышы натыйжасында пайда болгон бир селди түшүндүрөт. Бул жөнүндө Ислам жоромолчулары да Куранда Арим селине байланыштуу колдонулган терминдерге таянып, буга туура келген жерди жана убакытты аныкташкан. Мевдуди тафсиринде мындай деп жазат:

Саба калкы жана Арим сели

Тексттеги (Сейл-үл Арим) сөзүндө колдонулгандай, «арим» сөзү «дамба, тосмо» маанисине келген жана Түштүк арап тилинде колдонулган «аримен» сөзүнөн келип чыккан. Йеменде жасалган казууларда табылган калдыктарда бул сөз көп жолу ушул мааниде колдонулган. Мисалы, Йемендин Эфиопиялык өкүмдары Абраха чоң Мариб дубалын оңдогон соң жаздырган б.з. 542- жана 543- жылкы бир эпитафиясында бул сөз кайра эле дамба (дубал) маанисинде колдонулган. Демек Сейл-үл Арим «бир дубал жыгылганда пайда болгон сел кырсыгы» маанисине келет. «... Жана алардын эки бакчасын мөмөсү ачуу, бадалдуу жана бираз тикенектүү дарагы бар эки бакчага айланттык»

(Саба Сүрөсү, 16). Б.а. дубал (дамба) жыгылган соң пайда болгон сел натыйжасында бүт өлкө кыйрады. Сабалыктар тоолордун арасына дубалдарды куруп, казган каналдары кыйрады жана бүт сугаруу системасы бузулду. Мунун натыйжасында мурда бир бакча сыяктуу болгон өлкө жапайы чөптөр өскөн талаага айланды жана кичинекей жапыс дарактардын гиласка (черешняга) окшош жемишинен башка жегенге боло турган эч бир мөмө калган жок.

Мунаралардын бетинде Саба тилинде жазылган жазуулар бар. Ыйык Китеп чындыкты айтты (Und Die Bibel Hat Doch Recht) китебинин автору христиан археолог Вернер Келлер да Арим селинин Курандагыдай ишке ашканын кабыл алып мындай деп жазат:

«Мындай бир дамбанын болушу жана жыгылып шаарды толук кыйратышы Курандагы бакча ээлери жөнүндө берилген мисалдын чындап болуп өткөнүн далилдейт.»

Арим сели менен бирге келген балээден соң аймак чөлгө айланып баштаган жана эгин талааларынын жок болушу менен Саба калкынын эң негизги киреше булагы да колдон чыккан эле. Аллахтын аларды ыйман келтирүүгө жана шүгүр кылууга болгон чакырыгына кулак салбаган калк аягында ушундай бир балээ менен жазаландырылган.

Эскертүүлөр

  1. Mevdudi, Tefhimül Kuran, c. 4, İnsan Yayınları, İstanbul, s. 517.
  2. Werner Keller, Und die Bibel hat doch recht (The Bible as History; a Conformation of the Book of Books), William Morrow, New York, 1956.

Аяттарга шилтемелер