Кехф Сүрөсү, 11
Уктап жатканда кулактардын активдүү болушу
Бул аяттагы «кулактарына урдук» сөзүнүн Арапчасы «дарабе» этиши. Арап тилинде бул этиш өтмө мааниде «аларды уктаттык» маанисине келет.
فَضَرَبْنَا عَلَىٰٓ ءَاذَانِهِمْ فِى ٱلْكَهْفِ سِنِينَ عَدَدًۭا ١١
Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик).
Бул аяттагы «кулактарына урдук» сөзүнүн Арапчасы «дарабе» этиши. Арап тилинде бул этиш өтмө мааниде «аларды уктаттык» маанисине келет. Ошондой эле, «дарабе» сөзү кулак менен бирге колдонулганда, «кулактын угушуна тоскоол болуу» маанисине да келет. Аятта уйку жөнүндө бир гана угуу сезимине көңүл бурулушу болсо негизи абдан маанилүү бир маалыматты камтууда.


Илимпоздордун аныктоолору боюнча адам уктап жатканда активдүү абалда болгон жалгыз орган – бул кулак. Ойгонуу үчүн сааттын коңгуроосуна муктаж болгонубуздун себеби да ушул. Аллах Кехф адамдары жөнүндө колдонгон «кулактарына урдук» сөзүнүн мааниси болсо бул жаштардын угуу сезимдеринин жабылганына жана ушул себептен узак жылдар бою ойгонбостон уктаганына ишарат болушу ыктымал.
(Эң туурасын Аллах билет.)
Булактар
- Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur’an , 108.


