Кехф Сүрөсү, 18
Уйкуда кыймылдоонун мааниси
Бул аятта жүздөгөн жылдар бою уктаган Кехф адамдарынан сөз кылынууда. Ошондой эле, Аллах бул аятта бул адамдардын денелерин оң жана сол тараптарга айлантканын билдирүүдө. Мунун мааниси болсо жакында гана аныкталды.
وَتَحْسَبُهُمْ أَيْقَاظًۭا وَهُمْ رُقُودٌۭ ۚ وَنُقَلِّبُهُمْ ذَاتَ ٱلْيَمِينِ وَذَاتَ ٱلشِّمَالِ ۖ وَكَلْبُهُم بَٰسِطٌۭ ذِرَاعَيْهِ بِٱلْوَصِيدِ ۚ لَوِ ٱطَّلَعْتَ عَلَيْهِمْ لَوَلَّيْتَ مِنْهُمْ فِرَارًۭا وَلَمُلِئْتَ مِنْهُمْ رُعْبًۭا ١٨
Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң, бирок алар (терең уйкуда) уктап жатышат. Биз аларды оң тарапка жана сол тарапка айлантып турдук. Иттери болсо эки колун сунуп жаткан. Аларды көргөнүңдө, алардан артка бурулуп качмаксың, алардан ичиңди коркуу каптамак.
Бул аятта жүздөгөн жылдар бою уктаган Кехф адамдарынан сөз кылынууда. Ошондой эле, Аллах бул аятта бул адамдардын денелерин оң жана сол тараптарга айлантканын билдирүүдө. Мунун мааниси болсо жакында гана аныкталды.
Көп убакыт бою бирдей абалда жаткан адамдар олуттуу ден-соолук проблемаларына кабылышат: кан айлануусунда кыйынчылыктардын пайда болушу, териде жаралардын пайда болушу, жерге тийген тараптарда кандын уюшу сыяктуу...
Көп убакыт бою бир тарабы менен жатканда пайда болгон жаралар «басым жаралары» деп да аталат. Себеби көп убакыт бою бир тарап менен жатканда, дененин бир тарабына болгон тынымсыз басым кан-тамырлардын кысылып жабылышына себеп болушу мүмкүн. Мунун натыйжасында кан аркылуу алып жүрүлгөн кычкылтек жана башка азыктар териге жете албайт жана тери өлүп баштайт. Бул абал денеде жаралардын пайда болушуна себеп болот. Эгер бул жаралар дарыланбаса, теринин катмарлары, май жана булчуң кыртыштары да өлүшү мүмкүн.
Теринин же кыртыштын астында пайда болгон мындай жаралар дарыланбаса же инфекцияга кабылышса, ырбап кетиши мүмкүн, ал тургай өмүрдү коркунучка салышы ыктымал. Ушул себептен териге болгон басымды азайтуу үчүн 15 мүнөттө бир жатуу позициясын өзгөртүү эң туура болот. Өз алдынча кыймылдай албаган мунжу оорулуулар да ушул себептен атайын бир кароого алынышат жана 2 саатта бир башка адамдын жардамы менен кыймылдатып турулат. Жогорудагы аятта ушул кылымда аныкталган бул медициналык маалыматтарга көңүл бурулушу – албетте, Курандын дагы бир керемети.
Эскертүүлөр
- Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 53.
- http://www.geocities.com/abusedelders/page9.html


